Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Максим Бакиевди жоопко тартса болобу?


Максим Бакиев.
Максим Бакиев.

2010-жылдын апрель айында АКШнын Конгресси уюштурган “Манас” аба майданында жайгашкан америкалык базадагы коррупциялык иштерге байланыштуу угууда эксперттер ой-пикирлери менен бөлүшкөн.

2010-жылы АКШ Конгресси уюштурган атайын угууга катышып, баяндама жасаган америкалык адвокат, Колумбия университетинин профессору Скот Хортон "Азаттык" менен болгон маегинде "Манас" авиабазасындагы коррупциялык иштерге Кыргызстандын жогорку бийлиги кантип аралашканын чечмеледи.

"Азаттык": "Манас" транзиттик базасындагы май ташуудагы коррупциялык иштер боюнча Кыргызстанда да, АКШда да негиздүү далилдер болсо эмне үчүн Вашингтон эч кандай укуктук кадам жасаган эмес?

Скот Хортон: 2010-жылдын апрель айында Конгрессте атайын угуу болуп, ага Кыргызстандын мурдагы элчиси Бакыт Абдрисаев баштаган бир катар эксперттер катышып, баяндама жасаганбыз. Андан кийин АКШ бийлиги атайын иликтөө жүргүздү. Нью-Йоркто кылмыш иши козголуп, иликтөө башталганын билебиз.

Атайын кызматтар Максим Бакиевдин кантип арам акчаны адалдаштырганын териштирип отуруп, анын алкагында Гуревич кармалган. Ошондой эле АКШнын Коргонуу министрлиги май ташыган келишимдерге байланыштуу катуу сынга кабылгандан кийин андай келишимдерди түзүүнүн жана иш жүргүзүүнүн башка формасына өткөн. Анан "Манастагы" база жабылгандан кийин авиакеросин ташуу токтоп, ага байланыштуу иштер өзүнөн өзү актуалдуулугун жоготту.

2010-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкан соң "Манастагы" базага байланыштуу маселе көтөрүлүп, бирок Бакиевдердин байлыгын кайрып алууга келгенде алгылыктуу эч нерсе болгон жок. Бир жагынан өкмөттөгү жогорку даражалуу адамдар коррупция тууралуу байма-бай айтканы менен бийликтин колу төмөнкү деңгээлдеги майда адамдарга жетип, бирок “чоң балыктарга”, анын ичинде Максим жана Курманбек Бакиевдерге каршы иш жүргөнүнүн эч бир далилин көрө алган жокмун.

"Азаттык": Эми азыр юридикалык жактан алганда, Бакиевдерге байланыштуу кылмыш ишин жандантууга мүмкүнчүлүк барбы?

Скот Хортон: Бул өтө татаал. Биз бул иш менен 2010-жылы алектенип жатканда, Прискрипшн деп аталган юридикалык доктрина бар болчу. Ага ылайык, доогер тарап кайсы бир убакыт ичинде өз арызын бериши керек. Буга берилген эң узак мөөнөт алты жыл. Демек, 2016-жылга чейин доогердин арызы берилиши керек эле. Кайсы бир себептерден улам мындан кечеңдетсе дагы болмок, бирок негизинен 2016-жылдын этегине чейин арызды каттатышы абзел эле. Андай болгон жок. Эми кайрадан процессти баштоо өтө татаал.

Бирок дагы бир жолу бар экенин түшүндүрөйүн. Кыргызстан кимдир бирөөгө каршы эмес, бул менин жеке менчигим, ал акча меники деген негизде арызданса болот. Бул жагынан укуктук жактан чектөөлөр толтура болсо дагы чыйырдай жол бар. Бирок дагы бир жолу айтарым, андан бери бир топ жыл өтүп кеткени иштин жылышын татаалдаштырат.

"Азаттык": Ушул тапта Максим Бакиевди британ мыйзамдары коргосо, Курманбек Бакиев Беларустун жараны. Бирок Бакиевдердин коррупциялык иштерин ичинен билген Гуревич кандайдыр бир далилдерди бере алам деп айтып жатат. Эми бир нерсеге үмүт кылсак болобу?

Гуревич силерге берген маегинде кыргыз бийлиги эч нерсе жасаган эмес деп айтып жатпайбы. Мен ушул күнгө чейин кыргыз бийлиги эч нерсе кылбай, кол куушуруп отурганын түшүнө албай аң-таң болуп жүрөм.

Скот Хортон: Гуревич соттолуп жатканда ага каршы ачылган ишке байланыштуу бир топ деталдуу маалымат топтогом. Ал иште Гуревичтен башка дагы эки кишиге айып тагылган. Анан мен Кыргызстандын башкы прокуроруна, юстиция министрине жана тышкы иштер министрине – силер дагы ушул сот ишинин бир тарабы болуп, ушул процесске кошулгула деген кеңешимди бергем.

Бакиевдер жакындары менен уурдап чыгып кеткен байлыкты кайра алууга аракеттенип көргүлө дегем. Бирок алар андан кийин эмне аракет жасаганын билбейм. Менин билишимче эч кандай аракет болгон эмес, анын белгиси да жок. Гуревич силерге берген маегинде кыргыз бийлиги эч нерсе жасаган эмес деп айтып жатпайбы. Мен ушул күнгө чейин кыргыз бийлиги эч нерсе кылбай, кол куушуруп отурганын түшүнө албай аң-таң болуп жүрөм.

"Азаттык": Бул эми кыргыз бийлигинин колунан эч нерсе келбей койгонун көрсөтөбү же дагы бир себеби барбы?

Скот Хортон: Эмне үчүн эч нерсе жасабай коюшканын алардан суроо керек. Ошондой эле коррупция дагы кандайдыр бир роль ойногон жокпу деген суроону дагы берүү зарыл.

"Азаттык": Гуревичтин интервьюсу чыккандан кыргыз бийлигинин жогорку эшалону будуң-чаң түшүп калгандай болуп, маселени парламентте көтөрүп жатышат. Укуктук жактан алганда бул иштерге байланыштуу Максим Бакиевди АКШ аркылуу кандайдыр бир тергөө ишине тартса болобу?

КШ Максим Бакиевге иш ачып, ага айып такса, америкалыктар аркылуу аны Кыргызстанга дагы экстрадиция кылсаңар болот. Бирок ал үчүн силер АКШда жүрүп жаткан сот процессине теңата болуп катышууңар керек деген акылымды айткам. Бирок андан эч нерсе чыккан жок.

Скот Хортон: Ооба, бирок буга чейин мүмкүн болчу. Мен жана айткандай, Гуревичтин сот иши жүрүп жатканда ал ишти аткарууга мүмкүн болчу.

Мен кыргыз бийлигине кайрылганымда дагы, АКШда жүрүп жаткан сот ишине назар салсаңар, Британия силер менен кызматташып, Максим Бакиевди кармап бербейт, бирок АКШ Максим Бакиевге иш ачып, ага айып такса, америкалыктар аркылуу аны Кыргызстанга дагы экстрадиция кылсаңар болот. Бирок ал үчүн силер АКШда жүрүп жаткан сот процессине теңата болуп катышууңар керек деген акылымды айткам. Бирок андан эч нерсе чыккан жок. Андай мүмкүнчүлүк колдон чыкты.

Гуревич дагы кыргыз өкмөтү сот процессине катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарганын көрүп турат.

Ооба, дал ошол маалда Вашингтон менен Бишкектин ортосунда бир катар маселелер болду, анын башында "Манастагы" база турду. Балким ошол факторлор дагы Америкадагы сот ишине аралашпай коюуга түрткү болгондур. Мен анын чыныгы себептерин билбейм, аны кыргыз өкмөтүнөн суроо туура болоор.

"Азаттык": АКШда түрмөдө отурган Гуревич жазасын өтөп бүтүп калыптыр. Маегинде ал тууралуу ачык эле сүйлөп жаткандай.

Скот Хортон: Ооба, ал ачык эле сүйлөптүр. Анткени ал мурдагы кылган кылмыш үчүн экинчи жолу жазага тартылбайт. Мен анын силерге берген маегин кунт коюп окуп чыктым. Мурда дагы бул иштерди иликтеп жүргөн киши катары – анын айткандары чындыктай эле туюлду. Анын сөзүнөн калпты көргөн жокмун, айтканын баары туура.

"Манастагы" базадан байыган президенттер

"Азаттык": 2010-жылы АКШ Конгрессинде сиз катышкан угуунун жыйынтыгы эмне менен аяктады?

Скот Хортон: Коррупция ишинде кандайдыр бир бүтүмгө келүү чындап татаал болду. Анткени келишимдеги АКШ тарап бардык нерсени купуя жана жашыруун кармаган. Май ташуучу келишимдердин шарты жана андагы Бакиевдердин үй-бүлөсүнө байланыштуу коррупциялашкан иштердин чоо-жайы менен таанышуу өтө кыйын болгон.

Негизинен келишимге байланыштуу маалымат "Манас" базасы турган жерде топтолгон. Биз ошондой эле коррупциялашкан иштерди Өзбекстандан дагы аныктаганбыз. Ал жакта дагы күйүүчү май менен камсыздоо жана жүк ташуу бизнесине Каримовдун үй-бүлөсү аралашкан.

"Азаттык": Кыргызстандын мурдагы эки президентинин үй-бүлөлөрү америкалык базадан канча акча тапкан, кирешеси кандай болгон?

Скот Хортон: "Манас" аэропортуна байланыштуу ишти айтсам, ошол эле Акаевдин үй-бүлөсү аба базасына май ташыган бизнестен сырткары жердеги тейлөө кызматтарын дагы өз колуна алып, андан киреше кирип турган. Биз анда деле келишимдерди колубузга алып, тааныша алган эмеспиз. Алар келишимдер АКШнын Коргоо министрлиги менен түзүлгөн. Ал маалда Ооганстандагы согуш аракеттерин уланып жаткандыктан, аскердик чыгымдар жашыруун эле. Кыргызстандын эки президентинин тушунда тең баарын жашыруун кармашканы шек жараткан.

Ал эми Конгрессте мен, мурдагы элчи Бакыт Абдрисаев жана башка дагы адамдардын көрсөтмөлөрүндө бардыгыбыз тең эле АКШнын Коргоо министрлигинин мындай жашыруун ыкмасы шек туудурарын айтканбыз. Кыргызстандын эли базада коррупциялык иштер болуп жатат деген пикирде экенин айтканбыз. Чындап эле коррупция болгонбу – биз ага далилдерди көрбөгөндөн кийин ишенимдүү айта албайбыз. Бирок биз министрликтин мындай иш алып барганы коррупция бар деген шек жаратарын айтканбыз.

Конгресстин иликтөөчүлөрү коомчулукка чыгарбай, ички колдонууга даярдаган докладдарда "Манаска" байланыштуу маалымат менен таанышканымда Орусияда болгон коррупция тууралуу материалдар да колума тийген. Ал жактан алынган күйүүчү май Кыргызстанга келгенде ички базарда сатылбай, Ооганстанга жүк ташууга колдонулган. Бул жерде Орусияда дагы кандайдыр бир көз боёмочулук болгону айдан- ачык экени көрүнүп турат.

"Азаттык": Сиздин Конгресске берген көрсөтмөңүздө май сатуудан Акаевдердин үй-бүлөсү 500 миллиондон миллиард долларга чейин пайда көргөнү айтылат?

Скот Хортон: Бул иликтөөчүлөр эсептеген сумманын көрсөткүчү. Баса белгилеп айта кетчү нерсе – бул президенттик үй-бүлөнүн мамлекеттик мүмкүнчүлүктөрдү өз кызыкчылыгына колдонгонун айгинелейт. Бирок ошол эле жол менен кийинки президент Бакиевдин үй-бүлөсү дагы байыды да.

"Азаттык": Сөзүңүзгө аралжы, "Red Start" менен "Mina" компанияларынын таржымалына кайрылсак.

Бирок иш жүзүндө май кыргыз эли үчүн эмес, Ооганстандагы НАТОнун учактарына куюуга ташылып жаткан соң, Орусия бааны арзандатканын токтоткон. Май эмне максатта сатылып алынып жатканы тууралуу Москвага туура эмес маалымат берип турушкан.

Скот Хортон: "Red Start" менен "Mina" - Орусиядагы кара май иштеткен заводдон авиацияга колдонулчу майды Кыргызстанга ташып келген эки компания. Алар Орусиядан майды кыргызстандыктардын керектөөсү үчүн деген негизде ташып турушкан. Орусия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, орусиялык ишкана майды арзандатылган баада сатып турган. Тагыраак айтканда, бул Орусиянын субсидиясы болгон. Бирок иш жүзүндө май кыргыз эли үчүн эмес, Ооганстандагы НАТОнун учактарына куюуга ташылып жаткан соң, Орусия бааны арзандатканын токтоткон. Май эмне максатта сатылып алынып жатканы тууралуу Москвага туура эмес маалымат берип турушкан.

"Азаттык": Май ташуудагы мындай схеманы Москва билгенби же Кремл көз жуумп койгонбу?

Скот Хортон: Ташылган майдан көлөмү ушунчалык көп экенин элестетип көрсөңүз, Кыргызстанга келген майды сатып алгандар АКШнын аскердик базасы менен жакындыгы болсо, анан Орусиянын бийлигиндегилер билбей калды деген жомоктой сезилет.

"Азаттык": Бакиевдер "Манастагы" май ташуудагы коррупциялык системаны канчалык өркүндөткөн, коррупциянын деңгээли канчалык кеңейген?

Скот Хортон: "Манас" аба базасындагы авиациялык маанидеги майдын керектөө деңгээлин карасак, Бакиевдин үй-бүлөсү Акаевдердин чокоюн кийип алгандай эле таасир калтырат. Акаевдин үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн коррупциялык система толук бойдон Бакиевдердин колуна өткөн. Ооба, бир топ киши аралашкан, бирок аягы барып Бакиевдердин үй-бүлөсүнө такалат. Гуревич силерге берген маегинде канча акча уурдалып, кандайча өлкөдөн чыгарылып кеткенин айтып жатат.

"Азаттык": 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин "Манас" базасына май ташуу ишинде өзгөрүү болдубу?

Скот Хортон: Келишимдерди түп-тамырынан берип өзгөртүп, анын ачык-айкындуулугун камсыздоого байланыштуу иштер жасалган. Май ташуу жөнүндө түзүлгөн келишимдер өзгөргөн. Бул жараян эки жылдай созулду. Бирок Бакивдер алып чыгып кеткен акчаны кайра кайрып келүү боюнча чындап иш жүрдү беле – ушул суроонун изине түшүү керек.

Буга байланыштуу АКШда сот иштери жүрүп, Максим Бакиев жана башкаруучу үй-бүлөгө жакын башка адамдардын өтө коррупциялашкан иштери далилденген. Бирок жаңы өкмөт америкалык прокурорлор менен кызматташып, бул багытта кандайдыр бир иш жасаганын көрө албадым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG