Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Өкмөт башчы коррупция менен күрөштө президенттин саясий эркине ишенет


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ишкерликти жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына катышып, өкмөттүн ишкерлерди колдогон демилгелери ишке ашып жатканын айтты. Абылгазиевдин айтымында, 2019-жылы аймактардагы 51 бизнес-долбоорду каржылаш үчүн республикалык бюджеттен 2,0 млрд. сом бөлүнгөн. Ошондой эле ишкерлер үчүн айрым салыктардан жеңилдиктер каралды.

«Коррупционерлерге бөгөт коюу боюнча бекем чечимин билдирген президенттин саясий эрки ийгиликтин кепилдиги болот. Өкмөт ишкер чөйрөдөн жооп кайтарууну, аны менен бирге ата мекендик экономиканы өнүктүрүү боюнча демилгелерди күтөт», - деди премьер-министр.

Иш-чарада ишкерлик тармагындагы маселелер талкууланып, экономиканын түрдүү тармактарында иш алып барган бир катар ишкерлерге сыйлыктар тапшырылды. (TSh)

XS
SM
MD
LG