Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Качкын президенттердин «ооз ачар» саясаты


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (27-май - 3-июнь, 2019-жыл).

«Независимая газета» Кыргызстандын экс-президенти, ушул тапта Беларуста жашаган Курманбек Бакиевдин Орусиянын бир нече шаарында уюштурган ооз ачар салтанатын талдады. «Бакиевдин жакындары Москвада 500, Санкт-Петербургда 150, Новосибирскиде 55, Екатеринбургда 600 адамды чогултуп, кечкисин ооз ачырышты. Бул диний жөрөлгө болгонуна карабай, эксперттер «Бакиев Кыргызстанда кокус төңкөрүш болобу деген ниетте, акырындан өзүнө тарапташтарды чогултуп жатканын» айтышууда. Бакиев өзү ооз ачырууга барбаса да, жакын тууганы анын атынан сөз сүйлөдү», - деп жазды гезит.

​Басылманын баяндамачысы Асылбек Эгембердиевдин, Равшан Жээнбековдун, Марс Сариевдин жана Аркадий Дубновдун бул «ифтар» саясаты боюнча пикирлерин чогулткан. Эгембердиевдин айтымында, ооз ачырууга чакырылган меймандар саясат тууралуу бир да сөз айтышкан жок. Орусиядагы кыйын жашоо, Кыргызстанда бийлик алмашканына карабай тыйылбаган жумушсуздук сыяктуу гана маселелерди сүйлөштү. Саясатчы Равшан Жээнбеков гезитке Кыргызстандагы азыркы абал кооптуу экенин айткан. «Акыркы 5-6 жылда эл оптимист эле, бирок азыр нааразы адамдар улам арбып баратат. Бийлик коррупцияга каршы күрөштү иргеп жүргүзүп, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын эле бутага алууда», - деген Жээнбеков өкмөттү да сындап өткөн. Марс Сариев да «Бакиевдин жигиттери түштүктө кайрадан чогулуп жатат» деген ойду четке какпайт. Себеби Орусияда Кыргызстандын түштүк аймагынан барган мигранттар көп. Сариев Кыргызстанда түндүк-түштүк ажырымы улам ырбап баратканын, күзүндө төңкөрүш болушу ыктымал экенин четке какпай, ушундан улам Бакиевдин тарапташтары күч топтой баштаганын айткан. Макаланын автору Аскар Акаев да ооз ачыруу уюштурганын кошумчалайт.

Аркадий Дубнов «ифтардын максаты - ач курсакты тойгузуу эмес» дегени менен «Бакиев түштүктө күч топтоп жатат» дегенден алыс. «Кыргызстанда уруулашкан жамааттар көп болсо да Бакиев деген аттын сый-урматы эбак түгөнгөн», - деди ал.

Өзбекстан мигранттарды кайтаруу аракетинде

«Diplomat» басылмасы Өзбекстан четке кеткен таланттуу, кесипкөй адистерин кайтарып келүү менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү аракетинде экенин жазды.

Орусиядагы өзбекстандык мигранттар.
Орусиядагы өзбекстандык мигранттар.

«Азыркы тапта АКШдагы, Канададагы, Британиядагы, Австралиядагы 28 миллион чет элдик мигранттын 70 пайызы кесипкөй, жогорку билимдүү. 2016-жылы өзбек бийлиги өлкөнү реформалоого бет алганда таланттуу, өз ишин жакшы билген адистердин тартыштыгына кабылган. Азыркы тапта өзбекстандык канча адам чет жакта жүргөнүнүн так эсеби жок. 2017-жылдагы статистика боюнча Орусияда 1,8 миллион өзбек мигранты жүрөт. Казакстанда, Түштүк Кореяда, Түркияда, Европада, араб өлкөлөрүндө да миңдеген кесипкөй өзбек эмгектенип жатат. 2018-жылы чет жактагы өзбекстандыктар «Улуу келечек» деген бирикме түзүп, 2035-жылга чейин өз мекенин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү чечишкен. Былтыр чет өлкөдөгү айрым адистер кайтып барып, өлкөдөгү маанилүү кызматтарга отурушкан.

Алардын арасында «Capital Market» агенттигин жетектеген Атабек Назиров, финансы министрине кеңешчи болгон Одилбек Исаков сыяктуу ондогон жаштар бар. Азыркы тапта Өзбекстан чет жактагы акылдуу адамдарын массалык түрдө кайтарууда деп айтуу кыйын. Ошентсе да Шавкат Мирзиёевдин бийлиги жалаң эле кесипкөйлөрдү кайтарууга эмес, билимге инвестиция жумшоону да көздөп турган чагы. Себеби өлкөдө кеңири жайылган бюрократияны, коррупцияны, экономикалык, саясий чабал реформаларды, административдик башкаруудагы башаламандыкты көргөн чет жактагы өзбектер кайтып барууну ойлоно элек. Ушундан улам бийлик мигранттардын кайтышын күтпөй, билим менен өнөргө инвестиция жасап, адамдык капиталды өстүрүү зарылдыгын белгилейт» деди макаланын автору Шерзод Эралиев.

Казак жаштары «ойгонууда»

Нидерландда чыккан «Global Voices» гезити Казакстандагы жаштардын авторитардык режимге каршы чыккан акцияларын талдаган. Анда жазылгандарга караганда, шайлоо жакындаган сайын бийлик нааразылардын оозун канчалык басууга аракеттенсе да түрдүү ыкмада өз оюн билдиргендер көбөйүүдө.

«Чындыктан кача албайсың», - деген ураан менен чыккан каршылык акциялары Асия Тулесованы, Бейбарс Толымбековду, Сүйүнбике Сулейманованы, Айдос Нурболотовду, Айгүл Нурболотованы камакка алганда башталып, жаштардын онлайн каршылыгына айланды. Жарандык активист, аянтта актай плакатты кармап турганы үчүн кармалган блогер Аслан Сагутдинов жаштар шайлоону «жалган демократия» деп баалап, аны тааныбай турган толкун башталганын айтат. Казак жаштарын Интернеттен Европадагы, Нью-Йорктогу, Лос-Анжелестеги мекендештери да колдоп чыгышты. «Чындыктан кача албайсың», «Мен ойгондум», «Уят» деген видео кайрылуулар Казакстандын социалдык мейкиндигинде желдей тарап жатат. Сагутдинов бийлик каршы тараптын сөзүн укпаса абал чыңала берерин эскертет.​

«Жок дегенде үчтөн бала төрөгүлө»

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

​Жапониянын Олимпиада боюнча экс-министри кызматтан кеткенине бир ай боло электе кайрадан чуу жаратты. Ал аялдарды «жок эле дегенде үчтөн бала төрөгүлө» деп айтып алып, коомчулуктун сынына кабылды.

«Japan Times» гезити Либерал-демократиялык партиянын депутаты, мурдагы министр Йошитака Сакурада калктын саны улам азайып баратканына кайгырып, жергиликтүү медиада аялдардын көбү жалгыз бой экенине кейип, аларды «кеминде үчтү төрөгүлө» деп айтып алган. Сакураданын бул сөзү коомчулукта дароо кызуу талкууга жем таштады. Дал ушул партиянын дагы бир депутаты Канжи Като да үйлөнүү тойлоруна барганда жубайларга «үчтөн балалуу болгула» деп айтып алып, кайра элден кечирим суроого мажбур болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG