Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Жемкорлуктан арылуу - шайлоочунун колунда


Гүлдана Мурзакул.
Гүлдана Мурзакул.

Кыргызстан дүйнөдөгү эң жакыр жана коррупция гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарында турат.

Коррупция боюнча жүргүзүлгөн айрым иликтөөлөр көрсөткөндөй, коррупцияны жеңбей туруп, жакырчылыкты жоюш мүмкүн эмес. Бул макалада жакырчылык менен жемкорлуктун туюк айлампасын канткенде үзө аларыбыз тууралуу сөз болот.

Карапайым калк жакырдык менен күрөшүүдө. Саясий элитачы?

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда 2018-жылы жакырчылыктын деңгээли жалпы өлкө боюнча 22,4% түзгөн. Тагыраак айтканда 2018-жылы 1 млн. 400 миңден ашуун киши жакырчылыктын чегинде өмүр өткөргөн. Ушул эле комитеттин маалыматы боюнча чет жерде эмгектенген мигранттардын кирешеси болбогондо 2018-жылы жалпы өлкө боюнча жакырчылыктын деңгээли 32,2% түзмөк. Тагыраак айтканда, эгер кыргызстандыктар чет өлкөдөн иш издеп кетпегенде жана Кыргызстанга акча которбогондо, 2 миллиондон ашуун киши - жалпы калктын үчтөн бир бөлүгүнө жакыны - жакырчылыктын чегинде өмүр сүрмөк.

Жумушсуздуктун айынан башка өлкөдө эмгектенүүгө аргасыз болгон мигранттардын Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтууга кошкон салымы жогорудагы расмий сандардан алда канча көп.

Статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2000-жылы Кыргызстандын калкынын 62,6% жакырчылыкта жашаса, андан кийинки жылдары жакыр калктын саны бир нече пайызга кыскарып отуруп, 2008-жылы жакырчылыктын чегинде жашагандар жалпы калктын 31,7% түзүп калган. Жакырчылыктын мынчалык деңгээлде азайышында албетте, эмгек мигранттары зор роль ойношкон. 2000-2008-жылдар аралыгы - кыргызстандыктар массалык түрдө тышкы эмгек миграциясына кетип, жарым миллионго жакын мекендешибиз эмгек мигранты катары киреше таап, аны Кыргызстанга которуп турган мезгил эле.

Негизинен алып караганда, карапайым калк 1990-жылдардан баштап эле тышкы эмгек миграциясы аркылуу бала-бакырасын бакубат жашоо менен камсыз кылууга аракет кылып, жакырчылык менен күрөшүп келатат. 1994-1997-жылдар аралыгында эле 150 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөгө жумуш издеп кеткен экен.

Арийне, экономиканы өнүктүрүү аркылуу элди жакырчылыктан коргоо жана элдин бакубат жашоого жетишине жол ачуу – мамлекетти башкаргандардын, тагыраак айтканда бийликтин милдети. Баарыбызга маалым болгондой эле, бүгүнкү күнгө чейин бийликке келгендер ал милдетти аткара алышкан жок. Алар элди эмес, өз бала-бакырасын жана тууган-туушкандарын кызмат орундары жана бакубат жашоо менен камсыз кылуу менен алектеништи. Ошентип ушул күнгө чейин бийликке келгендер өлкөнү жемкорлуктун желесине чырмап коюшту.

Өткөн аптада Дүйнөлүк банктын кедей өлкөлөргө берилген эл аралык каржылык жардамдын кандай сарпталганын аныктаган иликтөөсү жарыяланды. Иликтөөгө алынган дүйнөдөгү эң кедей 22 өлкөнүн арасында Кыргызстан да бар экен. Ал иликтөө төмөнкүдөй жыйынтыкка келиптир: Иликтөөгө алынган 22 кедей өлкөгө жардамга берилген акчанын орточо эсеп менен 7,5 пайызы ошол өлкөлөрдүн бийлик ээлери тарабынан дароо сыртка чыгарылып кетет. Бирок бийлик ээлери мындан да көп акчаны уурдашы мүмкүн.

Эгемендикке жеткен күндөн бери Кыргызстан донор уюмдар менен өлкөлөрдөн грант жана насыя алып келе жатат. Мисалы, Дүйнөлүк банк Кыргызстанга грант жана үстөксүз насыя жакырчылыкты азайтуучу иш-аракеттерге жумшасын, элдин турмушун жакшыртсын, коррупциянын деңгээлин азайтсын деп берип келет. Анын Кыргызстанга берген каржылык жардамдарынын 45% гранттык каражаттардан турат. Дүйнөлүк банктын жогорудагы иликтөөсү анын жакырчылык менен жемкорлукту азайтыш үчүн берген насыя жана гранттарын Кыргызстандын «элитасы» өөнөп келгенин көрсөттү.

Жемкорлук менен жакырчылыктын туюк айлампасы канткенде үзүлөт?

Коррупция боюнча жүргүзүлгөн айрым илимий иликтөөлөр көрсөткөндөй, коррупцияны жеңбей туруп жакырчылыкты жоюш мүмкүн эмес. Ал эми жакыр өлкөдө коррупцияны жеңүү өтө оор түйшүк.

Айрым саясат таануучулардын пикири боюнча жакырчылык менен жемкорлук төмөнкүдөй туюк айлампаны түзөт: жакыр мамлекеттер коррупцияга жакын болот; мамлекетти байгер кылыш үчүн коррупцияны жеңиш керек; бирок коррупцияны жеңиш үчүн мамлекет бай жана күчтүү болушу керек.

Ушул туюк айлампаны үзүүнүн бир гана жолу бар. Ал жол - эл тагдырына жоопкерчиликтүү мамиле кылган, жемкорлор менен күрөшө алгыдай эрки бар, экономиканы өнүктүрүү боюнча программасы рационалдуу жана салмактуу, ой-пикири бийик инсандарды шайлоолордо колдоп, парламентке жана президенттикке алып келүү. Эрктүү, жоопкерчиликтүү, сапаттуу саясий элита гана жемкорлук менен жакырчылыкты жоё турган кескин кадамдарды жасайт.

1990-жылдардан бери Кыргызстандын саясий элитасынын 90% саясатты жеке баюу аренасы катары көргөндөр түзүп келе жатат. Фрэнсис Фукуяма айткандай, эгер бир өлкөнүн саясий элитасы саясатты жеке баюунун аренасы катары эсептесе же коомдук нормалар пара алууга жол берип жатса, ал өлкөдө эң оптималдуу деп эсептелген эч бир институт (тагыраак айтканда эч кандай чара) коррупцияны токтото албайт.

Ошондуктан быйыл өтө турган парламенттик шайлоо карапайым калктын жана Кыргызстандын келечеги үчүн чечүүчү ролду ойнойт. Эгер ушул шайлоодо жеке баюуну эмес, жалпы Кыргызстанды байгер кылууну көздөгөн жана ушуга дарамети жете турган эрктүү, жоопкерчиликтүү жана сапаттуу кадрлардан турган партияларды парламентке алып келбесек, анда алдыдагы 5 жыл ичинде жемкорлук менен жакырчылык дагы тереңдейт, карапайым калк эмгек миграциясына байланган боюнча калат.

Кыргызстанда саясат аркылуу жеке баюуну көздөбөгөн эрктүү, жоопкерчиликтүү жана сапаттуу кадрлар бар. Ушундай кадрлардан турган партиялар парламентке кире алышы үчүн жарандык коом аларга шайлоо босогосун 3 пайызга түшүртүү ж.б. боюнча азыртадан колдоосун көргөзө башташы керек.

Жакырчылык менен жемкорлук - кыргыз элинин бешенесине жараткан тарабынан жазылган, өзгөрбөй турган жазмыш эмес. Жакырчылык менен жемкорлук - 1991-жылдан бери саясатты жеке баюнун аренасы катары колдонуп келген «элитанын» иш-аракеттеринин натыйжасы.

Парламенттик башкаруу системасындагы Кыргызстандын жарандары келе жаткан парламенттик шайлоодо эрктүү, жоопкерчиликтүү жана сапаттуу талапкерлерди тандоо аркылуу өздөрү коррупциясыз жана байгер келечекти түптөй алышат.

Гүлдана Мурзакул, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG