Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:45

Уланбек 30 жашка чыкмак...


Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак. Бишкекте жаштар журналисттин туулган күнүн утурлай эскерүү кечесин өткөрүштү.

Эскерүү кечесине чогулгандар иликтөөчү журналисттин жасап кеткен эмгектери тууралуу кеп кылып, жаштарды тарбиялоодо Уланбектин аз өмүрү үлгү экенин экенин белгилешти.

Кеченин алып баруучусу, акын Мирлан Самыйкожо Уланбек Эгизбаевди кыргыз журналистикасындагы көкжал деп атады.

«1990-жылы 12-февралда Кочкордогу Көк-Жар айылынан чыккан көкжал Уландын туулган күнүн белгилеп жаткан чагыбыз...»

Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

Акын Самыйкожо аз болсо да саз жашаган Уланбек журналистикада иликтөө жанрын жаңы деңгээлге көтөргөнүн белгиледи.

«28-жашка чейин эгемендиктен кийин жарылбай жаткан дың жерге өз сокосун өчкүс кылып тартып кеткен Уланбек Эгизбаевди ар бир кыргыз чындыкты көргөндө эстеп турары талашсыз. Арабызда жок болсо да экинчи өмүр болуп уланып жаткан эмгектерин окуп жатабыз».

Эгизбаевди эскерүү кечеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков.

«Паракорлор эми тынч уктайбыз деп ойлобосун. Анын артында мураскер болуп эркек уулу калды. Бул чоң белги. Ал эми анын ишин улай турган биз барбыз», - деди. Ал азыр мамлекетке өз ишинин өтөөсүнө чыкан адистер керек болуп турганын белгилеп, Уланбек Эгизбаевдин эмгектерин элге жайылтуу - мекенчил жаштарды тарбиялоо үчүн даяр идеология экенин айтты:

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

«Улан өлгөн жок. Уландын аманаты калды. Улан чындап уланат. Биз эми Уланды сыйлайбыз десек «Улан жакшы эле» деп койгон жетпейт. Улан эмне үчүн күрөштү? Ошого умтулалы».

Маркум журналисттин апасы Жыпаркүл Сариева эки жылдан бери Уланбекке арналган көп иш-чараларга катышканын, уулунун эмгеги элдин эсинде сакталып кала берерине ишенерин айтты. Ата-эненин күйүтүнө уулунун сыймыгы аралашып, артында калган туякка каниет кылып күн кечирип жатышат. Уланбектин апасы жаштарга кайрылып, баласынын ишин улантууга чакырды:

«Бир сом акчанын кандай келерин жон териси менен сезип чоңойгон бала. Элдин эсебинен байып жаткан жемкорлорго бала кезинен эле жаны кайнап чоңойду. Жаштар, баламдын атынан суранам, силер да мекенчил болуп чоңойгула!»

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өткөн эскерүү кечесине Уланбек Эгизбаевдин ата-энеси, жакындары, кесиптештери жана активист жаштар катышты. Эскерүү кечесин Уланбек Эгизбаев атындагы жаштар бирикмеси уюштурду. Бирикменин жетекчиси Дастан Алтынбек уулу иш-чаранын максатына токтолду:

«Улан байкенин ишин улайлы дедик. Журналист катары бир топ коррупциялык иштер менен күрөшүп кеткен. Эми муну жаштарга жайылтууга иштеп жатабыз».

Эскерүү кечесине журналистика тармагында окуган Алина Жотоева тайпалаштары менен келген. Алина Уланбек Эгизбаев учурда бир топ жаштардын пирине айланганын, анын басып өткөн жолу жаш муун үчүн ар дайым үлгү болгонун белгиледи:

«Мен эле эмес, тайпалаштардын көбү пир тутат. Анын чынчылдыгы, тайманбастыгы тууралуу дайыма сүйлөшөбүз».

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. Ал каза болгондон кийин дагы бир нече эл аралык жана мамлекеттик сыйлыкка татыды.

Улан Эгизбаев бул жалганда 28 жыл гана жашаса да коррупция, коомдогу терс көрүнүштөр тууралуу иликтөөлөрү менен кыргыз журналистикасына чыйыр салып кетти. Уланбектин жүрөгү токтогону менен баштап кеткен иликтөөлөрү токтогон жок. Анын артында калган иши, максаттары экинчи өмүрүнө айланды.

Уланбек каза тапкан 2018-жылы 14-сентябрда Журналисттик иликтөөлөр фонду ишке киришкен эле. Уюм Уланбек Эгизбаев атындагы 12-февраль - анын туулган күнүнө карата жыл сайын ыйгарылчу журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген.

2019-жылдын 12-февралында бул сыйлыкты үч иликтөөсү үчүн «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков жеңип алган. Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөөчү журналистика жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.

2019-жылы апрель айында Уланбек Эгизбаевдин иликтөөлөрү жана башка эмгектери орус тилине которулуп, басылып чыкты. Уланбек Эгизбаевдин кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан («В поисках истины», «Чындык деп жанган өмүр») китеби «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос - Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көргөн.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG