Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Тынчтык болбосо кайдагы майрам...


Бишкектеги Нооруз майрамы. 2014-жыл
Бишкектеги Нооруз майрамы. 2014-жыл

"Ак мөңгүлүү аска- зоолор, талаалар,

Элибиздин жаны менен барабар.

Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп

Сактап келди биздин ата-бабалар."

Бул Кыргыз Республикасынын гимни.

Мен да ошол ата-бабаларыбыз сактап келген жерибизде төрөлүп, өсүп, окуп жаткан окуучумун. Ак мөңгүлүү аска- зоолор да, миң бир түрдүү эгиндер өскөн талаалар да, элибиздин жаны менен барабар. Анткени кыргыз эли сүйүктүү мекенин кашык каны калганча тышкы душмандардан коргоп бизге табияты кооз жерлерди, дүйнөдө теңдешсиз баалуу маданиятты мурас кылып калтырды. Мен ошол ата-бабаларыбыздын мурастарын көздүн карегиндей сактап, кийинки муундарга аздектеп өткөрүп берилишин каалайт элем.

Кыргыз эли эгемендик алганга чейин баштарынан не деген окуяларды өткөрүшпөдү. Акыры элибиз азаттыкка ээ болуп, башка мамлекеттер менен тең ата сүйлөшө ала турган болду. Бирок, бул эгемендүүлүк жөн гана келе койгон жок. Анын артында тарыхтын тар жол, тайгак кечүүлөрүн басып өткөн элибиздин азаттыкты туу туткан азамат уулдарынын аракеттери жаткандыгын унутпашыбыз зарыл. Тилекке каршы, эгемендүүлүккө жеткенден кийин да бир топ өкүнүчтүү окуялар болуп өттү. Алар көп сандаган нааразычылык жыйындар, жүрүштөр, жол тосуулар жана башкалар. Эсимде мындан беш жыл илгери биринчи класста окуган инимдин көптөн күткөн алиппе майрамы жаз айларында өткөрүлмөк эле. Бул майрамды күн санап күтүшкөн классташтары менен күндө майрамдык кечеге даярданып барышып, бирок, аянттагы митингдерден улам кайра маанайлары чөгүп кайтып келишет. Бул көрүнүш бир нече ирет кайталанып, байкуш балдардын эсинде сакталып калды. Ошондо алар өлкөдө тынчтык болбосо, эч кандай майрам болбостугун биринчи классты толук бүтпөй жатып эле түшүнүштү окшойт.

Андан бери бир топ убакыт өттү. Кандай кыйынчылыктар болбосун элибиздин күжүрмөн аракети менен өлкөбүз өнүгүү жолуна түштү. Ата бабаларыбыз кастарлап сактап келген мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоонун зарылдыгын азыркы мезгилде дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам даана сезе баштадык. Саясаттагы ар кандай терс көрүнүштөрдөн акырындап арылып, өлкөбүздүн экономикалык бакыбаттуулугун чыңдоого көңүл бурулууда. Президентибиз А. Атамбаевдин аракети менен «Датка-Кемин» электр чордону бүткөрүлүп өлкөбүз энергетикалык көз каранды эместикке жетишти. Кыргызстандын бүт аймактарын бириктирүүчү Балыкчы-Жалал-Абад жолу курулууда. Нарын дарыясына дагы бир нече ГЭСтерди куруу болжолдонууда. Келечекте кыргыз-кытай темир жолу курулуп калса, өлкөбүздүн башка өлкөлөр менен байланыштары дагы күчөйт.

Бүгүн Кыргызстанбыздын желеги Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында желбиреп турат. Кыргыз эли өзүнүн маданий мурастары менен дүйнөгө таанылды. Урпактардан урпактарга, муундардан муунга өтүп келген улуу мурасыбыз «Манас» эпосу, үч миң жылдык тарыхы бар ордолуу Ош шаарында орун алган Сулайман –Тоо ЮНЕСКОнун баалуулуктарынын катарына кирди. Спорт жагынан да акыркы учурларда дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багындырган учурлар бир топ. Мен муну менен чексиз сыймыктанам.

Бирок, өлкөбүздө чечилбеген социалдык маселелер арбын. Булар: жумушсуздук жана жакырчылык. Анын айынан өлкөбүздү алдыга сүрөй турган жаштарыбыз бөтөн жерлерде иштеп жүрүшөт. Алардын көпчүлүгү бөбөктөрүн, окуучу балдарын ата-энелерине же туугандарына айласыздан ташташып турмуш кечиришүүдө. Айыпсыз жаш балдар ата-эне мээримине ээ болгулары келишет. Келечекте бизде ири ишканалар, завод-фабрикалар ачылса, алардын баары өз үй-бүлөлөрү менен чогуу өлкөбүздө эмгектенишмек. Жакырчылыкка алып келген дагы бир өкүнүчтүү көрүнүш бул - ысырапчылык. Аш- той, өлүм-житим расмилеринде көптөгөн чыгымдарга учуроодобуз. Ата-энелердин кашыктап жыйган каражаттары чөмүчтөп чачылып жатат. Анын ордуна ошол байлыкты балдардын келечегине жумшоого неге болбосун. Өз салтыбыз өнүгүүгө өбөлгө болсо жакшы болмок.

Бизде баары кең пейилдүү элибиз, кооз жаратылышыбыз, кен байлыктарыбыз бар. Жерибизге эмнени эксең баары өсөт. Жергебизде тынчтык болсо баарына жетишебиз. Менин өлкөм келечекте гүлдөп өнүгүшүн каалаймын. Ал сөзсүз гүлдөгөн өлкөгө айланат. Биз, кыргызстандыктар гүлдөгөн өлкөдө жашайбыз!

Айтурган Абдыманапова, Жалал-Абад шаарындагы №1 М. Бабкин атындагы мектеп-гимназиянын 9-классынын окуучусу

XS
SM
MD
LG