Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

АКШ аскерлери Транзиттик борбор менен коштошууда

3-июнда Улуттук гвардиянын жоокерлери “Манастагы” Транзиттик борбордун ачкычтарын АКШ аскерлеринен символикалуу түрдө өткөрүп алды. Ачкычты АКШнын Транзиттик борборунун командачысы Жон Миллард Улуттук гвардиянын башкы штаб башчысынын биринчи орун басары Мирбек Имаевге тапшырды. Эми Транзиттик борбордун имараттарына Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрү жайгашат. Бул тууралуу коргоо министринин биринчи орун басары Замир Суеркулов билдирди. Кыргыз тарапка баасы 30 млн. доллар турган темир жана чатыр имараттар, кампалар, транпорт техникалары, үй жана кеңсе эмеректери калып жатат. Ал эми АКШнын аскерлери жакынкы күндөрү толугу менен чыгып кетери айтылды. Келишим боюнча борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG