Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Бакиевдердин Беларустагы бизнеси


Асылбек Салиев
Асылбек Салиев

"БелаПАН" маалымат агенттиги Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси Беларуста ири долбоорго катышы бар экенин жазып чыкты. Маалыматка караганда Асылбек Салиев 733 млн. доллар салына турган агрардык корпорацияга үлүшкө кирген.

Бейшембиде Беларустун “БелаПАН” агенттиги мурдагы президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин уулу жөнүндө жаңы кабар таратты.

31 жаштагы Асылбек Салиев акыркы жылдары эл алдында Курманбек Бакиевдин атынан сүйлөп жүрөт. Быйыл да Орозо айында Москвадагы мигранттарга ооз ачырып,​ "Урматтуу мекендештер, туугандар! Мен бүгүн атайын Москва шаарына Минскиден учуп келдим. Курманбек Салиевичтен силерге чоң салам!" - деп отургандарга кайрылган.

“БелаПАН” агенттиги Асылбек Салиев ээлик кылган Maxforse LP жана Altastar LP компаниялары “Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясынын” (БНБК) 22,5% үлүшүнө ээлик кыларын жазды.

Британиянын Каттоо палатасынан текшергенде Maxforse менен Altastar Шотландияда эки башка даректе, бирок бир күндө – 2017-жылдын 25-январында катталганы ырасталды.

Салиев бул эки компаниянын тең “75% же андан көп бөлүгүнө” ээлик кылары көрсөтүлгөн.

Ушул эле реестрден Асылбек Салиев беларус жарандыгын алганын баамдоого болот.

“БелаПАН” жазганына караганда биотехнологиялык корпорацияда Салиевден тышкары беларус өкмөтүнүн (25%), андан тышкары БАЭ (22,5%), Кытай (29%) жана Орусияда (1%) катталган компаниялардын акциялары бар.

Бакиевдердин агробизнеске байланышы тууралуу кабар бир нече жыл мурда эле тараган. Бирок 2017-жылы «Азаттыктын» беларус кызматынын кабарчысы менен болгон маегинде Курманбек Бакиев Беларуста айыл-чарба тармагына акча салып атканы тууралуу маалыматты четке каккан:

"Билесизби, ушактар жөн жерден эле жаралбайт. Бүгүнкү күндө мен эч кайда, эч бир компанияга акча салган жокмун".

Курманбек Бакиев "Азаттыктын" беларус кызматынын суроолоруна жооп берүүдө.
Курманбек Бакиев "Азаттыктын" беларус кызматынын суроолоруна жооп берүүдө.

Асылбек Салиевдин өзү Бакиевдердин башка үй-бүлө мүчөлөрү менен азырынча байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Амбициялуу агрокорпорация

“Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы” (БНБК) 2016-жылы августта негизделген. Аны Кыргызстанда Бакиевдин тушунда премьер-министр болгон Данияр Үсөнөв, азыр тек-жайын өзгөртүп, беларус паспортун алган Даниил Урицкий башкарат.

“БелаПАНдын” маалыматына караганда, корпорация баш калаадан 40 чакырым жердеги Руденск айылында 160 гектар жерге 12 ишкананы камтыган ири комплекс куруп жатат.

БНБК комплексинин макети. Сүрөт "БелаПАН" агенттигинин сайтынан алынды.
БНБК комплексинин макети. Сүрөт "БелаПАН" агенттигинин сайтынан алынды.

БНБК бодо мал, балык, чочко, канаттуулар үчүн заманбап технология менен даярдалган жем, ошондой эле аминокислота, ун, крахмал, глютен, глюкоза, треонин, триптофан заттарын өндүрмөкчү.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы “БелаПан” агенттигинин журналисти, макаланын автору Александр Ярошевич менен байланышып бир нече суроо узатты.

"Азаттык": Адегенде БНБК тууралуу айтып бересизби?

Александр Ярошевич
Александр Ярошевич

Александр Ярошевич: Бул долбоорго Кытайдын “Эксимбанкы” 620 млн. доллар жеңилдетилген кредит берген. Өткөн жылы жайда долбоордун салтанаттуу ачылышын жасап, жерпайын түптөшкөн. Ал компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшсөм биринчи завод эмки жылы ишке кирет деген. Башкача айтканда, алар бир нерсе өндүрүп башташат. Азыр курулушу жүрүп атат.

"Азаттык": Кытайлык кредит чоң эле экен, бирок бул долбоорго 733 млн. доллар салынары мурда жазылыптыр. Калган каражат кайдан табылды? Бакиевдер да акча салышканбы?

Ярошевич: Ушул суроо мени көптөн бери түйшөлтүп келет. Менде да балким ал жерде Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн акчасы болушу мүмкүн деген шек бар. Азырынча аны далилдей албай турам. Болгону бүгүнкү материал Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн бул долбоорго тиешеси бардыгын көрсөтүп турат.

"Азаттык": 733 млн. доллар Кыргызстан үчүн абдан чоң сумма. Ал эми Беларус үчүн бул канчалык чоң долбоор?

Ярошевич: Беларустун шартында да бул абдан ири долбоор. Акыркы жылдары ишке ашырылган, ушунча суммага барабар башка жергиликтүү долбоор эсимде жок. Биздин ишканалар куруп жаткан ири заводдор бар, бирок аларга салынган сумма ашып барса 150-200 млн. доллар. А бул жерде бүтүндөй 700 млн. доллар.

"Азаттык": Бул корпорацияда мамлекеттин да үлүшү бар экен. Андан тышкары жетекчилик кызматтарда мурдагы аткаминерлер иштейт деп жазып атасыздар. Ошондо БНБК беларус бийлиги менен канчалык тыгыз байланышта?

Ярошевич: Ооба, ал жерде 25% мамлекеттин үлүшү бар. Беларустун вице-премьер-министри жана айыл чарба министри бул компаниянын өкүлдөрү катары эсептелет.

Андан тышкары ал жерде мурда айыл-чарба министрлигинде жогорку кызматта иштеген адамдар бар. Мисалы, Надежда Котковец. Ошондой эле президенттик администрациянын жетекчи орун басарынын уулу Илья Снопков иштейт. Ушундай түздөн түз байланыш бар.

Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (ортодо) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын” ачылыш аземинде. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет басылмасы. 27.7.2018.
Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (ортодо) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын” ачылыш аземинде. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет басылмасы. 27.7.2018.

"Азаттык": Сиз мурдагы макалаңызда аталган корпорацияда өткөн жылы орточо маяна айына 25 миң доллардан ашканын жаздыңыз. Мени бул абдан таң калтырды. Анткени ошол эле Бакиевдер, Данияр Үсөнов башкарып кеткен Кыргызстанда, атүгүл Беларуста орточо айлык акы мындан ондогон эсе төмөн эмеспи?

Ярошевич: Айлык акы боюнча жагдай мындай. Алар Мүлк боюнча мамлекеттик комитеттин сайтына өздөрүнүн отчетун жарыялашты. Мени андагы сандар таң калтырды. Алардан кандайдыр маалымат алууга аракеттендим. “Силерде айлык акы 25 миң доллар экен, биздин өлкөдө жарандар жада калса айына 500 доллар алышпайт. Эмеге мындай?” десем алар мага “Биз жаңы тармак түзүп атабыз, ал үчүн жогорку кесипкөй адистерди тартуу керек. Алар аз айлыкка иштебейт дешкен. Мен макаланы жарыяларым менен алар каржылык отчетундагы маалыматтарды өзгөртүп салышты. Эми ал жерде орточо айлык 25 миң доллар эмес, 1350 доллар болуп калды.

"Азаттык": Канча киши иштейт экен ал жерде?

Ярошевич: Алар азыр штатында 31 киши бар деп атышат. Бирок мурда мага Урицкий – Үсөнов планыбызда кызматкерлердин санын 1300-1500 кишиге жеткиребиз деп айтып берген.

Өтөөсүнө чыкпаган апрель соту

Курманбек Бакиев үй-бүлөлүк, кландык башкарууга айыпталып 2010-жылы 7-апрелде бийликтен кулатылган. Ошол күнү кеминде 87 карапайым кыргызстандыктын өмүрү кыйылган. Ондогон адам жарадар болушкан. Акыркы жылдары алардын ичинен бир нечеси дүйнөдөн өттү. Жараатынан айыга албай келаткандар да бар.

Апрель кыргыны боюнча соттук жараяндын өкүмү менен Курманбек Бакиев 30 жылга сыртынан кесилген. Убагында Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич “Азаттык” менен болгон маегинде мурдагы президент жана анын үй-бүлөсү 200-300 млн. доллардын тегерегинде акчаны Кыргызстандан чыгарып кеткенин айткан. Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева ушунча сумма чыгарылып кеткенин ырастаган.

Ал эми Данияр Үсөновду (Даниил Урицкий) Кыргызстандын соту өмүр бою эркинен ажыраткан.

Асылбек Салиев Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевдин уулу. Жаныш Бакиев өмүр бою, экс-президенттин тун уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми мурдагы президенттин кенже уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал учурда Лондондо жашап жатканы белгилүү.

Бакиевдин байлыгын Британия текшереби? (31-май, 2018-жыл)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG