Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Нариман Түлеев: Алмаз мага карыз


Нариман Түлеев.
Нариман Түлеев.

Бермет Бексултандын “Бийлик сырлары” берүүсүндө Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев учакта Атамбаев менен сапарлаш болгону, түрмөдөгү күндөрү, азыр эмне кылып жатканы тууралуу айтып берди.

Бермет Бексултан: Нариман Ташболотович, сизди мыкты чарбакер катары билчүбүз. Кийинки кезде саясатчы катары таанылып баратасыз. Туура эмес айтып алсам оңдоп коёрсуз, жакында өткөн курултайда сиз Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө айттыңыз.

Нариман Түлеев: Ооба, сүйлөдүм, жалгыз мен эле эмес, башкалар да Атамбаевден кол тийбестикти алып, ага каршы кылмыш ишин козгоону талап кылышты.

Бермет Бексултан: Жакында эле Атамбаев менен Москвага чогуу учуп, барганча сүйлөшүп, сүрөткө түшкөнүңүздү социалдык тармакка чыгарып, окурман журтун уу-дуу кылдыңыз. Ошо учакта баарын айта албай калган окшойсуз, эми минтип кол тийбестикти алууну, кылмыш ишин козгоону талап кылып жатасыз.

Нариман Түлеев: Биз макулдашкан эмеспиз. Курултайда козголгон маселелер учакта айтылган. Соттордун абалын кеп кылганбыз, жети жыл бою ал (Атамбаев-ред.) сот реформасы болгонун мактаныч менен айтып келди.

"Реформаланды" деген соттор кечээ бизге өкүм чыгарса, азыр өздөрүн соттоп жатат, жакындарына иш ачты, жакында Атамбаевдин өзүн соттой турганына ишенем. Ушул эле соттор аны отургузуп, болушунча кылмышты мойнуна илерине көзүм жетип турат.

Бермет Бексултан: Ушундай жарамсыз система орногонун мойнуна алдыбы?

Нариман Түлеев: Алган. Анын соңку билдирүүлөрүн караңыз, 7-апрелде кадрдык жагынан кемчиликтер кетиргенин мойнуна алды. Көп иштерди жасай албай кеткенин айтып отурат. Курултайда козголгон маселелерди биз учакта үч жарым саат сүйлөшкөнбүз.

Бермет Бексултан: Сиз курултай болорун билген эмессиз да?

Нариман Түлеев: Билген эмесмин, бирок ал киши кандай системаны орнотконун билебиз да. Мыйзам коргоо, сот бийлиги кандай иштегенин көрдүк. Биздин өлкөнүн азыркы абалы – анын жети жылдык эмгегинин үзүрү.

Бермет Бексултан: Сиз өзүңүздү саясий куугунтукка кабылган адам деп эсептейсизби?

Нариман Түлеев: Атамбаев тарабынан биздин “Ата Журт” партиясынын 18 адамына биринчи ирет кылмыш иши козголгондо муну саясий туткун катары эсептешкен эмес. Бизден кийин соттолгондорду "саясий туткун" деп калышты, андай болбойт да.

Бермет Бексултан: Образдуу айтканда, Бакиевдин тушунда бийликте тургандарга парламентке келгенден кийин козголгон кылмыш иштерин революциячыл адилеттикти калыбына келтирүү катары баалашты окшойт.

Нариман Түлеев: "Реваншисттер" деп айткан туура эмес, айта беришет да. Мен, маселен, шаар башкарганда Бакиев үчүн иштеген эмесмин. Шаар жана шаардыктар үчүн, Ата Мекенибиз үчүн иштегенбиз.

Бермет Бексултан: Сизге каршы козголгон кылмыш иши - кайда ошол коомдук автоунаалар?

Нариман Түлеев: Бишкек мэриясы 20-25 жыл ичинде Силаевдин тушунда гана немистин 10-15 эски автобусун сатып алган. Башка эч нерсе болгон эмес. Менин тушумда шаарга 200 автобус алынып келди.

Бул автобустарды сатып алдык, ага кошуп дагы 400 автобус алдык. Бекер! Шаардын Түштүк магистралын куруп бердик го. Мунун баарын гранттын эсебинен жасадык.

Башкалар болсо акчаны чөнтөккө салып кете бермек. Мен шаарды жаңылап кургум келген, кандай курушту билчүмүн. Анан коомдук автоунаанын иштеши беш жылга эсептелген. Андан соң “Мерседес” болобу, “Ман” болобу катардан чыгарылат. Мына, сегиз жыл болду, иштеп жатат. Мен кеткенден кийин аларга эч нерсе бөлүшкөн жок, бир автобустун запастык бөлүгүн экинчисине салып эптеп иштеп жүрүшөт. Биздин убактагыдай каражат бөлүнсө ал автобустар дагы иштемек. Мага каршы иш табыш үчүн "атамбаевчилер" ор казышты.

Бермет Бексултан: Сизге каршы козголгон иш саясий буюртма, ойлоп табылган, кандай да болсо түрмөгө отургузуу амалыбы?

Нариман Түлеев: Жалгыз эле менин эмес, инилеримдин мүлкүн тартып алышты. Убактысы келгенде анын баарын жайына коёбуз. Он жыл мурда ажырашып кеткен аялымдын мүлкүн да тартып алышты. Карыган атамдын өз колу менен курган тамын алышты, ал кишинин бир буту көрдө болчу.

2010-жылы жакындарымдын мүлкүн тартып алышты. Бул биринчиден, экинчиден, өкүмдө "тартып алуу" деген жок. Москвадан келген экспертиза текшерип, андай сөз жок экенин ырастады. Бирок ага карабастан, Атамбаевдин тушунда мамлекеттик рейдерлик болду.

Эсиңердеби? Түндөсү келишиптир. Эртең менен келсек, Финансы полициясы, мыйзам коргоо органдары толтура жүрүшөт. Кийин учактагы сөздөн улам түшүндүм - мени парламентти коркутуш үчүн садага чабышкан экен. “Ким кыңк этсе Түлеевдин кейпин киет” дегени тура. Анан парламент ушунчалык элпек, жумшак болуп калбадыбы, каалаганыңды жасай бер. Менин мисалым аркылуу урматтуу Алмаз Шаршенович бийликти толук колуна алды. Учакта “капа болбо” деди. Мен “капа деле болгонум жок, эмнеге капа болмок элем. Жакында өзүң отурасың” дедим.

Бермет Бексултан: Бир гезиттеги маегиңизде сиз Атамбаевге: “Путин мен тууралуу айттыбы?” дептирсиз. Кремль тууралуу кеп болуп калгандан улам сизден ушуну тактап алайын дедим эле.

Мени парламентти коркутуш үчүн садага чабышкан экен. “Ким кыңк этсе Түлеевдин кейпин киет” дегени тура.

Нариман Түлеев: Кандай десем, түрмөдөн чыкканда ошондой сөз болгон. Путин айттыбы-айтпадыбы, аны өзүнөн сураңыз. Туура, байланыш бар болчу. Достор дегендей. Ошондой сөз болгон. Алмаз да ырастады, аны угуп мен таң калдым. Мага башкачараак айтыптыр. "Салянова менен Нарынбаевге ишти кароону тапшыргам" деди. Алар аткарышкан. Аткарганда да кандай, "анын тиякта таанышы бар тура, эми жайлайбыз" дешти.

Бермет Бексултан: Салянова мени менен маектешкенде Атамбаев тике көрсөтмө бербегенин айтты.

Нариман Түлеев: Ким аны ачык айтат? "Алмаз ушундай көрсөтмө берди" дегенде эле бүтпөйбү! Кантип айта алат? “Ата-Журтту” толук талкалашты, Салянова жалгыз өзү батына алабы? Ага кудурети жетпейт. Ал өзүн кантип алып жүргөнүн жакшы билесиз да. Түрмөдө төрт жыл, башынан аягына чейин отурдум. Өмүрдү текке кетирген жылдар болду.

Чарбалык иштерди жасадык. Ал жер - начар академия. Бул система, сталиндик ГУЛАГдан калган система адамды кандай да болсо басынтууга ылайыкташкан. Система сенин боорукер мүнөзүңдү алсыздык катары эсептейт. №47 колонияда болгонум ал жердегилер үчүн жакшы болду, баарын оңдоп бердим.

Темир жол, Максим Бакиев жана карыз

Бермет Бексултан: Максим Бакиев менен кандай байланышыңыз бар? Анын аркасы менен мэр болдуңуз эле...

Нариман Түлеев: Мэр болгум келген эмес. Темир жолду деле каалаган эмесмин, деги эле ушул баткакты, бийликти жактырчу эмесмин. Мага мындай оордуктун кереги жок эле. Бизнесте эле жүргүм келчү. Курманбек Бакиев менен жакшы болчумун. Ал Тогуз-Тородон шайлоого чыкканда азыноолак материалдык колдоо көрсөткөм. Кийин алар менин макулдугумду сурабай эле темир жолго коюп коюшту.

Айдар Акаевди, башкаларын билчү эмесмин. Революциядан кийин иш боюнча Москвага барып, ошол жерде тааныштым. Ал эми март революциясындагы “ак кепкачандарга” эч тиешем жок. "Түлеев революцияны жаман көрөт, ага каршы" дегендердин ойлоп тапканы. Кийин канча текшеришти, жигиттер, менин “ак кепкачандарга” эч кандай тиешем жок!

Бермет Бексултан: Темир жол түгөнбөгөн кен дешет. Иса Өмүркулов, сиз иштедиңиз, байлар иштеген жер...

Нариман Түлеев: "Кантип иштегенсиз?" деп сурагыңыз келип жатат го. Кандай келгениң эмес, кандай кеткениң маанилүү. Бул менин принцибим. Мына, Атамбаев дейли - эгер ал жакшы иштесе, баарыбыз анын өмүрүн тилеп отурмакпыз.

Мен ушу азыркыга чейин темир жолчулардан кат, кайрылуу алам, "сизди урматтайбыз, келиңиз" дешет. Мактанбайын, темир жолду мен көтөрдүм. Жаңы келгенде ал жерде 500дөй киши иштечү. Кийин иштегендер 5500гө жетти. Эки жылда эки завод тургуздук. Вагондорду оңдой турган завод жөнүндө биздин темир жолчулар кыялданчу да эмес.

60 вагонду Орусиядан алып келдик, 30 вагонду Ташкенттен оңдоттук. Эскилиги жеткен үстөлдөр, компьютер жок. Айлык 1,500 – 2000 сом. Мен кетерде орун басарымдан айлыгы канча экенин сурасам, "100 миң сом" деп жатпайбы. Азыр канча экенин билбейм, бирок 2008-жылы 100 миң болчу. Мэр да, темир жолчу да болгум келбейт, баары өткөн иштер. Саясатты да каалабайм. Башка жерлерде баары жарандар үчүн кызмат кылса, бизде жогоруда отурган адам үчүн гана иштешет.

Бермет Бексултан: Атамбаев менен аңгемеңизге келели. Жаңы бийлик, өзүнүн пландары тууралуу эмнелерди айтты? Учактагы кеп-сөздү чыгарбасаңыз бул суроо берилбейт деле болчу.

Башка жерлерде баары жарандар үчүн кызмат кылса, бизде жогоруда отурган адам үчүн гана иштешет.

Нариман Түлеев: Чыгарбасам башкалар чыгарып, жайнатып салышмак. “Бул экөө кетишти, атайын учушту" деп кыргызча аңыз тарамак. "Экөө революцияга даярданышат экен" деген сыяктуу бирдемелерди айтышмак. Бирөөлөр "экөө урушту, жан сакчылары зорго токтотуп калды" дешмек. Ушундайлар болбосун үчүн: “Мына, балдар, президентиңерди алгыла!” дедим. Мен ичкилик ичпейм. Атамбаевге жанындагылар кандай бизнес жасашканын айтып бердим. Анын оозу ачылып: “Муну кайдан билесиң?” деди. "Чыкканыма эки жыл болду, ушундан бери сенин жана командаңдын ишин гана карап жүрөм" дедим.

Бермет Бексултан: Ал кылмыштары үчүн түрмөгө отурууга даярбы?

Нариман Түлеев: Даяр го. Мени бир нерсе капа кылды. "Премьерден баштап министрге чейин сенин кишилериң отурат" дедим. Кандай айтсаң да ага оор, аябай оор. Азыр ага боор ооругандан башка айла жок, өзү да уктабай жаткандыр.

Түрмөдө отурганда мен көргөндү Алмаз да көрсө экен дегем. Азыр анын абалын, азаптарын көрүп боорум ооручу болду. Мен ага "минтип боштондукта жүргөнчө отурганың жакшы, түрмөдө сенин балдарың отурганын башкача кабылдайсың" дедим. Ал да ойлонуп калды, “мүмкүн ошол жакшыдыр” деди. Болжолдуу эсептерим боюнча анын балдары жүздөгөн миллион долларлык зыян келтиришти.

"Кантип ушундай болсун? "Максим Бакиев 150 миллион кылса, сенин адамдарың 388 миллион доллар кылышты. 200–250 миллион доллар жок болуптур, мейли, 100–150 миллион долларды сенин балдарыңдын мойнуна илишет. Ушуну сен төлөй аласыңбы?" десем: "Жок, мен төлөбөйм" деп жатпайбы.

"ЖЭБден уурдалган 10 миллиардды сенин балдарың сенин уруксатың, контора, прокуратура жок кантип ич ара бөлүп алышат? Анте алышпайт! Азыр бул маселени иликтеп чыгып, биринчи инстанция аларды 20 жылга кескенде, экинчиси ага дагы 20 жылды кошкондо, өкүм күчүнө киргенде бул балдардын ата-энелери, туугандары сага келип айтышат: "Алмаз, эркексиңби? Акчасын төлөп балдарды чыгарып бер", деп. Эмне деп айтасың?", - дедим.

"Мага оор, азыр эле алардын жакындарынан мага тынчтык жок", - дейт. "Азыр алып чык" деп сурап жатышыптыр. Кантип алып чыгат?

"Келтирген чыгымды төлөп бер" дегенсиң. Мен райондук соттон Жогорку сотко чейин "Кана далилиңер?" деп сурап аттым. 12 томдук иш. "Көрсөткүлө чыгымды, мен төлөп берем" дедим. Көрсөтө алышкан жок. Алмаз "прокурорлорду билесиң да" дейт. Бирок ага карабастан балдар үчүн мен төлөдүм. Мени менен алтоо кошо соттолду. Мага ушул оор болду, жалгыз болсом эч нерсе эмес эле. Төлөп бердим, балдар чыгышты. Азыр ошол иш Алмаздын башына түштү.

Ага айттым, "Алмаз, сен капитансың, башында тургансың, балдар төлөмөйүн чыгышпайт. Же сен өзүң отур" дедим. Сот кандай өкүм чыгара турганын билбейм. Сот келтирилген зыянды баарына тең бөлүштүрсө, баары тең төлөйт. Алмаз азыр ойлонуп отурат.

Бермет Бексултан: Анын акчасы аябай көп го? Эмнеге төлөгүсү келбейт?

Нариман Түлеев: Мүмкүн зыкымдыр? Канча акчасы бар экенин билбейм, бирок ал мага карыз. "Акчаны бер" дедим. Дүйшөмбүгө чейин бериши керек. Акчаны менден эмес, атамдан алган. Фаридге "Атамбаев убада кылган акчасын берсин" деп жаздым. Алмаз өкүл баласына бергенин, акчаны тактай тургандыгын айткан. Сталбектен сурасам "Мен алган эмесмин" дейт. Алмаз дүйшөмбүгө чейин бермек, кайтарган жок. Фаридге “Кудайга койдум” дедим. Алмаз зонага барса, ошол жактан алам, ал жерден кайтарып алыш жеңил. Ал балдар жешкен эмес. Аларга "балдар, отура тургула, жакында революция кылып, силерди алып чыгабыз" деп жатышат да. "Бул бийликти азыноолак чайкайбыз, силерди алып чыгабыз" деп жатышат.

Бермет Бексултан: Кандай мүлкүңүз калды?

Нариман Түлеев: Алмаз баарын тартып алды. Таптаза шыпырып, биз көчөдө калганбыз. Соода борборлорун балдарым салышты, насыя алып, балдарым мыкты. Ал эми мүлктү кези келгенде сотко берип кайтарып алабыз, балдарыма айттым, "алтындарым, келечегиңер алдыда, баары болот" деп. Алардай жаш кезимде менде бир бөлмө үй, анан “Москвичим” же “Жигулим” болсо деп кыялданчу элем. Баарын иштеп таптым. Баары келер-кетер дүйнө экен.

Азыр Ош Бишкектен 20-30 жыл артта калды. Биз ал жерде Ферганадагы эн ири соода борборун курабыз. Жерин сатып алдык. Насыя алып салабыз. Биздин үй-бүлө таза бизнес кылат. Саясатка кийлигишпейбиз.

Өкүнгөнүм - биз кандай өлкө курушту эмдигиче аныктай албай келатабыз. Агрардыкпы, өнөр жайлыкпы, туристтикпи?

(Маек орус тилинде жүргүзүлгөн. Аны бул жерден табасыз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG