Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:02

Зилалиевдин сотунда төрт күбө суралды


Дүйшөнбек Зилалиев сот залында. 2019-жылдын август айы.
Дүйшөнбек Зилалиев сот залында. 2019-жылдын август айы.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин соту уланды. Бүгүнкү отурумда төрт күбө көрсөтмө берди. Күбөлөрдү суракка алуу 27-ноябрда уланат.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деп «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Быйыл августта тоо-кен тармагындагы лицензия берүү маселеси боюнча Зилалиевге карата «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да шектүү катары өтүп жатат.

Зилалиев өзүнө коюлган айыпты четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG