Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

"Садыркулов иши" аяктаарына аз калды


Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айыпталгандар сотто, 5-апрель, 2012.
Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айыпталгандар сотто, 5-апрель, 2012.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот иши бир ай ичинде жыйынтыкталаары болжолдонууда.

"Садыркуловдун иши" боюнча Бишкек горнизондук аскер соту 17-августтагы отурумунда анча оор эмес кылмыштар үчүн айыпталып жаткан Тынычбек Маматовго карата кылмыш ишти токтотуу чечимин чыгарды. Кечээ сот жабык өтүп, анда жашыруун иштеген оперативдүү кызматкерлер суралган. Анын соңунан Маматовдун адвокаты айыптоо мөөнөтү бүткөндүктөн, аны бошотууну сурап сотко кайрылган. Эгер он күнгө чейин жабырлануучу жана айыпталуучу тарап сотко кайрылбаса чечим күчүнө кирет. Садыркуловдун адвокаты Леонид Лужанский "Азаттыкка" жабырлануучу тарап бул чечимди сотко берет деп билдирди.

Маматов өз жетекчилигинин буйругу менен Петухов аттуу маркумдун кулак менен сөөмөйүн кесип алган. Ал 2007-жылы жаңы жылдык белек катары Садыркуловдун жубайына тапшырылган.

Буга чейин айып мөөнөтү аяктады деген негиз менен сот Жаныш Бакиевдин жан сакчысы Абдыкалык Жапаровду жана айдоочусу Алтынбек Амракуловду мунапыс аркылуу бошотуу чечимин чыгарган. "Садыркуловдун иши" боюнча айыпталып кармалгандардын дагы бири, чек ара кызматынын мурдагы башчысы Замир Молдошев болсо тил кат аркылуу үй камагына бошотулган.

Былтыр камакка алынгандардан калган сегиз айыпталуучу Ысык-Ата районун аймагындагы 50-убактылуу камак жайында отурат.

Адвокат Леонид Лужанскийдин айтымына караганда, буларга Кылмыш кодексине ылайык жоон топ айып тагылууда:

- Ар биринин мойнунда киши өлтүрүү, кызматынан кыянат пайдалануу, убагында маалымат бербей коюу сыяктуу тутамдаган беренелер бар. Менимче, булардын ичинен төрт киши катуу жазага тартылат.

Бирок жазага тартылып жаткандардын арасында башкы айыпталуучу, уюштуруучу, аткаруучу саналып жаткан мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев жок, анткени ага жарыяланган издөөдөн тыянак чыга элек. Буга жараша аны азыркы соттук териштирүүнүн алкагында сот жообуна тартуу кыйынчылыкты жаратат дейт адвокат Лужанский:

- Себеби ал өзүнө каршы кылмыш иши козголгонун билген жок, ага айып тагылган жок, баш коргоо чарасы колдонулган жок. Ошондуктан бул ирет аны жоопко тартуу проблема жаратат.

Адвокаттын айтымында, Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Жаныш Бакиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынды. Өзүнчө өндүрүшкө ошондой эле “Садыркулов ишин” жол кырсыгы катары баалоо фактысы да алынып, тергелип жатат.

2009-жылы 13-мартта Кой-Таш аймагында президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, эксперт Сергей Слепченко, айдоочу Кубат Сулайманов бараткан автоунааа өрттөлгөн абалында табылган. Аны сүздү деп эсептелген автоунаанын айдоочусу Өмүрбек Осмонов тирүү кармалып, айыпкер катары соттолуп, 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин киши колдуу өлгөн.

Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев өлтүрттү деген шектенүүлөр апрель окуясынан кийин ишти кайра териштирүүнү шарттаган. Адвокат Лужанскийдин айтымында “Садыркулов ишинде” Жаныш Бакиев башкы айыпкер, башкы уюштуруучу жана башкы аткаруучу катары саналат.

Ички иштер министрлиги бир жыл мурда Садыркуловду өлтүрүү ишине Жаныш Бакиев баштаган 17 киши тартылгандыгын белгилеп, чек ара, ички иштер кызматтарынын жооптуу кызматкерлеринин, кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн аттарын атаган.

Ушундай айыптын негизинде мартта башталган соттук териштирүү апрель, июнь окуяларына байланышкан соттордон айырмаланып, ыкчам жана калыс жүрүп жатат. Бул тууралуу адвокат Лужанский билдирди. Анын айтымында, мындай ылдамдык менен иштесе сот "Садыркулов ишине" бир ай ичинде чекит коюшу мүмкүн.

Садыркуловдун санаалаштары өз кезегинде соттук териштирүү маркумдун өлүмүн жана анын себептерин аныктап, чыныгы күнөөкөрлөрдү таап, жазалаарына ишенбей келатышат.

Сотко расмий жабырлануучу катары Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыркулова катышууда.

Кезинде Бакиевдин бийлигин күчтөндүргөн чыгаан саясатчы саналган Медет Садыркулов 2009-жылы январда кызматынан кетирилген. Андан кийин анын сунушталган тышкы иштер министри кызматынан баш тартканы, Бакиевдерге каршы оппозициялык күчтөрдү топтоого күжүрмөн киришкени айтыла баштаган.


"Азаттыктын" архивинен: Аламүдүн капчыгайындагы каргаша болгон жер

Аламүдүн капчыгайы: Каргаша болгон жай
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG