Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 05:28

Президент Сооронбай Жээнбеков элди "түндүк-түштүк" деп бөлгөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Ал Ысык-Көл облусунда 3-майда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда бул маселени атайлап козутуп жаткан чагымчыл топтор бар экенин айтты.

Кийинки убакта айрыкча социалдык тармактарда өкмөттүн жаңы курамы, президент дайындаган аткаминерлердин жердиги тууралуу талаш-талкуу көбөйгөн. Серепчилер кыргыз саясатында аймактык жагдай маанилүү экенин белгилешет.

"Кландык башкарууга жол бербейбиз"

Президент Сооронбай Жээнбеков "түндүк-түштүк" маселесин Ысык-Көл облусундагы Тоң районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда сөз кылды. Анда кийинки мезгилде “Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат” деген пикирди коомго сиңирүү аракети күчөп жатканын, мындай башкарууга жол бербей турганын айтты:

- Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарды – бул кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт! Бул менин Кудай буйруган, элим ишенип тапшырган негизги вазийпам! Үй-бүлөлүк бийлик кандай болорун элибиз бир эмес, эки президенттин тушунда көргөн. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезиминде өчпөс так калтырды жана элибиз кландык башкарууга кайрадан жол бербейт.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз бийлигинде президент маселен түштүктөн болсо, премьер-министр түндүктөн болушу керек деген жазылбаган эреже бары айтылып келет. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков азыр жогорку бийликте аймактык тең салмактуулук сакталганын айтты:

-"Түндүк-түштүк" маселеси кыргыз тарыхында ар дайым кыйчалыш мезгилде көтөрүлгөн жана көтөрүлө берет. "Аймактык тең салмактуулук болбой калды, бийликте бул жактан, тигил жактан көп болуп кетти" деген сөздөр жаңы адам келгенде же бийликке ыңгайсыз кырдаал жаралганда айтылып келген. Бирок азыр мындай маселени көтөргөнгө негиз жок деп ойлойм. Анткени бийликте аймактык тең салмактык бар. Сот жана президенттик бийлик түштүк тараптан болгону менен аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги түндүктөн. Бирок жумурткадан кыр издеген, муну актуалдуу маселеге айлантууга аракет кылган күчтөр бар. Оңтойлуу учурда дароо көтөрүп чыкканга аракет кылышат. Бирок буга маани бербеш керек. Азыркы күндө бул маселени көтөрүүгө негиз жок.

Рыскелди Момбеков өткөн айда азыркы өкмөттүн курамы бекип жатканда "Талас облусунан бир да министр жок" деп нааразы болгон. Анын себебин депутат өзү төмөнкүчө түшүндүрдү:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Өкмөттүн жамааттык курамы 21 адамдан турат. "Талас кичинекей, калкынын санына жараша" деп жок дегенде бир министрди Таластан коюшса болмок. Бул мыйзамда жазылбаганы менен илгертен бери сакталып келген норма. Кечээ Кыргызпатенттин башчысы кылып Динара Молдошеваны дайындаганда "Талас облусунан болот" деп бадырайтып жазышты. Бул "мына, Таластан дайындадык" деген жооп болду окшойт. Бирок ал Баткенде төрөлүп, ошол жакта өскөн экен. Өзүнүн оозунан деле "Таластын кызымын" деген сөздү уга элекмин. Аймактык тең салмактуулук сакталышы керек. Болбосо "Таластын татыктуу уул-кызы жокпу?" деген суроо баары бир эл арасында айтыла берет.

"Баарына бийлик күнөөлүү"

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, коомдук ишмер Адахан Мадумаровдун пикиринде, саясаттагы жердешчилик, "түндүк-түштүк" маселеси акыркы жылдары күчөдү. Ал буга байланыштуу азыркы президентти жана анын санаалаш-пикирлештерин айыптады:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Биринчиден, ушундай сөз айтыштын өзү мамлекет башчысына абийир алып келбейт. Булар өмүр бою ушундай менен ооруп келишкен. Бул деле 2010-жылдан бери эле бийлик төбөлү болуп жүргөн да. Бул Ак үйдүн ичиндеги гана күчөтүү. Коомдо "сасыткылар" бар. Бул биринчи кезекте бийликте отургандардын өзү. Бул көрүнүш соңку жети-сегиз жыл ичинде болуп көрбөгөндөй күчөдү. Мындай бөлүнүп-жарылуунун бирден-бир булагы ошол Ак үйдүн ичи. Муну өздөрүнүн кандайдыр бир кызыкчылыгы үчүн колдонушат. Азыркы президент, анын досу жана алардын тегерегиндегилердин баары ушундай сезим менен жашап келишкен. Азыркы президенттин жан-жөкөрлөрү "бирдиктүү экенибизди көрсөтүп коелу" деп адамдын акылына сыйбаган эмне деген ураандарды көтөрүп чыгышты.

"Түндүк-түштүк дегендерди тыйыш керек"

Жогорку Кеңештин мурунку спикери, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев аймактык ажырымды козуткандарга чара көрүүнү колдойт. Бирок ошол эле учурда бийлик өзү да мындай сөздөргө негиз бербеши керек деп эсептейт:

Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

- "Өкмөттүн жаңы курамында вице-премьерлер түштүктөн болуп калыптыр" деген сөздөр айтылып жатат. Мамлекеттин башчылары, жетекчилик кылдат болуп, балансты, тең салмактуулукту кармашы керек. Мурдагы президенттер Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин тушунда да мындайлар көп болгон. Азыр муну чоң саясатка айлантып, маселени ырбатуунун кереги жок. Кадр саясатында оош-кыйыштар боло берет. Баарын канааттандырган, төгөрөгү төп келген учур дайыма эле боло бербейт. Атайлап "түндүк-түштүк" деген маселени ырбаткандарды, саясатка айлантып чагым кылгандарды мыйзам чегинде тыйып коюш керек. Бийликтин өзү да абдан этият болуп, ар бир кадамды ойлонуп ташташы зарыл. Ошондой сөздөргө негиз бербеши керек.

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев кыргыз саясатында аймактык фактор кала берерин белгиледи. Ал "түндүк-түштүк" маселесинин себеби талданышы керек деген пикирде:

"Түндүк-түштүк" болуп бөлүнүүгө саясатчылар өздөрү күнөөлүү.
Бекбосун Бөрүбашев

- Эмне себептен "түндүк-түштүк" маселеси пайда болду? Муну ким пайда кылды? Ушуну биз такташыбыз керек. Бул маселени саясатчылар жараткан. Саясатка келиш үчүн элдин кайсы бир катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. "Мен баланча жердин кулунумун, мен силердин кулунуңармын" деп элди колго алганга аракет кылышат. Муну "тууганчылык системасы" деп коет. Бизде эмне себептен улуттук деңгээлдеги лидер жок? Бул маселенин себебин элден издөөнүн кереги жок.

Депутат Рыскелди Момбеков - бакылдап жакшы сүйлөгөн жигит. Бирок ал "Таластан министр жок" деп кыйкырып чыкты. Бирок жакынкы эле убакта Таластан сегиз министр болгон. "Эмне үчүн Таластан жок?" дебей, "Эмне үчүн акылдуу киши жок, эмне үчүн абийирдүү киши жок?" деп айтылышы керек эле. Мамлекеттин башына келгендер бийлигин сактап калыш үчүн, бекемдеш үчүн эң биринчи өзүнүн тегерегине өзү ишенген адамдарды коет. Ишенич болсо туугандык, жердештик менен бекип жатпайбы. Ошон үчүн "түндүк-түштүк" болуп бөлүнүүгө саясатчылар өздөрү күнөөлүү.

Жыл башында президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин акыркы убакта аймактык лобби күчөп жатканын эскерткен. Ал мамлекеттин акчасы аткаминерлер, депутаттар көп чыккан аймактарга эле агылып жатканын, бул багытта саясат өзгөрбөсө, айырмачылык дагы тереңдей турганын айткан.

Парламентке такай каттаган, анын ишин чагылдырган журналисттер бул багытта жагдай өзгөрбөгөнүн, депутаттар мурдагыдай эле өздөрүнүн аймагынын маселесин көтөрүп, өкмөттөн акча бөлдүрүүгө аракет кылып жатышканын белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG