Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Атамбаевдин катасы менен капасы


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн эң чоң катасы деп азыркы президент Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгенин атады.

Ал "Апрель" телеканалында 10-декабрда кыргыз тилинде көрсөтүлгөн маегинде Жээнбековдун талапкерлигин тандаган себебин, Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын айтып берди. Азыркы президент жана анын аппараты Атамбаевдин айткандарына азырынча комментарий бере элек.

Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы маегинде бийликте турганда адашканын мойнуна алды. Айрыкча кадр тандоодо, дос күтүүдө ката кетиргенин айтты. Бирок эң чоң адашуусу катары соңку президенттик шайлоону атады. Мурдагы президент аймактык фактор Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары тандоодо негизги роль ойногонун айтып, агынан жарылды:

Түштүктү ойлой баштаганда, акылыма ушул Сооронбай Жээнбеков менен эле Асылбек Жээнбеков келди.

- Биздин партия “Президенттикке талапкер кылып кимди алып чыгабыз?” дегенде, мен “элдин ынтымагы, биримдиги үчүн түштүктөн бир талапкер алып чыгалы” деп ойлогом. Түштүктү ойлой баштаганда, акылыма ушул Сооронбай Жээнбеков менен эле Асылбек Жээнбеков келди. Бир жылдан бери “Эмнеге адаштым?” деп ойлонуп атам. Анан эстесем түштүктөгү кадрлар боюнча толугу менен Сооронбай Жээнбековго ишенчүмүн. Эски досум деп ишенчүмүн. Анан жакшылап ойлонсом, бир да түштүктүн кадры боюнча мага жакшы сөз айтпаптыр. Мен да ишенчүмүн да, ошондуктан “түштүктөн бирөөнү тандайбыз” дегенде болгону Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков келиптир, акылыма. Албетте, бул - менин чоң катам. Бир адамга ишенгеним - бул менин күнөөм. Албетте, президент кезимде, андан мурун деле кадр маселесине жакшылап көңүл бурсам болмок экен. “Сатты беле, саткан жок беле, кандай жүрөт?” деп ойлонсом болмок экен. Мага бир топ маалыматтар эми жетип атат - ошол кездеги маалыматтар. Тилекке каршы, жанымдагы ишенген адамдарым да мага бир топ маалыматтарды жеткирчү эмес экен.

Алмазбек Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен элдешүүгө аракет кылганын, ортого бир топ адамдарды салганын ырастады. "Бирок ага-ини Жээнбековдор муну “Атамбаев коркуп жатат” деп кабыл алган, каралоо башталган" деп айтты экс-президент.

Атамбаев былтыр президенттикке талапкер болгон, Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишине байланыштуу айрым жагдайларды айтып берди. Ал кылмыш ишин токтотууга байланыштуу бир топ аракет кылганын, бирок андан майнап чыкпай калганын билдирди:

Президент болбосом да, бир-эки ай өткөндөн кийин февралда ошол кездеги башкы прокурорду, УКМКнын төрагасы Сегизбаевди чакырып: “Ушундай сөз болбоду беле? Бабановдун иши жабылыш керек эле го, эмне болуп атат?” деп сурагам.

- Эки элди кайраштырып, Кыргызстандагы ынтымакка доо кетирүү максаты болсо, шайлоодон кийин тополоңду баштаса болмок да. “Керек болсо ынтымак үчүн саясаттан да кетем” деп, депутаттык мандатын да өткөрүп берди. Мен жаңы президент Сооронбай Жээнбековго "Бабанов мына мындай кадамдарга барып атат, депутаттыктан кетти. Экспертизалар бар. Бул ишти жабыш керек" деп айткам. Анан ал киши да макул болгон. Керек болсо президент болбосом да, бир-эки ай өткөндөн кийин февралда ошол кездеги башкы прокурорду, УКМКнын төрагасы Сегизбаевди чакырып: “Ушундай сөз болбоду беле? Бабановдун иши жабылыш керек эле го, эмне болуп атат?” деп сурагам. Бирок буйруктарды башка президент берип калган да. Мартта Руслан Казакбаев да келген. Ал: “Экспертизалардын жыйынтыгы чыкты. Канатбек Исаев боюнча иште Бабановдун тиешеси жок, бул кандай?” деп сурады. Анан Казакбаевдин көзүнчө Абдил Сегизбаевге телефон чалдым. Ага: “Сөз болбоду беле? Экспертизалар деле чыгыптыр, Бабановдун тиешеси жок экен. Иш жабылышы керек эле да?” деп айттым. Ал киши: "Байке, кичине созулуп атат" деди. Анан мен жок дегенде Русланды кабыл алуусун сурандым. Чындыгында Бабановдун иштери жабылышы керек.

Былтыр президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголгон. Ага “үгүт маалында улут аралыкты кастыкты козуткан” деген доомат коюлган. Ошондон көп өтпөй эле ал өлкөдөн чыгып кеткен. Бабанов Алмазбек Атамбаевдин айткандарына байланыштуу азырынча өз оюн айта элек.

Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевдин пикиринде, “Бабановго кылмыш иши саясий өңүттө козголгон” деген сөздөр ырасталып жатат.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Биз бул кылмыш иши козголгондон баштап эле “саясий буйрук менен болду” деп айтып келе жатабыз, - деди ал. - Кылмыш иштерин козгоого юридикалык жактан эч кандай негиз болгон эмес. Саясий буюртма менен козголгон кылмыш иштеринин баары жабылышы керек. Саясий өңүтүн, кандайдыр үч тараптуу келишим болгонун мына, Алмазбек Атамбаев өзү айтып кетпедиби. Бул саясий атаандашын жолдон чыгаруу аракети болгон. Ошол кезде кандайдыр тынчтыкты сакташ үчүн, тарапташтарына саясий куугунтукту токтотуу максатында Бабанов менен үч тараптуу сүйлөшүү болгон. Атамбаев азыр катасын мойнуна алып, азыркы бийлик ал каталарды кайталабашы керек. Эгерде эски бийликтин каталарын сындап жатышса, укуктук, демократиялык мамлекет болобуз дешсе, саясий атаандаштык камсыз кылынса, анда саясий куугунтукту токтотуу керек.

Айрым серепчилер Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги каталарын өз алдынча тизмектеп жатышат. Талдоочу Төлөгөн Келдибаевдин баамында, ал соңку президенттик шайлоону таза, ачык-айкын өткөрө албаганы эң чоң катасы болуп калды. Ал ошондой эле “мураскер тандоодо аймактык факторго көңүл бурулду” деген мазмундагы сөздөрүн да сынга алды:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

- Президент түндүктөн болобу, түштүктөн болобу, маанилүү эмес. Былтыр ошол кездеги президент Конституциянын гаранты катары шайлоого катышкан бир да талапкерге ыктабай, шайлоону таза өткөрүшү керек болчу. Шайлоону ачык-айкын өткөрө албаганы - анын башкы катасы. Ошол катанын кесепети азыр биринчи кезекте өзүнө келип тийип жатат. Бул жерде “президент түндүктөн же түштүктөн болот” деген ой такыр болбошу керек эле. “Президентти түштүктөн коюп, өкмөттү өзүм башкарам” деген куру кыялы, кабыл алган Конституциясы өзүнө буюрган жок. Өзү колдоп бийликке алып келген өзүнүн командасы экиге бөлүнүп, КСДП саясий кризиске кабылды. Түндүк-түштүк маселесин чынында эл көтөрбөйт. Кайсы аймактан болсо да таза президент, таза өкмөт болуп, таза шайлоо өткөрүп, адамдардын укуктары менен эркиндигин камсыз кылган, экономиканы өнүктүргөнгө мүмкүнчүлүгү бар лидерге коом муктаж.

Саясат таануучу Эмил Жороев болсо Алмазбек Атамбаев соңку билдирүүлөрү менен өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөп жатат деген ойдо.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

- Көп сөзү буга чейинки айткандарына эле окшош болду, - деди талдоочу. - Өзүнүн ишинин баары туура экенин, элге жакшы мурас калтырганын, азыркы бийликке таарынычын дагы бир сыйра айтып алды. “Эң чоң катам - азыркы президентти бийликке алып келгеним” деп соңку шайлоого таасир эткенин да мойнуна алды. Бабанов тууралуу айтып, оппозиция боло ала турган адамдарга кол сунуп жатат. Экинчи жактан өз бийлигинин тушунда ушундай иштерге негиз болбогонун мойнуна да алып жатат. Менимче, бул жерде чоң саясат же чоң бир ой-пикир деле жок. Ал коомдук-саясий жагдай боюнча өзүнө пайдалуу болгон суроолорго жооп берди.

Алмазбек Атамбаев өткөн айда "Апрель" телеканалына орус тилинде интервью берген жана анда азыркы бийликти “мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жолуна түшүп баратат” деп күнөөлөгөн. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков болсо ага чейин Атамбаевди "мени жетеленме кылгысы келген" деп сындаган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG