Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Чай-чамектин тыйыны - коррупциянын башаты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Кайрат Искендеров жиберген сунуш.

Эгемендик алганыбыздан кийин бүт эле жерибизде коррупциясыз жашоо дээрлик жокко эсе болуп калганы чындык. Ушундай жанды кейиткен маселе бар экенин билебиз. Коррупция каерден башталып жатат? Аны ким жасап жатат?

Менин оюм боюнча төмөнкү негизги факторлорду карап ага каршы иш-чараларды уюштуруш керек. Аны жок кылыш үчүн тээ тамырдагы коррупцияга балта чабыш керек. Керек болсо ал бала бакчадан башталышы абзел.

Кээ бир бала бакчага балдарыбызды киргизүүдө коррупцияга жол бергенибиз ката кетирүү экенин, ал кетирген каталарыбыз эртеңки келечегибизге зыян болуп жатканын билебизби? Жок, биз аны көз жаздымда калтырып көңүлгө деле албайбыз. Мен бардык бала бакчаны айтып аткан жокмун. Акча алып анан баланы орноштурган бакчалар бар экенин угуп эле жүрөбүз. Бала бакчага балдарыбызды эптеп орноштуруу үчүн тыйын-тыпыр беребиз. Себеби башка жерде орун жок. Мамлекет жетишерлик бала бакча курууга дарамети жок жана аны жасоого анчалык деле көңүлдөнбөйт. Мындан келди бала бакчалар аз, бар болгон жерлеринде орун тартыш.

Акча берип киргизгенден сырткары тарбиячыга, жетекчисине ар кандай майрамдарда чай-чамек, белек-бечкек берип турабыз. Мына коррупциянын өзөгү кайда жатат.

А мектепчи? Республикабыздагы кээ бир мектептерибиз деле ошондой көйгөйдө жашап күн кечирип келишүүдө.

Өкмөттүн акчасы жетишпей биз мектептеги ар кандай акча топтоого аргасыздан моюн сунуудабыз. Ал жердеги борго, китепке, ремонтко ж.б. Дагы эле баягы көрүнүш: баламды жакшы окутсун, урушуп койбосун, кемсинтип койбосун жана жакшы билим берсин деп белек-бечкек ташып бармай. Муну коррупциянын алгачкы стадиялары десек болобу? Болот! Же алгачкы тепкичтери, коррупциянын өөрчүп-өнүгүшүнө кошкон салымдары. Тагыраагы, кетирген чоң каталары!

Демек, биздин кыргыздык менталитеттик формада пара берүү, алуу, акча менен болгон мүшкүлдүн баарын чечүү мектептен эле башталганын билип аңдайбызбы? Жок, биз аны капарыбызга да албайбыз. Мектепке белек бергенден кийин коллежге, жогорку окуу жайларына, андан ары жумушка орношуу үчүн да пара беребиз. Ошого ток пейил карап, ансыз болбой турганын жашоо образыбызга сиңирип алганбыз. Же калппы?

Бала төрөлүп, ак бешикке бөлөнгөндөн баштап күрөштү жүргүзүү зарыл. Кичинекей чүрпөнүн там-туң басканынан тартып коррупция жакшылыкка алып келбеген илдет экенин үйрөтүп баштоо шарт.

«Коррупция менен бүткөн иш сенин балаңа, небереңе жана жалпы коомду туңгуюкта чырмайт» деп тарбиялаш керек. Тарбиячы ким? Тарбиячы бул - ата-эне, тарбиячы - бала бакча, тарбиячы - мектеп!

Коррупциянын себепкеринин бири парданын артындагы менталитет! Эч бир жерде жазылбаган белек берүү жөрөлгөсү.

Так ошол белек берүүнү кадимки эреже катары кабыл алуунун өзү коррупциянын булагы.

Өлкөмдө болуп жаткан дээрлик көпчүлүктү таң калтыруучу окуялар беш колун оозуна тыккан коррупционерлер экени айтпаса да белгилүү. «Тиги жетекчи миңдеген доллар менен колго түшүптүр» дегенди угабыз, биз аны жек көрөбүз, бирок сабак албайбыз.

Үй-бүлөдөгү балабыз да пара берүүнү жана алууну бизден көрүп үйрөнүп жатканын аңдабайбыз, аңдасак деле кош көңүл мамиле кылып, кайдыгер карап коёбуз. Маселени акча берүү жолу менен чечилип жатканын уккан, көргөн баланын аң-сезиминде акча менен бардыгын чечем деген маалымат орнолуп калбашына ким кепилдик берет? Анын психологиясы ошого ыктап, көнүмүш болуп калcачы?.

Жалпыбыздын шалаакылыгыбыздын айынан өлкөбүз өнүкпөй келет, жакшы иштер жасалбай, өксүп күн кечирүүдөбүз. Кемибиз толукталбай, тайгак жолдо тайраңдап келе жатабыз. Биздин коррупцияга кайдыгер мамилебиз бекем мамлекетти түзгөнгө жолтоо болуп, келечек муун өсүп-өнүгүүнүн жолун өздөштүргөнгө бел байламак турсун, кайра деградацияланып, өзүнүн кара курсагы жана беш күндүк жыргалчылыгы үчүн гана өмүр сүргөнгө кызыгат. Мындан келди, жогорку айтылган көрүнүш - инсандык өзүмчүлдүк десем жаңылышпайм.

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүн көрүп олтуруп аларга суктанабыз, көзүбүз да күйөт. Бирок аларга теңтайлаша иш кылууну, алардыкындай мыкты коом түзүү үчүн бүт баарыбыз эле аракет кылбайбыз. Биз мыкты жашоону жөн эле элестетип коёт экенбиз. Аны жомок деп ишенбейт окшойбуз. Тиягы Американы, биягы Жапонияны карап жакшысын үйрөнө албай өмүр сүрүп келебиз. Кылган ишибиз деле, максатыбыз деле, бүткүл көз карашыбыз бакубат болуудан алыс, аракетчилдиктен кемтик экенбиз деген ой пайда болот.

Ал өлкөлөрдөгү жетишкендиктер мыкты иш, жакшы башкаруу жана коррупциясыз эмгектин натыйжасы экенин ойлоп да койбойбуз. «Мыйзамдуулук менен мамлекетим да тигилердей сонун турмуш курса болбойбу» дей берем.

Бизде баягы эле кыргызча ыкма - пара берүү жана алуу аркылуу өздүк гана проблемаларды чечүү - бекем кармаган туубуз сыяктуудай болуп баратат. Ушуну ойлоп таң калам, кыргызыма.

Улуттук сыймык, инсандык деңгээлибиз ушунчалык эле ылдыйдабы, урматтуу замандаш!?

Айтылган бала бакчадан, мектеп партасынан коррупциясыз жашоону үйрөтүп башташ керек. Бала туулганда эле бешигине: «Коррупцияга жол жок, балам!» - деп жазып илип коюш керек! Бала ойноп аткан оюнчукта да «Колуңду жууп тамак ич!» дегендей эле «Коррупциядан алыс бол жана оюңа да алба!» деген сыяктуу жазууларды бажырайта жазып койсо зор болмок. Аны көрүп чоңойгон бала эртеңки жашоосунда коррупциянын жамандыгын, анын тийгизген кесепети баарыбыздын турмушубузга доо кетирерин аңдап, тарбияланат. Биз ошол ыкмада тарбия бергенибиз - милдеттүүлүк деп айтар элем.

Керек болсо мектеп программасына «Коррупциянын залакалары» аттуу сабакты программага киргизиш керек! Жок дегенде кошумча саат кийирип же болбосо класстан тышкаркы окуу-тарбиялык сааттарга ушул теманы киргизсек сонун болор эле! Коррупциянын алдын алууга, ага каршы турууга келечек муунга үйрөтүү иши өз жемишин берет эле.

Коррупционерлердин кылган терс иштерин, алардын коомго, ошол эле балдардын жаркын келечегине тийгизген терс көрүнүштөрүн сүрөт, ребус ж.б. аркылуу наристенин мээсине сиңириш керек! «Куш уядан эмнени көрсө учканда ошону алат» принцибинде тарбиялаганга неге болбосун!? 11 жылдык академиялык программанын бир жылында кантип эле ушул сабакка орун табылбай калсын?

Улуу калкым бар, эгемен, эч кимге көз каранды эмес мамлекетим бар. Бирок эгемен өлкөм коррупцияга ушунчалык чырмалышып калганы өтө өкүнөрлүк.

«Манастын урпагымын!» деп төш каккан кыргызым ушундай коркунучтуу жаранын алдында бечел болуп турганы уят иш экенин айтып, аны жеңсе болоруна бел байлап чогуу аракет кылалы дегим келди.

Кайрат Искендеров, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Барпы айылы

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG