Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 13:07

Президенттердин тагдыры жана «көзү ачыктар»


Бишкек, 7-апрель, 2012-жыл.

Кыргыз мамлекеттүүлүгү, өзгөчө Кыргызстандын президенттеринин тагдыры жана келечек боюнча ар кандай «көзү ачыктар» түрдүү божомолдорду айтышууда.

Алардын кээ бирөөлөрү социалдык тармактарда «жети дубан боюнча түлөө өткөрсөк, ишибиз оңолот» деп сунуш кылышты. Ал тургай эл бир канча түлөө да өткөрүп жиберди. Калың элдин минтип тынчсызданганына Кыргызстандагы алгачкы үч президенттин кылган иши, азыркы тагдырлары себеп болууда.

Адегенде эл аралык медиа кыргыз мамлекети жөнүндө кандай маалыматтар бар экенин карап көрөлү. Дүйнөлүк маалымат каражаттарында кыргыз мамлекеттүүлүгү, анын келечеги боюнча талкуулар өтө көбөйдү. Аларда Кыргыз Республикасын «болбой калган мамлекет» же «жолу болбогон арал» дегенге чейинки деңгээлдеги талкуулар бар. Мындай өтө пессимисттик жыйынтык чыгарууга да себептер бардыр?

Бул суроого оптималдуу жооп издөөдө илим негиздерин да колдонууга болобу? «Көзү ачыктардан», «дежур» эксперттерден тышкары өзгөчө бийлик тууралу илим (кратология) жооп бере алабы?

2019-жылдын 12-август айында «2019-жыл, 5-12-август үчүн дүйнөлүк басма сөз обзорунун» Кыргызстанга арналган макаласы «Ке§пиш» агенттиги тарабынан жарыяланды. Анын автору, Орусиянын Эл аралык долбоорлор боюнча улуттук стратегиялык институтунун директору Ю. Солозобов Кыргызстанды «Остров невезения» же «Жолу болбогон арал» деп, макаланы «Кыргызстан: алсыз бийлик жана бүт өлкөнү сомализациялоо» деп атаган. Ал өлкөнүн саясий лидерлеринин деңгээли уруу башчылардын жана талаа командирлеринин деңгээлине чейин төмөндөп, алар өзү туулган айылынын же кылмыштуу ишкерлик топтун кызыкчылыгын коргоо менен алектенип калганы жөнүндө жыйынтык чыгарат.

Орусиялык эксперт Кыргызстанда саясий кризистер дайыма уланып турарын белгилеп, бийликке келгендер сөзсүз баюу, байлыкка жетүү максатында бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланууну биринчи орунга коюшкан деп эсептейт. Бул макаланын тууралыгы, анда канчалык чындык белгиленгени тууралуу корутундуну окурман өзү чыгарсын демекпиз. Биздин негизги максат - эгемен Кыргызстандын басып өткөн кыска тарых жолунан анын азыркы абалынан келечекте кандай абалга барабыз, жакшыруу жана оңолуу, өсүү мүмкүнчүлүгү барбы деген баарыбызды (алакандай кыргыз элин) тынчсыздандырган суроолорго жооп издеп көрүү.

Кыргызстанда болгон, болуп өткөн окуяларды чечмелеген «дежур» эксперттерден тышкары турган жогорку интеллекти бар адамдар, илимпоздор, ойчулдар өз пикирлерин ортого салып туюкка камалган.

Бизге байлыкты кыргызча айтканда кудай берген. Жаратылышыбыз, күн сайын кымбаттап бара жаткан, кыргыз үчүн «өлчөмү көп» алтын кендерибиз бар.

Табигый ал байлыктар азыр тышкы миграцияга тентип, кул болуп кеткен жаш улан-кыздарыбыздан сырткары Кыргызстанда ашып кетсе, 4 миллиондун тегерегиндеги элди кем-карчысыз ондогон жылдар бою багууга жетмек.

Азыр Кыргызстанда калган элди (Орусиянын орточо шаарынын элине барабар) ондогон министрлер, 120 депутат жана Жогорку Кеңештин аппараты, премьер-министрдин, президенттин аппараты, кызматкерлери башкарат. Айлап-жылдап созуп сотто соттошот, салык чогулткандар түрдүү салык алып турушат. Мындай карасак ар бир иштеген кыргыз «эки генералды» эмес, ондогон башкаруучуларды багат. Ушундай абалда Кыргызстанда өнүгүү, өсүү болушу мүмкүнбү? Ойлонуп көрөлү, балким биз чындыкты көрө биле албай жаткандырбыз?

Эгемен Кыргызстандын тарыхында азыркы күндө толук мөөнөттө төртүнчү президент иштеп жатат. Алардын алгачкы үчөө тең экс-президент наамынан ажырап, сот жообуна тартылып же Кыргызстандан качып кеткен.

Алгачкы үч президенттин иши бири-бирине абдан окшош жыйынтыкталып, кылмыштуулук, киши өлтүрүү ж.б. мыйзам бузуу менен коштолгон.

Бийлик теориясын б.а. кратология илимин өздөштүргөн жана саясат, мамлекеттик башкаруу илимдерине салым кошкон окумуштуулар бар. Алар бул «кубулуш» жанан анын генезиси (түпкү себеби), мындан ары андайга жол бербөө жана бийлик тагдырын алдын-ала көрө билүү боюнча илимий иштерди аткарып, прагматикалык натыйжалуу сунуштарды киргизип, президенттик кызмат аткаруунун илимий негизделген иш усулуна салым кошсо болобу? Ушул сыяктуу чечүүнү талап кылган жана кыргыз элинин тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү өтө маанилүү суроолор турат.

Эмне үчүн алгачкы үч президенттин иши кыргыздарга зыяндан башка пайда алып келген жок? Эмне үчүн алгачкы үч президент кыргызга жакшы кызмат кыла алган жок?

Кээ бир президенттер «мен бир эле мөөнөт президент болуп иштейм» дейт, бирок андайлар тарыхта өтө сейрек кездешет. Бир мөөнөткө келген президенттин негизги максаты - мүмкүн болушунча мамлекетти, түз айтканда өз элинин байлыгын ээлөө.

Мындан айкын суроо жаралат. Илимди, анын жетишкендиктерин колдонуп мамлекетти туура башкаруу жолун табууга болобу? «Көзү ачыктардын» айтканын аткаруу керекпи? Же азыркы мезгилдеги коомдук илимдердин жетишкендиктерин пайдалануу жана аны практикада колдонуу зарылбы? Президентке караштуу Башкаруу академиясы кандайча башкаруу формаларын сунуш кылат?

Илимдин пайдасы барбы? Илимди анын пайдасын көрүш үчүн изилдешет. Ушуга байланыштуу коомдук процесстерге илимди колдонууга болобу?

Илимде экстраполяция деген ыкма бар. Ал ыкманын жардамы менен маданий, экономикалык, саясий ал тургай коомдук турмушту да алдын-ала айтып, ар кыл мөөнөттө божомол жасаса болот. Коомдук кубулуштарда экстраполяция ыкмасы 5-8 жыл аралыгында болуп өткөндөрдү эске алса, талдаса жакшы, туура жыйынтык берет. Демек, бул мөөнөт биздин президенттердин иш мөөнөттөрүнө өтө жакын. Азыркы учурда алдын-ала көрүү, айтуу боюнча так эсептей ала турган экстраполяциянын 300гө чукул так математикалык формуласы бар. Бул жагдайда формула (ага кирген жүйөлөр, параметрлер) боюнча өтө так эсептөөнү адис окумуштууларга калтыралы. Жаратылышта, коомдо, адамдын иш-аракетинде экстраполяциялоо орун ала тургандыгы далилденип, ал тургай так математикалык формула аркылуу эсептелиши мүмкүн жана аны так аткарууга болот. Экстраполяциянын түрлөрү, формалары өтө көп жана ал ар кыл пайдалуу функцияларды аткарат. Алар саясат, маркетинг, статистика, экономика тармактарында ж.б. өтө көп түргө бөлүнүп, адам баласынын бардык иш-аракетин камтыйт.

Экстраполяция ыкмасынын эң жөнөкөй, коомдун иш-аракетине тиешелүүсү төмөнкүдөй. Белгилүү шартта, тарыхый абалда экинчи окуя биринчиге окшош болсо, үчүнчү окуя биринчи жана экинчиге окшош болсо - анда төртүнчү окуя да биринчи, экинчи жана үчүнчүгө окшош болушу ыктымал. Бул аныктамада айтылган окуялар президенттерге тиешелүү десек, биринчи, экинчи жана үчүнчү кыргыз президенттери кандай акыркы жыйынтыкка туш болсо, төртүнчү президентти да ошондой тагдыр күтөт деген жыйынтыкка келебиз.

Бул сыяктуу тагдыр чечүүчү суроолорго жооп табууга болобу? Болсо ал кандай жооп, кандай иш-чара? Президенттик милдетти аткарууну кыйыр жолдон чыгарууга болобу? Азыркы төртүнчү президент, мурдагы үч президент кетирген чоң кемчиликтер кайсылар жана аны кандайча оңдосо төртүнчү президенттин тагдыры биринчи үчөөндөй болбойт? Бул суроого жоопту алгачкы үч президенттин практикасынан издеп көрөлү. Кыргызстандын төртүнчү президент мурунку үч президенттин тагдырына туш болбой чыныгы «элдик президент» болушу үчүн мурункулардын иш аракеттеринин зыяндуу, кылмыштуу иштерин ар кыл деңгээлде болсо да кайталабашы зарыл.

Кыргызстандын алгачкы үч президентинин негизги кемчиликтерин оордугу боюнча болжолдуу эки категорияга (топко) бөлсөк болчудай. Алардын биринчи тобу «өтө оор кылмыштар» тобу, ал эми экинчиси «оор кылмыштар» тобу. Алардын «болжолдуу» аттарын, түрлөрүн атап өтөлү.

I. Өтө оор кылмыштар тобу:

1. Конституцияга өз бийлигине гана керек болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү;

2. Мамлекеттин жерин, кен байлыктарын сатуу;

3. Жемкорлук жана коррупциянын түрлөрүн бардык иш-аракеттерге таратуу;

4. Насыя, карыз алуу жана аны максаттуу пайдаланбоо аркылуу элдин б.а. мамлекеттин карызын көбөйтүү;

5.Үй-бүлөлүк (кландык) башкаруу.

II. Оор кылмыштар тобу:

1. Тышкы жана ички миграциянын туруктуу күчөшү, жумушсуздук;

2. Бийликти өз кызыкчылыгы үчүн гана пайдалануу, узурпациялоо;

3. Реалдуу ишке ашпас концепцияларды, өнүгүү стратегияларын кабыл алуу;

4. Мыйзамдардын толук жана так иштебей башташы;

6. Коомдогу социалдык теңсиздик, өтө бай жана өтө жарды болуп ачык сегрегациялык бөлүнүү.

Биздин оюбузча системалуу жана комплекстүү, реалдуу иш-аракет аркылуу жогоруда болжолдуу келтирилген «кылмыштар тобуна» мүмкүн болушунча бөгөт коюу зарылдыгы келип чыгат. Бул чакан ой жүгүртүү аркылуу Кыргызстанда туруктуу өнүккөн мамлекеттин башкаруу системасы президенттен башталып, ошол эле учурда калган бийлик бутактарында да кескин өзгөрүү болушу мүмкүн.

Демек, Кыргызстандын тагдырын «көзү ачыктар» гана эмес, окумуштуулар да талдап, оптималдуу жана натыйжалуу сунуштарды киргизишсе, жок дегенде пайдалуу талкуулар башталса деген пикирдебиз. Окурмандардан бир чоң сураныч - биздин пикирди пайдалуу талкуу, сунуш катары келечекке үмүт кылуунун бир «кичине» түзүүчүсү катарында кабыл алууңуздарды өтүнөбүз.

Философия илимдеринин доктору, профессор Кытайбек Үтүров,

Салмоорбек Абдыраев

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (101)

XS
SM
MD
LG