Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:51

"Манастагы" күмөндүү миллиондор


"Манастагы" америкалык аба базада 2009-жылы тартылган сүрөт.

АКШнын Кыргызстандагы аба базасы жабылганына төрт жылдан ашты. Бирок бул базаны күйүүчү май менен камсыздоодо чоң кирешеге туйтунгандардын, казынага түшпөй калган миллиондордун маселеси алигиче түкшүмөл суроолорду жаратып келет. “Азаттык” мурдагы кыргыз президенттери – Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тушунда аба базага май ташып келүүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайларды тизмектеди.

2014-жылдын 3-июну. “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун жабылуу аземи өтүп, ачкыч кыргыз тарапка тапшырылган күн. Аны улай америкалык аскерлердин акыркы бөлүгү толугу менен базадан чыгып кеткен.

Бир кезде бул база тынымсыз иштеп, эл аралык коалициянын жоокерлерине, аскердик техникага шыкалган борбор эле. Күн сайын база аркылуу 1200дөн 3500гө чейинки аскерлер эки жакка каттап турган. НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операцияларына бараткан жана андан кайтып келаткан дээрлик ар бир аскер “Манас” аркылуу өтүп келген.

АКШ Конгрессинин баяндамасында айтылгандай, ай сайын 13 миллион тоннага чейинки жүк жана НАТОнун коалициялык күчтөрү керектеген күйүүчү майдын кеминде 30 пайызы бул база аркылуу ташылып турган.

Транзиттик борбор жабылганда АКШнын аба күчтөрү тараткан маалыматта айтылгандай, базада 12,5 жыл ичинде аскердик учактарга баш-аягы 12,2 миллиард галлон күйүүчү май куюлган. Бул 9 миң олимпиадалык бассейнди толтурууга жетиштүү болмок.

- Бул - АКШнын тарыхындагы эң кымбат согуш болду. Ал жерде күнүнө 500 миң галлон күйүүчү май керектелип турган. Масштаб ушунчалык чоң болгон. Кайсы бир мезгилде “Манас” аба базасы "Шереметьево" менен "Домодедовонун" экөөнү кошкондо да андан көп күйүүчү майды керектеп турган, - деди америкалык базаны күйүүчү май менен камсыздоодогу күмөндүү жагдайларды өз китебинде жазган окумуштуу, Борбор Азия университетинин илимий кызматкери Кемел Токтомушев.

2001-жылдан 2011-жылга чейинки он жыл ичинде эле базаны күйүүчү май менен камсыздоо боюнча 1 миллиард 857 миллион доллардык келишимдер түзүлгөн. Дал ушул каражаттын бир бөлүгү мурдагы президенттердин үй-бүлөсүнүн капчыгына түшкөнү тууралуу талкуулар алигиче токтобой келет. Май ташууда ыктымал коррупциялык аракеттер болгону тууралуу маалыматтар Кыргызстандагы эки ыңкылаптан кийин да айтылган. Алдыда дал ушул талкууга негиз болгон жагдайларды чечмелейли.

Ооганстандан "Манаска" кайтып келе жаткан аскерлер, 26-февраль 2006-жыл.
Ооганстандан "Манаска" кайтып келе жаткан аскерлер, 26-февраль 2006-жыл.

Аскар Акаевдин доору

2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы теракттардан кийин Вашингтон менен Бишкек тез эле тил табышып, буга чөлкөмдөгү башка оюнчулар да макулдук беришип, “Ганси” базасы ошол жылдын декабрь айында ачылып калган. Ал үчүн АКШ жылына Кыргызстанга 2 миллион доллардан ашык каражат төлөмөй болгон.

Вашингтон алгачкы бир жылдан ашык убакытта базаны күйүүчү май менен камсыздоо укугун баш кеңсеси Мэрилендде жайгашкан "AvCord" аттуу компанияга ыйгарган. Бирок бул ишкана да, андан кийин кирешелүү бизнеске киришкен "Red Star" жана "Mina Corp" компаниялары да өздөрү түздөн-түз май ташып келген эмес. Алар жергиликтүү ишканалар менен келишим түзүп, базаны авиакеросин менен камсыздап турушкан.

Андыктан "AvCord" компаниясынын буюртмасы менен мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге таандык делген “Манас эл аралык сервис” ишканасы субподрядчик катары “Манаска” май ташып келе баштаган. Экинчи субподрядчик болуп Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаевге таандык “Аалам сервис” компаниясы тандалган. Буга “Манас” аэропортунун ошол кездеги жетекчилигинин дал ушул эки компания менен гана иштешүү талабы түрткү болгон.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар.
Мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар.

АКШнын Коргонуу жана логистика боюнча агенттиги "AvCord" компаниясынан кийин май ташуу укугун 2003-жылдын февраль айынан тарта "Red Star Enterprises Ltd." компаниясына ыйгарууну чечкен.

Мурдагы президенттин уулу менен анын күйөө баласына байланышы бар “Манас эл аралык сервис” менен “Аалам сервис” компаниялары болсо негизги субподрядчик бойдон кала берген.

"Red Star" компаниясынын маалыматы боюнча, 2003-2005-жылдары күйүүчү май үчүн “Манас эл аралык сервиске” 87 миллион доллар, “Аалам сервиске” 32 миллион доллар төлөнгөн.

"Жоогазын” ыңкылабынан кийин дал ушул эки компания жаңы бийликтин иликтөөсүнө кабылып, Акаев менен байланышы бар 42 компаниянын тизмесине кошулган.

Айтмакчы, ал учурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы АКШнын Юстиция министрлигине кайрылып, “Акаев кымырып кетти” делген каражаттарды жана мүлктү табууга жардамдашууга чакырган. АКШнын Федералык иликтөө бюросу сегиз беттен турган баяндаманы Кыргызстандын жаңы жетекчилигине берип, көп өтпөй бул документке “жашыруун” деген макам ыйгарылганы белгилүү болгон.

Ал баяндаманын көчүрмөсү убагында “Нью-Йорк Таймс”, “NBC News” сыяктуу маалымат каражаттарынын колуна тийген. Алар 2005-жылы жарыялаган макалаларда “Манас эл аралык сервис” менен “Аалам сервис” компаниялары Нью-Йорктогу "Citibank" менен голландиялык ABN AMRO банктарындагы арам акчаны адалдоо операцияларына катышканы белгиленген. Ошондой эле бул эки компания Акаевдерге тиешеси бар делген жүздөгөн офшордук компаниялар менен да байланышта болгону айтылган.

"Жоогазын” ыңкылабынан кийин кыргыз тарап мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсү өлкөдөн чыгарып кетти делген каражаттарды алып келүү үчүн америкалык адвокат Эдвард Либерманды жалдаганы маалым.

Адил Тойгонбаев.
Адил Тойгонбаев.

2005-жылдын күзүндө Либерман “Манас эл аралык сервис” компаниясы жана ага байланыштуу ишканалар Нью-Йорктогу Citibankтагы эсептерге 40 миллион доллар которгонун билдирип, бул маалыматты ФБРден алганын айткан. Бирок аны башка көз карандысыз булактар же ФБР тастыктаган эмес.

Кантсе да америкалык базаны күйүүчү май менен камсыз кылган, мурдагы президент Акаевдин жакындары ээлик кылган компаниялардын мындай күмөндүү операцияларда аты аталганы учурунда талкуу жараткан. “Акаевдин үй-бүлөсү базадан олчойгон акчаларды жасаган” деген дооматтарга түрткү берген.

“Ушул майдын тегерегинде өтө көп саясат болгон. Анткени анын аркасында акча бар да. Ошондуктан аябай көп оюндар болгон”, - дейт 2005-жылдан кийин Коопсуздук кеңешинин жетекчиси болгон, азыр эми Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов.

Деген менен Акаевдин үй-бүлөсү Кыргызстанда айтылган бул сыяктуу айыптоолорду четке какканы белгилүү.

Ал эми Пентагондун расмийлери “Манас эл аралык сервис” менен “Аалам сервис” компаниялары жогорку бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгону үчүн эмес, Бишкектин четиндеги аба базасына май ташып келүүгө мүмкүнчүлүгү болгону үчүн бул ишке катышканын билдиришкен. АКШнын Коргоо министрлиги мындай келишимдерди берүүдө чет өлкөлүк лидерлер менен байланышы бар компанияларга тыюу салбай турганын да кошумчалаган.

"Манас" аэропортундагы төрт жыл мурда жабылган америкалык аба база, 6-март 2014-жыл.
"Манас" аэропортундагы төрт жыл мурда жабылган америкалык аба база, 6-март 2014-жыл.

Бакиевдин доору

Курманбек Бакиевдин тушунда болсо «Манастагы» америкалык базанын макамы боюнча АКШ тарап менен кеминде эки ири сүйлөшүү болгон. Биринчи ыңкылаптан кийин бийликке келген Бакиев базанын жылдык төлөмүнүн аздыгын белгилеп, аны чыгарууну ишара кылып жатып, 2006-жылы АКШ база үчүн мурдагыдай 2 миллион доллар эмес, 17 миллион доллар бермей болгон.

Буга кошумча ар кыл долбоорлорго 150 миллиондук жардам көрсөтүлөрү кабарланган.

2009-жылы база аз жерден жабылат деп барып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ал Транзиттик борбор болуп өзгөрүп, Америка жылына 60 миллион доллар Кыргызстанга берүүнү убада кылган. Бакиевдин тушундагы келишимдер боюнча транзиттик борборго ташылган күйүүчү майлардан акциздик салык алынбай турган болгон.

Кыргызстан база боюнча АКШ, Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жана соодалашууларды жүргүзүп жатканда аба базаны күйүүчү май менен камсыздоо токтогон эмес. Кадимкидей эле улана берген.

“Red Star” компаниясы май ташууну 2007-жылга чейин улантып, андан кийин бул ишти өздөрүнүн эле компаниясына – “Mina Corporation” компаниясына өткөрүп берген. Ал учурда “Red Star” деген ат коомдо Акаевдин үй-бүлөсү менен байланышып калгандыктан компания жаңы бренд алып келүүнү чечти деген жоромолдор да айтылган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү.

Ушул жерден эки компаниянын таржымалына токтоло кетели. “Red Star” да, “Mina Corp” да алгач Британияга таандык Гибралтар аймагында түзүлгөн. Алардын кожоюндары катары кыргызстандык Эркин Бекболотов жана француз жараны Дельфин Ле Дан көрсөтүлгөн. Бирок Ле Дандын атынан компанияны анын күйөөсү, көп жыл Кыргызстанда жашаган Дуглас Эделман башкарып келген. Алар база ачылганга чейин эл “Манас” аэропортун күйүүчү май менен камсыз кылууга аралашып келгенин айтышкан.

2010-жылдын апрель айында АКШ Конгрессинин комитетинде болгон угууда бул компаниянын купуялуулугу сынга кабылган. “Red Star” жана “Mina Corp” компанияларын сындагандардын бири Колумбия университетинин профессору, аба базага май ташуу маселесин изилдеген Скот Хортон эле:

- Бул компанияларга байланыштуу тынчсыздануу жараткан суроолор бар. Алар мурда бул тармакта иштебей туруп эле, кайдан-жайдан чыга калышкандай. Компаниялардагы адамдардын АКШ өкмөтү менен менен байланышы бар. Бирок май ташуу индустриясы менен эмес, -деп билдирген профессор Нортон.

“Mina” менен “Red Star” купуялуулугун өздөрүнүн ийгилигинин ачкычы катары эсептешет. Компаниялар элдин көзүнөн далдоо иш алып барышат. Алардын интернет сайты жок. Алардын дареги Гибралтарда жайгашкан. Апрель айына чейин алардын операциялары Бишкектеги “Хаят” мейманканасынын экинчи кабатынан жүргүзүлгөн”,-деп жазылат Конгресстин 2010-жылдын декабрь айында жарыялаган баяндамасында.

Айтор, бул эки компания 2003-жылдан 2011-жылга чейин базаны керосин менен камсыздоо багытында жалпы баасы 1 миллиард 800 миң доллардык келишимдерди аткарган.

Ооганстандан "Манаска" учуп келген аскердик учактагы жоокерлер, 26-февраль 2009-жыл.
Ооганстандан "Манаска" учуп келген аскердик учактагы жоокерлер, 26-февраль 2009-жыл.

Бакиев бийликте турганда да жергиликтүү компаниялар аркылуу “Манас” аба базасына май ташып келүүнү уланткан. Болгону алардын буюртмасын мурда Акаевдин уулу менен күйөө баласы көзөмөлдөдү деген эки компания аткарып келген болсо алардын ордуна башка ишканалар түзүлгөн.

Ошол учурдагы өзгөрүүлөрдү бул багытта өз алдынча иликтөө жүргүзгөн жарандык активист, "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" мүчөсү Адил Турдукулов айтып берди:

- Айдар Акаев да, Адил Тойгонбаев да бул жерде чоң финансылык булактар бар экенин билген. Анан эки компания түзүлгөн. Революция болуп кеткенден кийин 2005-2006-жылдары ошол жердеги булактарды Өмүрбек Бабанов алганы баарыбызга маалым. Конгресстин отчетунда да бул маалымат бар. Жаңы бийлик келгенден кийин Максим Бакиев тартып алган бул бизнести. Бабановдун оппозицияга кетишинин себеби да ушул.

Конгресстин баяндамасында 2005-жылдан кийин Бабанов менен “Манас эл аралык сервистери” компаниясынын кыска убакыттык байланышы болгону айтылат. Бирок Бабановдун бул тууралуу айткан сөздөрүн Интернеттеги ачык булактардан табуу дээрлик мүмкүн болгон жок. Ошентсе да саясатчы 2010-жылдан кийин да “Манасты” күйүүчү май менен камсыз кылууга катышканы тууралуу маселе көтөрүлгөндө дооматтарды четке каккан болчу.

Бакиевин тушунда "Манас Аэрофьюэлз" «Манас Фьюэл Сервисез», ОсОО «Сентрал Эйша Фьюэл» деген сыяктуу алтыга чукул чакан ишкана түзүлүп, алар “Mina Corp” компаниясынын май ташып келүү боюнча буюртмаларын аткара баштайт.

2010-жылдан кийинки бийлик бул компанияларга каршы кылмыш ишин козгоп, алардын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге байланышы бар экенин билдирген.

Максим Бакиев
Максим Бакиев

2007-жылы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү делген “MGN group” компаниясынын жетечиси Евгений Гуревич “Манас” аэропортунун директорлор кеңешине келгенде аэропортко тиешелүү заправка кылуучу комплекс "Манас Аэрофьюэлзга" 7 миллион долларга сатылган. Бул каражатты "Манас Аэрофьюэлзга" “Mina Corp” берген. Мындай транзакциядан кийин “Mina Corp” менен Бакиевдин кичүү уулу келишип алганбы же аэропорттун жетекчилигин паралашканбы деген суроолор жаралган. Себеби бул комплексти жылына ижарага берүүдөн эле 4-5 миллион доллар каражат табылып келген.

2010-жылдан кийин бул комплекстин сатылып кетиши боюнча Гуревич 15 жылга сыртынан абакка кесилген. Ал жакында “Азаттык” менен маегинде мында өзүнүн эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, ал кайсы бир мааниде буйрукту гана аткарганын билдирди. Бирок аба базанын айланасындагы коррупциялык схемаларга Максим Бакиевдин байланышы бар экенин белгиледи:

“Максим Бакиевдин "Mina" жана "Red Star" ишканаларында түздөн-түз жашыруун үлүшү болгонун так билем. АКШ Конгрессинин иликтөөсү бул фактыны тастыктабаганы мени абдан таң калтырды. Балким алар тастыктагысы келишкен эмес чыгаар. Себеби бул Пентагондун кызыкчылыгында болгон эместир. Бирок так кандай схемалар колдонулганын же буга кандай жол менен катышып жатканын Максим жеке өзү мага айткан эмес. Мен муну анын ишмердигиндеги көпчүлүккө белгилүү факт катары билем. Андан башкача болушу мүмкүн деп деле элестетүү кыйын”, - деди Евгений Гуревич.

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:30 0:00

Күйүүчү майдын булагы

Бакиевдин тушунда күйүүчү майдын булагы боюнча күмөндүү жагдайлар болгон. Акаевдин доорунда күйүүчү майдын бир бөлүгү Казакстандын Павлодарынан жана Атыраусунан, Түркмөнстандын айрым заводдорунан алып келүүгө аракет жасалса да, “Манас” аба базасына негизинен Орусиянын Омск шаарындагы мунай иштетүүчү заводдон кымбат керосин келип турган. Бул завод “Газпромнефтке” караштуу экени белгилүү.

Орусия авиакеросиндин аскердик максатта экспорттолушуна тыюу салганына карабастан күйүүчү май Кыргызстанга жарандык авиация үчүн деген жүйө менен келе берген. Керек болсо 2007-2009-жылдар аралыгында Кыргызстандын ошол учурдагы премьер-министри Игорь Чудинов “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллерге кат жөнөтүп, ага кыргыз авиациясын авиакеросин менен жабдып жатканына ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле Максим Бакиевге байланышы бар делген «Сентрал Эйша Фьюэл» компаниясына айына 40 миң тонна күйүүчү май берүүнү өтүнгөн. “Mina Corp” ишканасынын жетекчилиги премьер-министрди орус тарапка мындай өтүнүч келтирүүгө кантип көндүргөнүн түшүндүргөн эмес.

Ошентсе да бул режимдин расмий коммуникация каналдарын жеке кызыкчылыктар үчүн колдонгонун далилдеген факт болуп калган.

- Кыргыз авиациясы мынча көлөмдөгү күйүүчү майды керектебейт эле. Жарандык максатта эмес. Анын үстүнө 2004-жылы орус президенти буйрук чыгарып, күйүүчү майды аскердик максатта экспорттоого тыюу салган. Буга карабастан базанын күйүүчү майы түгөнгөн эмес. Ортомчу фирмалар документтерди жасап, тынч максатта колдонулат деп белгилеп, чын-чынында ал май “Манас” базасына келип турган. Бул жакта көп оюнчулар болгон, - дейт маселени изилдеген окумуштуу Кемел Токтомушев.

2010-жылдан кийин Утурумдук өкмөттө каржы министринин милдетин аткарган Темир Сариев да Орусиядан Кыргызстандын аты менен алынып келинип келинген күйүүчү май кайра Ооганстанга жөнөтүлүп турганын айтканы бар.

- Менде болгон маалымат боюнча 2009-жылы “Mina corporation” Кыргызстанга 345 миң тонна күйүүчү май киргизген. Мындан башка 175 миң тонна керосинди реэкспорт үчүн Кыргызстанга киргизип, аны кайра Ооганстанга реэкспорт кылып жөнөткөн. Бул түздөн-түз коррупцияланышкан схема менен кеткен. Анткени "Mina corporation" Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимге таянып, күйүүчү майды арзан баада сатып алган. Муну өздөрү кыла албайт эле. Буга мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев түздөн-түз катышкан.

Америкалык базанын кире бериштерин бири.
Америкалык базанын кире бериштерин бири.

Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанда өздөрүнүн дарегине айтылган бул сыяктуу дооматтарды четке кагып келе жатышат.

2010-жылдан кийин келген жаңы бийлик “Манас” аба базасын күйүүчү май менен камсыз кылууда коррупциялык аракеттер көз жаздымда калганын белгилеп, Пентагондун дарегине да кескин сын айткан.

Мындай айыптоолордон кийин АКШ Конгрессинин улуттук коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча кичи комитетинин башчысы Жон Тирни жетектеген топ маселени иликтей баштаган.

Конгрессмендердин сегиз айлык иликтөөсүнөн кийин 2010-жылдын соңун утурлай “Манастагы табышмак: АКШнын Коргоо министрлигинин Кыргызстандагы отун келишимдеринин стратегиялык ак тактары” деп аталган баяндама жарыялаган.

Анда "Манас" транзиттик борборун май менен жабдыган эки компания күмөндүү иштерге барганы айтылып, буга көңүл бурбаганы үчүн Пентагон жана АКШнын Мамлекеттик департаменти сынга алынган. Бирок компаниялардын Бакиев режими менен каржылык байланышта турганы боюнча ишенимдүү далилдер табылган эмес деп белгиленген.

Пентагон Кыргызстанда айтылган дооматтарды четке каккан. “Mina Corp” болсо кыргыз тараптын жүйөлөрүн каралоо катары мүнөздөгөн.

Иш канчалык тыкыр иликтенди?

Кантсе да 2010-жылдан кийин Транспорт прокуратурасы учурда Транзиттик борборго күйүүчү май ташып келүүдө коррупция фактылары орун алган деген шек менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзө баштаган.

Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге жана анын жакындарына тиешелүү делген «Манас Фьюэл Сервисез», «Кыргыз Авиаэйшн», «Сентрал Эйша Фьюэл», «Авиейшн Фьюэл Сервис», «Эйр Крафт Петрол Лимитет» жана «Централ Эйша Трейд групп» фирмалары текшерүүгө алынган.

2010-2011-жылдары башкы прокурор болгон Кубатбек Байболов ошол иштер аягына чыкпаганын айтты:

- Кылмыш иши болгон. Тергөө жүрүп жаткан. Мен бир аз гана убакытка болбодумбу. Мен кеткенден кийин тергөө солгундап, ошол боюнча жок болуп кетти. Миллиондогон доллар тууралуу сөз болуп жатат да. Эгерде чындап киришип, баа бере турган болсо азыр деле бети ачыла турган нерсе.

"Манас" аэропортундагы АКШнын Транзиттик базасы 2014-жылдын 3-июнунда жабылган.
"Манас" аэропортундагы АКШнын Транзиттик базасы 2014-жылдын 3-июнунда жабылган.

Айтмакчы, 2004-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча реактивдүү күйүүчү май алып келүүгө бир тонна үчүн 2000 сом акциз салыгы киргизилген. Бирок мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда күйүүчү май үчүн акциз салыгынын өлчөмү нөлгө түшүрүлгөн. Эгерде күйүүчү май ташыгандар салыктан бошотулбай мурдагыдай акциз төлөп турганда бюджетке 3.5 млрд. сом түшмөк деп айткандар да болгон:

- Май ташуудан Кыргызстан бир жылда 50 миллион долларга чейин дивиденд алууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Коррупциялык схемалар түзүлгөндүктөн, коомчулук тарабынан көзөмөл болбогондуктан, үчүнчүдөн, революциянын талаптары аткарылбагандыктан “Кумтөр” сыяктуу эле базадан да акча таппай калдык,-деди жарандык активист Адил Турдукулов.

Айтор, АКШнын базасы эбак жабылса да, аны күйүүчү май менен жабдуу маселесинде күмөндүү жагдайлар кала берүүдө. Маселени изилдеп көргөн адистер 2010-жылдан кийинки базага май ташып келүү маселеси өзүнчө сөз кылууга арзыйт дешет.

Ред. Макалада АКШ Конгресси жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча 2010-жылы жарыяланган "Манастагы табышмак" аттуу баяндама жана Кемел Токтомушевдин "Кыргызстан: Режимдин коопсуздугу жана тышкы саясат" аттуу китебиндеги маалыматтар пайдаланылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG