Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 00:23

Башкы прокуратура Бакиевди эстеди


Курманбек Бакиев.

Башкы прокуратура 2010-жылдан соң бийликтен кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына иликтөө уланып жатканын эске салды.

Бул боюнча прокуратура 20-февралда билдирүү таратты. Анда Бакиевдерге карата адам өлтүрүү, коррупция жана мүлктү басып алуу фактылары боюнча сот өкүмдөрү чыкканын эскерткен. Буга улай учурда Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын мыйзамсыз иштери боюнча териштирүү жүрүп жатканы айтылган.

Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Жаркынай Азиева эгер мурдагы президенттин жакындары Кыргызстанга келсе, тергөөнүн суроолору бар экенин билдирди:

- Эгер Бакиевдер, анын ичинде бир туугандар Адылбек, Марат, Каныбек жана башкалар Кыргызстандын аймагына келсе же алардын жүргөн жерлери аныкталса, ыкчам-тергөө чаралары көрүлүп, жазасын тартууга мажбурланат.

Башкы прокуратуранын мындай билдирүү таратышына Курманбек Бакиевдин инилеринин бири Адыл Бакиевдин "Майдан" гезитине берген маеги себеп болгондой.

Маекте 2010-жылга чейин Тышкы иштер министрлигинде иштеген Адыл Бакиев акыркы жылдары Казакстанда жашап жүргөнүн, Кыргызстанда ага мыйзамдык жактан доомат жок экенин айткан. Ошондуктан ал мекенине кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан эмес. Агасы Курманбек Бакиев учурда Кыргызстанга инвестиция тартып келүү үстүндө иштеп жатканын кошумчалаган.

Сөз болуп жаткан Адыл Бакиев - мурдагы президенттин алты инисинин бири. Ал Апрель ыңкылабына чейин алгач Тышкы иштер министрлигинде, кийин Кыргызстандын Кытайдагы соода өкүлү болуп иштеген.

Башкы прокуратуранын акыркы билдирүүсү оор айыптар тагылып, жазага тартылбаган мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн маселесине кайрадан коомчулуктун көңүлүн бурду.

Буга чейин президенттин уулу Максим Бакиевдин өлкөдөн чыгарып кетти деген мүлкү боюнча текшерүү жүрүп жатканы кабарланган. Андан бери жарым жылга жакын убакыт өтсө да иликтөөнүн жыйынтыгы белгисиз. Мындан улам "Башкы көзөмөл органы кырдаалга жараша билдирүүлөрдү таратабы?" деген суроо жаралууда.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов кырдаалды төмөнкүчө баалады:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Бул нерсе өнөкөткө айланып баратканынан кабар берет. Анткени ар бир айтылган сөздүн артында конкреттүү жыйынтык болушу керек. Ал боюнча убакыт келгенде "баягы сөздүн аягы муну менен бүттү" деген логикалык жыйынтык болушу зарыл. Тилекке каршы, айтылган сөздүн аягында жыйынтык болбой жатат. Мындай нерсе прокуратура гана эмес, ошондой эле парламентке, өкмөткө да мүнөздүү. Бул нерсе коомчулуктун бийликке ишениминин жогору болбой жатканынын бир себеби.

Ал эми 2010-жылдан соң Башкы прокуратураны жетектеген Байтемир Ибраев бир тууган Бакиевдердин дарегине көп арыз болгонун эскерет. Анын айтымында, прокуратура органдары кайсы учур болбосун күнөөлүүлөрдү жазага тартууга кызыкдар болушу керек:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

- Бакиевдин учурунда бир туугандары, үй-бүлө мүчөлөрү аралашып жасаган иштер абдан көп болчу. Алардын ичинен Апрель окуясы боюнча Курманбек Бакиев, анын уулдары Марат, Максим, оң колу болгон иниси Жаныш Бакиев кесилип, эл угуп калды. Андан башка майда-чүйдө кайсы бир адамдын мүлкүн тартып алган же башка иштер боюнча көптөгөн маалыматтар бар болчу. Ошол эле Адыл Бакиев боюнча бир топ арыз түшкөн эле. Ушунун баарын прокуратура кайсы учурда болбосун тергеп, иликтеп, аягына чыгарганга кызыкдар болушу керек.

Негизи Кыргызстанда элдик толкундоолордун негизинде өлкөдөн качкан президенттер боюнча маселе көтөрүлгөн учурда Башкы прокуратура текшерип жатканын айтып келет. Мисалы, 2014-жылы мурдагы президент Аскар Акаев агасынын тажыясына келет деген учурда Башкы прокуратура атайын билдирүү тараткан. Анда "Акаев өлкөгө келсе, прокуратуранын суроолору көп экени" айтылган.

Саясий эксперт Орозбек Молдалиев мамлекеттик органдар билдирүү таратуу менен чектелбей, конкреттүү иштин жыйынтыгын көрсөтүшү керек деген пикирде:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Андай эле кыйын болсо биздин прокуратура жана башка органдар ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ сыяктуу уюмдарда мүчө болгон Беларус менен келишим түзүп, экстрадициялоо маселесин көтөрбөйбү. Ошондой эле башка кылмышка шектелгендер боюнча да. Мисалы, АКШ менен кылмышка шектүүлөрдү алмашкан келишим жок дебей, аны түзүүгө аракет кылыш керек. Эгер түзбөй койсо, "АКШ келишим түзбөй жатат" деп ачык айтып чыгуу зарыл. Британия болсо акчасынын булагы белгисиз болгондордун маселесин өздөрү көтөрүп, камап жатат. Ушундай иштерди кылбай туруп улам билдирүү тарата берүү туура эмес.

2005-жылы Кыргызстандын президенти болгон Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан.

Апрель окуясы боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган. Мындан сырткары мурдагы президенттин дагы бир иниси Акмат Бакиев 2010-жылдан соң камалып, кийин абактан качып кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG