Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Жекшенкулов: Бакиев Максимдин коррупциясына жол ачкан


Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

Бермет Букашеванын “Бийлик сырлары" программасында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун айтканы боюнча, Камбар-Ата ГЭСтерин куруу боюнча Москвада орусиялык миллиардер Олег Дерипаска менен сүйлөшүү болгон. Анда ал Максим Бакиев менен иштеши керек экенин айткан.

Аликбек Жекшенкулов: Максим Бакиев америкалык базага кадимкидей аралашып, учактарга күйүүчү май ташый баштаганда кызматташтарым мага мунун залакасы өлкө үчүн өтө эле оор болорун айта башташкан.

Курманбек Салиевич менен менин мамилем жакшы болчу. Ал мага минтип айтчу: «Эгер кандайдыр татаал маселелер болуп калса, тартынбай эле мага айтып тур. Ким менен болбосун айт».

Мен ага ишенип алып, кыйла эле сылык-сыпаа формада бир жолу минттим: «Курманбек Салиевич, бул өзү татаал маселе, бул базаны дүйнөнүн бардык атайын кызматтары карап турушат. Анан үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирди-жарымы базага байланышкан кайсы бир схемаларга катышканы билинип калса, анын залакасы аябай эле оор болот. Албетте, ал жерде чоң акча табуунун мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок мен андай ишке барбашыңызды туура деп айтар элем».

Ал рахмат айтып, мага минтти: «Ушуну мага жакшы айтып койбодуңбу». Бирок кийин кыязы, ал сөздү Максимге айтып койгон окшойт. Максим менен жүргөндөрдүн биринин мага айткан сөзүнөн улам байкап калдым: «Көрсө сиз Максимдин бизнесине каршы турбайсызбы», - деди ал. Мен өлкөнүн камын көрөм, геосаясий лөктөрдүн ортосундагы жаргылчакка түшүп калбасак экен дейм. Айтса, кийин мен айткандай эле болду.

Бээжинде Максим Бакиевди кабыл албай коюшту, Вашингтонго өзү учуп барды, так ошол учурда бул жерде революция болуп кетти.

2007-жылдын февралында Аликбек Жекшенкулов Тышкы иштер министрлигинен кеткен. Андан кийин оппозиция катарына кошулуп, эки элдик курултайдын уюштуруучуларынын катарында болгон.

“Камбар-Ата – 1 ГЭС “долбоору, ага орусиялык миллиардер Олег Дерипасканын катышуусу боюнча Москвадагы сүйлөшүүлөр тууралуу журналист Бермет Букашеванын суроосуна жооп кылып Жекшенкулов буларды айтты:

- Бакиев расмий иш сапары менен Москвада болду, орусиялык жетекчилик менен макулдашкан, алар Камбар-Ата – 1 ГЭСин курууга макул болуп, ага кошумча аллюминий заводун курарын ырасташкан. Дерипаска бул ишке кызыгып калган, Бакиев менен аткарылчу иштерди талкуулай турган эртең мененки сый тамакка келген.

Ортодо Бакиев отурат, оң жагында мен, сол жагында элчи Жумагулов. Ишкерлер тактыкты сүйөт, ошол жерде Дерипаска Бакиевден ачык эле сурап атпайбы: “Мен ким менен иштешем?” деп. Бакиев болсо: «Максим менен», - деди. Ал кезде Максим деген ким экенин билчү деле эмесмин, бул эми 2005-жыл да. Дерипаска көздөрү бакырайган жигит экен, анысын ирмеп-ирмеп алып суроосун дагы кайталады: «Ким менен дедиңиз?» Бакиев: «Максим менен», - деп койду.

Бермет Букашева: Бакиев өзүнүн уулу экенин айтпадыбы?

Аликбек Жекшенкулов: Жок.

Бермет Букашева: Дерипаска өзү билчү бекен?

Аликбек Жекшенкулов: Жок, кыязы ал деле билбесе керек, билсе “Аа, түшүнүктүү” демек. Бул өзү кылдат кеп да. Ошондон Дерипаска деле такып сурабады, “Максим деген ким, кайдан чыккан?” дебеди, унчукпай тим болду. Баарыбыз сыртка чыкканда элчиден сурап айтпаймбы: «Максим деген ким?» деп. Элчи мага таң калганын жашырбады: «Койчу, билбейсиңби? Максим анын уулу!». Эмне демекмин? «Тилекке каршы, билбейт экенмин» дедим. Мен чын эле билчү эмесмин. Ошондо элчи «кичүү уулу» деген.

Бермет Букашева: Бакиев башкалардын арасында аны тактап отурбасын деп, кыязы сырдуу сөз катары айткан окшойт, «Максим» деп. Туура, көпчүлүктүн алдында айтып отурушу жакшы жосун эмес.

Аликбек Жекшенкулов: Абдан да! Билесизби? Кыргызстанга 2,5 миллиард доллар инвестиция келет болчу! Бул аябай эле чоң акча да. Ага жетишсек, кандай алдыга кетмекпиз!

Бермет Букашева: Ушу айтып отурганыңыздын өзү көрсөтүп турбайбы, Бакиев ошол 2005-жылы эле өлкөнүн экономикасы менен жемкорлуктун тизгинин уулунун колуна берип койгонун.

Аликбек Жекшенкулов: Ошондой болуп калды, тилекке каршы ошондой. Кийин бул жакка Дерипаска келди, Максим экөө келише албай коюшту, кандай себептен экенин сиз деле билип турасыз, колуна берчү акча дагы башкалар...

Бермет Букашева: Максимдин ала турганы аябай эле көп беле?

Аликбек Жекшенкулов: Ошондой болсо керек. Кыскасы, Дерипаска кетип калды, ошону менен долбоор да жабылды.

Бермет Букашева: Менимче, Дерипаска сындуу ири олигархтын президенттин кичүү баласына ийилип, акча берип турушу анын кадыр-баркына деле шек келтирсе керек.

Аликбек Жекшенкулов: Албетте, бул эң чоң ката болду, анын залакасын биздин энергетика эмдигиче тартып келет. Ушу азыр “Камбар-Ата-1” долбоору толук иштеп калганда биз Пакистан менен Ооганстанга, Кытайга электр энергиясын экспорттоп калмакпыз. Жарыкты жалп өчүрүп коюу болмок эмес. Азыркыдай электр баасы да болмок эмес. Мына, дагы “тарифти көтөрөбүз” деп атышат.

Маалымат үчүн: Олег Дерипаска - орусиялык миллиардер, «Базовый элемент» компаниясынын ээси, «РусАл» биргелешкен компаниясынын президенти.

2008-жылы Дерипаска Орусиянын эң бай адамы болчу, «Forbes» журналынын болжолунда дүйнөлүк байлар тизмесинде 9-орунда турчу.

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстанда 2005-2007-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген. Кызматтан кеткенден кийин Курманбек Бакиевге каршы оппозициянын катарына кошулган, эки Бириккен элдик курултайларды уюштуруучулардын бири. “Сыйлыкка берилген тапанчасынан түркиялык ишкер атылган” деген жалган жалаа менен соттолуп, кийин акталган.

“Бийлик сырлары” программасындагы Жекшенкулов менен маекти толугу менен ушул жерден көрүңүз:

​Которгон Бекташ Шамшиев.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG