Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:30

Акаевдин мурдагы күйөө баласы Тойгонбаевге байланыштуу сот өкүмү чыкты


Бермет Акаеванын мурдагы күйөөсү Адил Тойгонбаев.

Кыргызстандын борбору Бишкектеги Биринчи май райондук соту мурдагы президент Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата өкүмүн чыгарды. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга сыртынан абакка кести.

Бул маалыматты Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” ырастады.

- Адил Тойгонбаев Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери менен күнөөлүү деп табылган. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө​ беренеси) негизинде 20 жылга эркинен ажыратылсын, мүлкү конфискациялансын жана 200 эсептик көрсөткүчтө айып төлөнсүн, жаза өтөө мөөнөтүн абактын күчөтүлгөн режиминде өтөсүн деген сот өкүмү чыкты. Ошондой эле Тойгонбаев эл аралык “Манас” аэропортуна 677 млн 291 миң сомдон ашуун сумма төлөп берсин деген да соттук чечим чыккан.

Башкы прокуратуранын буга чейин билдиргени боюнча, “Аалам сервис” ишканасы алты жыл бою «Манас» аба бекетиндеги америкалык «Ганси» базасында учактарга май куйуу боюнча монополист болуп келген. Бул ишкананы Адил Тойгонбаев көзөмөлдөгөн.

Тергөөдө Адил Тойгонбаев кирешени жашырыш үчүн офшордук жалган компаниялар аркылуу “Аалам сервиске” май ташып турганы айтылган.

Казакстандын жараны, 50 жаштагы Адил Тойгонбаев экс-президент Аскар Акаевдин тун кызы Берметтин мурдагы күйөөсү.

2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылаптан кийин бозгунга кеткен Адил Тойгонбаев "Кыргызстандын аймагында бир катар өнөр жай объектилерин мыйзамсыз менчиктештирген" деген айыптын негизинде эл аралык издөөгө алынган. Ага "алдамчылык, ири суммадагы салыктарды жашырган" деген да күнөөлөр тагылган.

2016-жылы аны Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Интерпол аны Дубайда бир аз убакытка кармап, кийин күрөөгө бошотулган. Эки жыл мурун А.Тойгонбаев Москванын аэропортунда кармалып, бирок Кыргызстанга өткөрүлүп берилген эмес. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG