Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 4-апрель, 2020 Бишкек убактысы 19:31

Эл аралык жардамды өөнөгөн элита


Кыргызстан соңку жылдары насыя жана гранттардын көбүн Кытайдан алган. (Иллюстрациялык сүрөт).

Дүйнөлүк банк алынган насыя жана гранттарды коррупциялык жол менен короткон өлкөлөр тууралуу изилдөөсүн жарыялады.

Акыркы күндөрү талкууланып жаткан изилдөөнү 18-февралда Дүйнөлүк банк жарыялады. Аны үч экономист жүргүзгөн. Авторлордун бири Дүйнөлүк банктын кызматкери.

"Эл аралык жардамды өөнөгөн элита. Офшордук эсептерден күбөсү" деп аталган изилдөөдө эл аралык институттардан көп насыя алган 22 өлкөдөгү абал талданган.

Анын ичинде постсоветтик жана Борбор Азия чөлкөмүнөн Кыргызстан менен Армения, ошондой эле Ооганстан кирген. Калгандары Буркина-Фасо, Бурунди, Гана, Гайана, Гвинея-Бисау, Замбия, Мавритания, Мадагаскар, Эфиопия сыяктуу Африка жана Азиядагы өлкөлөр.

Бул өлкөлөрдүн экономикасы жарды, банк системасы өнүкпөгөнү үчүн эл аралык жардам оңбогондой каражат катары көрүнөт жана сыртка которулганы жакшы байкалат.

Изилдөөдө Дүйнөлүк банктан жеңилдетилген насыя же гранттар алынган соң каражаттын бир бөлүгүн жергиликтүү аткаминерлер офшорго чыгарып кетери айтылган.

Ага ылайык, эгер жарды өлкөлөр ички дүң продукциясынын 1 пайызына тете жардам ала турган болсо, орто эсеп менен анын 7 пайыздан ашыгы өлкөдөн чыгарыларын аныкташкан.

Жардамдын көлөмү ички дүң продукциянын үч пайызына жетсе, өлкөдөн чыккан каражат 15 пайызга чейин көбөйүшү мүмкүн.

Ал эми окумуштуулар өлкөнүн ичинде келген каражат андан көп уурдалышы ыктымал деген жыйынтыкка келишкен.

"Бул аз гана каражат. Анткени, чет өлкөлүк эсептерге которулган каражаттар гана саналды. Ал эми кыймылсыз мүлк, башка кымбат баалуу буюм-тайымга коротулган каражат эсептелинген жок", - деп айтылат иликтөөдө.

Насыялардан өөнөлгөн акча негизинен Цюрих, Люксембург, Сингапур же Кайман аралдары сыяктуу өлкөлөрдүн банктарына которулат. Ал эми дүйнөнүн финансылык борборлору саналган Лондон, Нью-Йорктогу банктарга акча которулганы анча байкалган эмес.

Изилдөөдө Кыргызстан алган насыяны кимдер жана канчасын өөнөп жатканы ачык көрсөтүлгөн эмес.

Болормаа Амгаабазар
Болормаа Амгаабазар

Бирок Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар "Азаттык" радиосуна эл аралык жардамдарды жергиликтүү элита уурдашына каршы аракеттер көрүлөрүн билдирди:

«Дүйнөлүк банк элитанын каражаттардын өзүнө ыйгарышы, тактап айтканда, бай жана артыкчылыкка ээ болгон адамдардын андан ары байып жатканы өнүгүүгө тоскоол болгон жана жакырларга сокку урган маселе экенин түшүнүп турат. Коррупция сыяктуу эле элитанын акчаны өөнөп алышы кедейлерге салык деп айтсак болот. Бул эл аралык коомчулуктун жалпы аракетин жана комплекстүү чечимдерди талап кылган глобалдык көйгөй. Биз коррупция дүйнөнүн бардык бурчунда бар экенин жана изилдөөдө көрсөтүлгөндөй тышкы жардамдан көз каранды өлкөлөрдө гүлдөп жатканын билебиз. Биз бул өлкөлөргө коррупция менен күрөшүүгө жардам берүү жаатындагы ишибизди дагы чыңдайбыз".

Дүйнөлүк банктын өкүлү бул жаатта бир катар программалар иштеп жатканын кошумчалады.

Эл аралык уюмдун кеңсеси Кыргызстанда коррупциянын көлөмүн так айтпаганы менен, документтеги башка өлкөлөрдөй эле насыя менен гранттан уурдалган каражаттын көлөмү арбын экенин адистер айтышууда.

Изилдөө менен таанышып, талдап чыккан «Transparency International Kyrgyzstan» борборунун өкүлү Адылбек Шаршенбаев эл аралык жардам өз максатына жетпей, коррупциялашкан учурлар көп экенин белгиледи:

Адылбек Шаршенбаев
Адылбек Шаршенбаев

"Изилдөө эки нерсени байланыштырып жатат. Бир жагынан эл аралык жардам берилип жатат, экинчи жагынан өлкөдө коррупция абдан өөрчүгөн мамлекеттик система ага туруштук бере албай жатат. Бул изилдөөдө коррупциянын деңгээлине карабастан өлкөдөн офшорго которулган каражатты эсептеп чыгышыптыр. Анын жыйынтыгында эл аралык жардамдын желип кеткени аныкталып жатат".

Минералдык ресурстар аз, экономикасы начар Кыргызстан финансылык институттардан түрдүү насыя жана гранттарды алууну адатка айланткан. Былтыркы жылдын эсеби боюнча өлкөнүн тышкы карызы 3 миллиард 850 миллион доллар же 268 миллиард сомдон ашуун каражатты түзгөн.

Өлкөдө насыяга алынган акчанын сарамжалсыз пайдаланылып, уурдалып жатканы боюнча буга чейин деле маселе көтөрүлүп келген.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, бул схемалар насыяны алуу шартында камтылып калган учурлар арбын:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

"Ал изилдөөдө Кыргызстандан акча кетип жатат деп көрсөтүлбөптүр. Бирок ошол эле кезде Дүйнөлүк банк насыя жана гранттарды берген учурда өзү консультанттар аркылуу, долбоорлорду ишке ашыруу деп бөлүмдөрдү түзүп, жалпы каражаттын 10-15 пайызын алып калышат. Мындай маселе бар. Тилекке каршы, келген акчаны биз натыйжалуу пайдалана албай келгенибиз факт".

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын негизги донорлорунун бири. 1992-жылдан бери өлкөдө 63 долбоорду ишке ашырууда. Анын жалпы суммасы 1, 69 миллиард долларды түзгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG