Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Атамбаев Жээнбековдун бийлигине нааразы


24-ноябрь, 2017-жыл.
24-ноябрь, 2017-жыл.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "азыркы бийлик Бакиевдин жолуна түштү" деп эсептейт.

Быйыл жаздан бери маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп бербей келаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев 18-ноябрда "Апрель ТВ" каналына маек куруп, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документ тууралуу комментарий берди.

Анда Алмазбек Атамбаев журналисттин “бул маалымат эмнеге бүгүн жарыяланды”? деген суроосуна мындай жооп берди:

- Эмнеге азыр жарыяланып кеткени белгилүү. Икрам Илмияновду камашты. Муну бухгалтерия​ боюнча штабдын бухгалтери билчү. Ал акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып, башка өлкөгө кетип калды. Ал өз өмүрүнөн коркуп жатат. Анткени азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен кетти. Ал жөн гана кетип калды. Бул документ жөнүндө билгендер өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Эмнеге Кулматовду паспорт боюнча отургузушту? Бакиевдин тушундагыдай акылсыздык. Алар Медет Садыркуловду “биз каалаганыбызды өлтүрүп коё алабыз" дегенди көрсөткүсү келип өлтүрүшкөн. Булар күнөөсүздөрдү камап салышты. Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап туруп, айтып жатышат: “Биз каалаганыбызды камайбыз, керек болсо өлтүрүп да коёбуз". Ошондуктан адамдар өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Илмияновду камабаса документ чыгып кетмек эмес. Балким бул үй-бүлө өзүнүн чыныгы жүзүн көпкө жашырмак. Мени таң калтырганы - биз атайын фонддун суммасынын чегин алып салганбыз. Эгерде бул таза каражат болсо эмнеге бардык сумманы ачык көрсөткөн жок? Бул албетте өкүнүчтүү.

Ал эми Атамбаевдин саясий абал боюнча толук маеги бүгүн, 19-ноябрда жарыяланары айтылды. Атамбаевдин айткандары боюнча Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты комментарий бере элек.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

Талдоочу Алмазбек Акматалиевдин баамында, Алмазбек Атамбаевдин соңку айткандары азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси курчуганынан кабар берет. Талдоочунун пикиринде, мындай абалда азыркы бийлик сабырдуулугун көрсөтүшү керек:

- Биз ал кишинин мүнөзүн билебиз, муну менен эле токтоп калбайт. Дагы эле өз кызыкчылыгын көздөп козутуп жатканы билинүүдө. Менимче азыркы бийлик буга сабырдуулук менен эле мамиле кылышы керек. Баштаган кылмыш иштерин аягына чейин чыгарып, далилдерди таап, таппаса бошотуп, атаандаштарына себеп бербеши керек. Антпесе коомго коркунуч алып келе турган абалга тез эле жетип калышыбыз мүмкүн. Эң коркунучтуусу ошол. Мунун алдын алып, кандайдыр чара көрбөсө, бул киши өтө агрессивдүү көз карашта болуп калганы билинип калды. Бул болсо коомго өтө коркунучтуу.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Жарандык активист Адил Турдукулов да мындан ары саясий күрөш курчуйт деген пикирге кошулат жана мындай жагдайда үчүнчү тарап болушу керек деп эсептейт:

- Бул жерде чынында эки адамдын эмес, эки команданын тиреши болуп жатканын көрүп турабыз. Бийликтин башкы функциясы - кадрдык тармакты тейлейт жана жетектейт деген маселе болуп жатпайбы. Сооронбай Жээнбеков да "үчүнчү адамдар аркылуу мамлекетти башкарууга таасир кылгысы келип жатат" деп ачык эле айтпадыбы. Бул жерде "Кадрдык маселеге ким жооптуу болот жана ким аныктайт?" деген суроо кабыргасынан коюлган. Эми тиреш күчөдү, муну башталышы гана деп айтсак болот. Атамбаев бул күрөштү толук жүргүзөт. Буга чейин ал 2005-жылы да, 2010-жылдагы революцияга да жигердүү катышкан, башында турган. Анын тажрыйбасы жетиштүү, каржылык, интеллектуалдык жана маалыматтык ресурстары бар. Ушундай жагдайда абалды турукташтырыш үчүн үчүнчү тараптын пайда болушуна коом да, мамлекет да дилгир деп ойлойм. Ушул үчүнчү тарап элдик курултай болобу деген үмүт бар. Бирок ачык эле айтыш керек, ошол курултайда деле бул же тигил тарапка тарткан күчтөр бар экен.

Эки достун таарынычы

16-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков “24.kg” маалымат агенттиги менен кенен маектешип, бийликте турган бир жылындагы жеткишкендиктери, коррупция менен күрөш, Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ), тышкы, ички саясат тууралуу ойлорун билдирди. Анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси жөнүндө да ачык пикирлерин айткан.

Жээнбеков шайлоо учурундагы “Көч уланат” деген урааны жөнүндө түшүндүрмө берип, бул Атамбаевдин эмес, мамлекеттин, элдин көчү экенине токтолгон. Мамлекет башчы экс-президент менен акыркы жолу 29-мартта, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) курултайынын алдында жолукканын айткан.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

“Менин инаугурациямдан төрт айдан кийин, жооптуу президенттик ишимдеги жеңил эмес мезгилде, 31-мартта анын жасаган билдирүүсү мен үчүн күтүүсүз болду. Анда ал мени Бишкек ЖЭБиндеги авария жана коррупция үчүн айыптады. КСДПнын курултайына партиянын Ош облусундагы бөлүмүнүн илгертен келаткан мүчөлөрүн киргизбей коюшту. Алар Атамбаев үчүн да, партия үчүн өтө оор болгон жылдары да биздин партиянын башында жүрүшкөн. Окуялардын мындай чукул өзгөрүшүнө мен абдан таң калдым”, деди президент.

Жээнбеков ошондой эле Атамбаев аны башкарууга аракет кылганын айтып, бул таптакыр туура эмес экендигин кошумчалады.

“Мен эч качан аны менен мамилем бузулганын айткан эмесмин. Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт. Мен мактангым келбейт, бирок кыйын мезгилдерде, керек болсо андан баары качып кеткен кезде да дайыма анын жанында болгом. Үй-бүлөмө, жакындарыма коркунуч туулганда да Атамбаевди колдоп жүргөм. Азыр анын политтехнологдору мени "саткын" деп атап жүрүшөт. Бирок кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт”, деди Сооронбай Жээнбеков.

Штабдын чуу жараткан кассасы

Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген "Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган" ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.

Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ доллар иштеткен. Бул боюнча президенттин аппараты "фейк" маалымат деп комментарий берген.

Быйыл 31-марттагы КСДПнын курултайында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы пикир келишпестик ачыкка чыккан. Анда Атамбаев Жээнбековду ЖЭБдеги коррупция үчүн айыптаган. Кийин бул иш боюнча КСДПнын бир нече мүчөлөрү камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG