Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 00:55

Апрель соту: тутулгандар жана кутулгандар


Сот жүрүшүндө тартылган сүрөт, 17-ноябрь, 2010-жыл.

Апрель соту деген аталыш менен белгилүү болгон жараян дээрлик алты жылга уланды. Анда 28 адамга айып тагылган. Сот мурдагы өлкө жетекчилери баш болгон бир нече адамды өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок өлкө сыртында жүргөнү үчүн алар камакка алынган эмес. Ал эми учурда Апрель окуясы боюнча соттолгон үч адам жазасын өтөп жатат.

Апрель окуясындагы тынч жарандарга ок атуу фактысы боюнча соттук жараян 2010-жылдын 17-ноябрында башталган. Үч баскычтагы сот дээрлик алты жылга созулуп, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң узакка созулган жана чуулгандуу жараян болуп калды.

Алгач Спорт сарайында жалпы коомчулуктун алдында ачык өткөрүү максат кылынып, бирок жабырлануучулар менен айыпталуучулардын кайым айтышуусу, атүгүл бири-бирине кол көтөрүүсү менен коштолгон соң Жаза аткаруу кызматына которулган.

Айып көп, жазасын алгандар аз

87 киши өлүп, 300дөн ашык адам жарадар болгон окуя боюнча кылмыш ишинин көлөмү 64 томдон туруп, мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Алардын арасында Бакиевдин иниси, Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, уулу Марат, ал кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөнов, президенттик администрация жетекчиси Каныбек Жороев, катчылык башчысы Оксана Малеваная, экс-баш прокурор Нурлан Турсункулов, президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, УКМКнын башчысы Мурат Суталинов сыяктуу аткаминерлер менен катар атайын багыттагы “Альфа” атайын түзүмүнүн командирлери жана аскерлер бар эле.

Соттон бир көрүнүш
Соттон бир көрүнүш

Алгач Бишкектин Аскер гарнизондук соту өлкө сыртына чыгып кеткен Курманбек Бакиев баш болгон мурдагы премьер-министр, иниси Жаныш жогорку чиновниктерди өмүр бою сыртынан эркинен ажыраткан. Президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев 27 жылга кесилген.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга эркинен ажыратылды.

Сот Нурлан Турсункулов, Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев жана Оксана Малеваная сыяктуу мурдагы жетекчилерди он жылдан эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыккан. Ал эми “Альфа” атайын багыттагы тобунун аскерлери элге ок атуу айыбы боюнча акталган.

Акыркы баскычтагы сот саналган Жогорку сот Курманбек Бакиевдин жашы өткөнүнө байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын 30 жылга түшүрдү. Ал эми калгандарга өкүм өзгөрүүсүз калды.

Алты жылга созулган соттун чечими менен кесилген өлкө жетекчилери жаза мөөнөтүн өтөгөн жок. Алар өлкө сыртында жүргөнү үчүн сыртынан издөө жарыяланганы менен Кыргызстанга өткөрүлүп берилген эмес.

"Өзүмдү күнөөлүү дебейм"

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча айыптуу деп табылган 15тен ашуун аткаминердин ичинен учурда үч адам абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Аталган кызматтын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова алар кимдер экенин санап берди:

- Нурлан Темирбаев, Данияр Дунганов жана Мурат Суталинов учурда абак жайларда жазаларын өтөп жатат. Аларга өтө оор айыптар коюлуп, 20 жылдан ашык мөөнөткө кесилген. Учурда Апрель окуялары боюнча дал ушул адамдар жазасын өтөөдө. Ошондой эле Бакыт Калиев жана Алмаз Жолдошалиев тергөө абагында отурган учурда эле соттун чечими менен берилген мөөнөтү аяктаса керек, бизге келген эмес.

Сот күчөтүлгөн тартипте өткөн.
Сот күчөтүлгөн тартипте өткөн.

Ал эми сот чечиминин негизинде мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттик администрация жетекчиси Каныбек Жороев жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев эки жылга жакын абакта отуруп, 2016-жылдын башында мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыккан эле. Алар бул окуялар боюнча укуктук күнөөсү жок экенин билдирип келишкен.

Элмурза Сатыбалдиев “Азаттыкка” курган маектеринин биринде моралдык күнөөсү үчүн гана жазага тартылганын билдирген эле:

- Мен моралдык жоопкерчилигимди сезем. 7-апрель гана эмес, 2005-жылдан 2010-жылга чейин кандай окуялар болсо моралдык күнөөм бар деп эсептейм. Бирок укуктук жактан мен өзүмдү күнөөлүү деп сезбейм, сезген да эмесмин.

"Сот саясатташты"

Анткен менен азыркы күнгө чейин Апрель окуясында жакынын жоготкон жана жабыркагандар сот чечимине нааразы. Алар кандуу буйрукту берген жогорку кызматтагылардын чындап жазага тартылбаганын сындап келишет. Маселен, Апрель окуясындагы жабырлануучулардын таламын сотто коргоп келген “Эр тиреги” коомунун төрагасы Осунбек Жамансариев:

- Бир бүдөмүк нерсе калып калды, ок атууга буйрук бергендер жазага тартылбай, окуянын чоо-жайы толугу менен ачылбай калды. Алар жазага тартылса, тергөө дагы жакшылап тактаса көксөө сууш үчүн жакшы болмок. Тилекке каршы, андай болгон жок.

Сатыбалдиев: Ак үйдөн да, сырттан да ок атылган

2010-жылдын 7-апрелине чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин укук жана тартип боюнча кеңешчиси, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев “Азаттыкка” маек курду. Сатыбалдиев Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири.

Дал ушундай эле пикирди Апрель окуясынын катышуучуларынын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков да колдойт:

- Бүгүн абакта жазасын өтөп жаткандардын баары буйрукту аткаргандар. Буйрукту бергендер болсо башка жакта жүрөт. Тарых алдында, эл алдында калкка каршы чыккан эрендердин соту кандай болот деп күтүлүп жаткан. Ал сот ачык болуш керек болчу. Бирок Апрель соту да саясатташып кетти.

Кыргыз бийлиги Апрель окуясынан соң алгачкы жылдары Бакиев жана анын жакындарын Кыргызстанга алып келип жазасын тарттырууга убада берип келген. Бул жаатта Беларустун күч органдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, нааразылык иретинде бул өлкөдөгү кыргыз элчисин чакыртып да алган эле. Бирок убакыттын өтүшү менен мындай талап басаңдап, акыркы убакта такыр эле унутулду. Беларуска жаңы элчи дайындалып, эки өлкө мамилелери өз жолуна түшкөндөй болду. Курманбек Бакиевдин болсо Беларус жарандыгын алып, ээн-эркин жашап жүргөнү дайын болду. Анткен менен Апрель окуясы эгемен Кыргызстандын тарыхында кандай мааниси бар деген суроо азыр да олуттуу мааниге ээ.

Жоопсуз калган суроолор арбын

Бул сот процессинде айыпталган “Альфа” атайын бөлүгүнүн аскерлеринин кызыкчылыгын коргогон “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованын пикиринде, дал ушул процесс аркылуу президенттик аппарат баштаган бийлик сот системасына үстөмдүгүн көрсөтүү кыныгын алды.

- Биз бүгүн сот реформасы орто жолдо калды, мыйзамдар иштебей калды деп айтып келебиз. Бирок булардын эң жакшы иллюстрациясы 7-апрель окуясы боюнча сот жараяны болду. Анткени ал учурда укуктун принциптери жана нормалары бузулду. Бул алты жыл бою уланды. Сот өндүрүшүн абсолюттук саясатташтыруу процесси жүрдү. Адам өлтүрүү сыяктуу өтө оор кылмыштарга айыпталган адамдардын күнөөлүү экени далилденген жок. Ким ок атты жана ким өлтүрдү деген суроого алты жыл бою жооп ала алган жокпуз. Буга карабай бир топ адамдар жазага тартылып, айрымдар жазасын өтөп бүтсө, айрымдар абакта отурат.

Жакупова бул процесс менен сот реформасы ишке ашпай турганы түшүнүктүү болгон деген оюн айтат.

Апрель сотунан бир көрүнүш
Апрель сотунан бир көрүнүш

Ал эми Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев бул жараянга айтылган сындарга карабай бийлик үчүн сабак болчу мааниси бар экени билдирет:

- Соттун мааниси эмнеде? Биринчиден, мындай өзүм билемдик, кара өзгөйлүк жана канкордук өтпөй турганын коомго көрсөтүү. Кандай болгондо да эртеби-кечпи жазасын алат. Коомго ушул нерсени көрсөттүк. Ошол жерде отурган айрымдардын күнөөсү далилденип, айрымдары толук далилденбей сүрмө топ болуп калганын айткандар көп. Бирок бул сот менен биз ошол жакта отургандарды соттогон жокпуз. Бул сот мурдагы заманды, мурдагы бийликти соттоду, анын жүзүн ачып көрсөттү. Саясий мааниси ушунда.

2010-жылы 7-апрелдеги кандуу калабада 87 адам окко учуп, 300дөн ашуун адам жаракат алган. Кийин жаракат алгандардын арасынан да бир тобу каза болуп, жалпысынан бул окуя токсондон ашык адамдын өмүрүн алган.

"Атамдын көзү тирүү болгондо..."
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG