Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 11-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 01:48

Хезершоу: Уурдалган акчаны кайтарса болот


Профессор Жон Хезершоу.

Кыргызстандан уурдалып кеткен акчаны артка кайтарууда кандай тоскоолдуктар бар? Бакиевдин режими тушундагы финансылык махинацияларды талдаган “Чек арасыз диктаторлор” китебинин авторлорунун бири, Британиядагы Эксетер университетинин профессору Жон Хезершоу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: АКШ менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрү дүйшөмбүдө кол койгон билдирүүгө ылайык, мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү тарабынан уурдалган 4,6 миллион доллар өлкөгө кайтарыла турган болду.

Бакиевдин тушунда чет өлкөгө чыгарылып кеткен каражаттын бир бөлүгү дээрлик тогуз жылдан кийин кайтарылып жатканына сиз кандай баа бердиңиз?

Жон Хезершоу: Ыңкылаптан бери узак убакыт өттү. Бул Кыргызстандан уурдалып кеткен деп шек саналган каражаттын көлөмүнө салыштырмалуу кыйла аз акча. Бирок мунун өзү узакка созулган иликтөөлөрдөн жана мыйзамдык аракеттерден кийин “уурдалган акчаны кайтарса болот” деген принципти бекемдеген жагдай.

Биз эми бул байлык чындап уурдалып кеткен жана мыйзамдуу түрдө таандык болгон тарапка же кыргыз элине кайтарылып жатат деп ишенимдүү айта алабыз. Менимче, бул жакшы жышаан. Бирок акчаны кайтаруу оор жана жай процесс. Алар каражаттын баарынын изин таба алышайт.

“Азаттык”: Сиз “Чек арасыз диктаторлор” аттуу китебиңизде Бакиевдин бийлиги тушундагы арам акчаны адалдоо жана акча уурдоо көрүнүштөрүнө өзгөчө көңүл бургансыз. Мындай практика 2010-жылга чейин канчалык кенен тараганын түшүндүрүп бересизби?

Акча сырттан келип, Кыргызстанда бир нече саат же бир нече күн гана туруп, анан кайра банктан чыгып турган. Бул схема Бакиевдин режими үчүн абдан кирешелүү болгон.

Жон Хезершоу: Эки нерсени бөлүп кароо керек. Биринчиси, Бакиевдин режими тушунда “Азия универсал банкы" эл аралык финансы системасында акчаны эки жакка жүгүртүп турган түйүн катары түзүлгөн. Ал акча сырттан келип, Кыргызстанда бир нече саат же бир нече күн гана туруп, анан кайра банктан чыгып турган. Бул схема Бакиевдин режими үчүн абдан кирешелүү болгон. Алар мындан кайсы бир деңгээлде пайда таап турган деп ишенимдүү айта алабыз. Себеби алар банкты башкарган адамдар менен жакын байланышта болушкан. Бирок ал каражаттын баары Кыргызстандан уурдалган эмес. Бирок жүз миллиондогон, балким миллиарддаган доллар банк аркылуу өтүп турган.

Алардын деталдарын так билбейбиз. Бирок мынча каражат банк аркылуу өтүп, чоң киреше алып келип турганы бышык. Ал акчанын бир бөлүгүнүн булагы белгисиз болгону, адалданышы керек болгон каражат экени, алар Кыргызстандан тазаланып чыгып турганы маалым. Анын негизги максаты – акчанын булагын жашыруу болгон. Бул биринчи жагдай.

Экинчиси - “АзияУниверсал” банк кыргыз элинин каражатын сыртка чыгарып кетүү үчүн да колдонулган. Анын масштабын так айта албайбыз. Эки жагдайды бири-биринен айырмалай билүү керек. Арам акчаны адалдоо практикасына салыштыра келгенде акча уурдоонун масштабы азыраак болгон деп айта алабыз. Ошентсе да олуттуу деңгээлде акча уурдоо көрүнүшү орун алган десек болот.

Биз билгендей, Бакиевдин президенттигинин акыркы бир-эки жылында анын үй-бүлөсү Кыргызстанга келген чет өлкөлүк инвестициянын баарын көзөмөлдөп турган. Ал акчанын басымдуу бөлүгү “Азия универсал банкына” түшкөн. Алар ал жерден өлкөнүн сыртындагы жеке эсептерге которуп турушкан.

“Азаттык”: Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич “Азаттык” менен болгон маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллардай чыгарып кетиши мүмкүндүгүн айтканы бар. Анын чын-бышыгы белгисиз. Кантсе да сыртка чыгарылып кеткен каражатты кайтаруу үчүн кандай аракет талап кылынат?

Гуревичтин АКШдагы тергөөчүлөр менен кызматташуусунун натыйжасында аныкталган акчабы деп да ойлоп жатам. Уурдалган акчаны аныктоо үчүн ички чөйрөнү жакшы билген адамдардын кызматташуусу керек.

Жон Хезершоу: Гуревич андай каражатты билиши мүмкүн. Уурдалган каражатты кайтаруу жараяны андан көрсөтмө алуу менен коштолушу керек. Кыргызстанга кайтарылат деген соңку каражат Гуревичтин АКШдагы тергөөчүлөр менен кызматташуусунун натыйжасында аныкталган акчабы деп да ойлоп жатам. Уурдалган акчаны аныктоо үчүн ички чөйрөнү жакшы билген адамдардын кызматташуусу керек.

Бул балким башталышы гана чыгаар. Мындан кийин дагы каражаттар кайтарылат деп да жоромолдосо болот. Бирок ал үчүн банк эсептерине экспертиза жүргүзүлүшү кажет. Акча кайсы эсептен кайсынысына которулганын аныктоо зарыл. Ички ашкананы билгендердин кызматташуусуна муктаждык бар.

Мындай аракет Улуу Британия сыяктуу башка өлкөлөрдөгү каражаттарды кайтарууга да жол ачышы мүмкүн. Бирок бул мен айтып өткөндөй, татаал жана узак процесс.

“Азаттык”: Деги эле уурдалып кеткен каражаттарды кайтарууда мамлекеттер көбүнесе кандай тоскоолдуктарга туш болушат?

Жон Хезершоу: Каражат уурдалганына сотторду мыйзам чегинде ынандыруу керек. Ал үчүн "акча уурдалды" деген факт же адамдын бай болгону жана кайсы бир мүлккө ээ экени жетишсиз болот. Кайсы бир мүлк менен кымырылганын акчанын ортосундагы байланышты көрсөтүп беришиң керек.

Башкача айтканда, Кыргызстандан чыккан каражат менен кайсы бир хансарайдын же миллиондогон доллар катылып турган банк эсептин ортосундагы байланышты күбөлөгөн финансылык чынжырды тизип берүү зарыл. Банк эсептеги каражат бир нече жолу кожоюнун алмаштырган болушу мүмкүн же кайсы бир буюмду сатып алууга сарпталып кетиши ыктымал.

Андыктан мыйзам чегинде андай чынжырды түзүп чыгуу абдан татаал. Финансылык агенттер акча уурдаган адамдарга каражатынын изин жашырып кетүүгө катуу жардам беришет. Мисал катары гана айтсак, акча Бакиевдерге тиешеси жок кайсы бир компаниянын номиналдуу жетекчисине же жакын санаалаштарынын эсебине которулган болушу мүмкүн. Аны далилдеп берүү керек. Андыктан Кыргызстандан чет өлкөгө чыгарылган акчанын изин таап чыгуу абдан кыйын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG