Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 05:33

Кыргыз коомчулугунда президенттик шайлоонун жыйынтыктары ар кандай өңүттөн талдоого алынууда.

Жердешчилик фактору добуш берүүнүн жыйынтыгына кандай таасир берди? Үгүт жүргүзүүдө программаларга ынандырууга караганда тууганчылыкты көтөрө чалуу эмне үчүн үстөмдүк кылып жатат? Аймактык бөлүнүү курч жерде кантип демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө болот?

“Арай көз чарай” талкуусуна филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев катышты.

“Азаттык”: Сыртбай агай, президенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерлердин бири Таластан 85 пайыз, дагы бир талапкер Ошто 71 пайыз добуш алды. Анын себебин сиз эмнеден көрүп жатасыз? Талапкердин программасы өтө эле ынанымдуу болдубу же башка себептери барбы?

Сыртбай Мусаев: Эмне үчүн мындай болуп жатат? Кыргызды он миң жылдан бери жердешчилик, уруучулдук, тууганчылык сактап келген. Ал эми кыргыздын аң-сезиминде жамааттык түшүнүк көп болсо токсон жылдан бери жашап келе жатат. Байыртан бери кыргыздын канына, мээсине сиңген нерседен токсон жылда чыгып кетиш мүмкүн эмес.

Ооба, белгилүү деңгээлде бул шайлоодо да туугандык, жердешчилик фактор катышты, мурдагы шайлоолордо да болгон. Талапкердин бирине 85, дагы бирине 71 пайыздын берилиши ата-бабадан бери кыргыздын канына сиңген жердешчилик мамиленин күчтүү экендигин айтып турат.

Калыстык үчүн айтсак, ошол эле талапкерлер башка аймактардан да колдоо тапты, элдин арасында реалдуу жагдайды эске алып, калыс добуш бергендер да көп болду.

“Азаттык”: Бакыт мырза, демейде, бир үй-бүлө мүчөлөрү кайсы маселе болбосун бир пикирге келе албайт эмеспи. Атасы бирөөгө, баласы башка талапкерди, кызы менен апасы башка шайлап жатканы реалдуу көрүнүш болуп калбадыбы. Ошондон улам сурарым Кара-Кулжада бир нече айылдарда 100 пайыз бир талапкерге добуш салган фактылар катталды, бул эркин тандоонун көрсөткүчүбү же жердештик фактордун басымы күчтүү десек болобу?

Бакыт Аманбаев: Биз шайлоодогу болгон кемчиликтерден сабак алганды үйрөнүшүбүз керек. Дүйнөнүн аттуу-баштуу басылмалары Кыргызстандагы шайлоодогу эки көйгөйдү бөлүп көрсөтүштү. Биринчиси - шайлоодогу тууганчылык, жердешчилик маселенин таасири күчтүү болду, керек болсо коркунучтуу нерсе деп жазышты. Эмне үчүн коркунучтуу? Анткени бир элдин ичинде бөлүнүп-жарылуу болсо карама-каршылыкка алып келиши мүмкүн.

Ооба, жердешчилик каныбызга сиңген нерсе. Мындай көрүнүш башкаларда да бар. Бирок Кыргызстандагыдай жогорку деңгээлде эмес. Бир жерде 100 пайыз, экинчи жерде 85 пайыз бир кишиге добуш берген башка өлкөлөрдүн тарыхында болгон эмес. Муну алдын алуу керек. Ага мыйзам түрүндө бөгөт коё албайбыз. Анын бир гана жолу эл арасында агартуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

“Азаттык”: Сыртбай агай, бул жолку шайлоодо “Ошко оомат келди” деген сөз үгүт ишинин негизги ураанына айлангандыгы айтылып жатат, мунун кесепет-кедергиси болушу мүмкүнбү? Эртең Нарынга оомат келди, кийин Чүйгө оомат келди деп ураан чакыра берсек мамлекеттин келечеги эмне болот?

Сыртбай Мусаев: Кыргыздар кыйын эл экенбиз, отуз жылга жетпеген убакта демократияны куруп жатабыз. Биз дүйнөдөгү көп мамлекеттерге караганда демократиялык шайлоо өткөрүүнүн алдыңкы технологияларын мыкты өздөштүрүп жатабыз.

Мурдагыларга салыштырганда бул жолу добуштарды бурмалоо жөнүндө атаандаштар тарабынан сөз болгон жок. Көп алдыңкы мамлекеттер суктанып жатышпайбы.

Ал эми “оомат келди” деп жатканды биз азыр эле кетире албайбыз, тилекке каршы, дагы бир топко чейин барат. Башка маселе, ал ураандар Кыргызстанда негизги фактор болбошу керек. Мен өзүм “оомат бул жакка, тигил жакка келди” дегенге түп-тамырынан каршымын. Биз, интеллигенция калыс сөзүбүздү айтышыбыз керек.

Бакыт Аманбаев: Кийинки шайлоолордо жердешчиликти, тууганчылыкты шайлоого аралаштырбоо үчүн мамлекеттик деңгээлде маалымат каражаттары аркылуу эл арасында агартуу, түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүү керек.

Шайлоонун алдында элге үч нерсе айтылышы керек. “Урматтуу калайык калк, президентти тандоодо уруучулуктан, жердешчиликтен, тууганчылыктан да жогору нерсе бар. Ал - мамлекеттин келечеги, балдардын келечеги. Экинчиси - мамлекеттин башына олуттуу программасы бар лидер келгенде гана өнүгөт. Үчүнчүсү - шайлоодо жердештиги, тууганчылык менен эмес, программасы үчүн добуш берели” деген агартуу иштерин ар тараптуу колго алышыбыз зарыл. Кыргыз эли сөздү сыйлаган, сөз баккан эл, түшүнөт, өзгөрөбүз.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG