Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:35

Ишкерлерди жүдөткөн бюрократия


Күнөскана.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке ккараштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет 12-февралда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандагы ишкерлик көйгөйүн талкуулады.

Ага катышкан бизнесмендер тармактагы кемчиликтерди көтөрүп, тоскоолдуктар тууралуу көйгөйлөрдү козгошту.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жыйында ишкерликтеги тоскоолдуктарды белгилеп, маселени чече албаган жетекчилерди зекиди.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке караштуу Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынына катышкан бизнес коомчулуктун өкүлдөрү бюрократиялык система күчөгөнүн белгилеп жатышты.

Кыргызстандагы “Күнөсканалар” ассоциациясынын төрөгасы Тилек Токтогазиев мамлекеттик органдар салган айыптын көптүгүн сынга алды:

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

“Кыргызстанда көп жылдан бери жашаган Ольга Вольганг деген австриялык ишкер аял бар. Ал “Кыргызстандагы чиновниктер “айып” деген сөздү жакшы көрүшөт экен” деп айтты. Анткени кайсы жерге барба, сени ким текшерип келбесин айып сала беришет. “Бирок Европада айып жогорку жаза эмес, бизде ишкерлер мыйзам буза турган болсо анын рейтинги түшүп кетет. Мындайда ал ишкер насыя ала албай калат же кайсы бир укуктары азайып калат” дейт. Ошондуктан биз да Европанын практикасын колдонуп, айыптарды азайтып, рейтинг системасына өтсөк. Бул ыкма коррупцияга бөгөт коёт деп ишенем”.

Кыргыз бийлиги бюрократияны жана коррупцияны жоюу максатында санариптик технологияларды ишке киргизип жатканын айтып келе жатат. Алар бул аракеттер мамлекеттик органдар менен ишкердин кызматташтыгындагы адам факторун азайтып, жемкорлукка бөгөт коёт деп белгилешет.

Бирок Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков ишкерди жүдөткөн коррупциялык система жоюлмак тургай, азая электигин айтты:

Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

“Кошумча салык деген бар. Ал сен 10 жыл мурун аз салык төлөгөн экенсиң, ошонун айырмасын төлөп кой деп салык кызматкери келет. Кечиктирген күндөрүң үчүн туум менен төлө дейт. Анда эмнеге убагында айтышкан эмес? Мына ушундай коррупциялык система бар. Бирдиктүү депозиттик эсеп боюнча өкмөттүн токтому бар. Ошол токтомдо бизнеске тиешелүү жол-жоболорду алып салуу сунушун берип жатабыз. Анткени бул эсеп коррупцияга жол ачат. Аны жоюп салса, күч органдары эсепти толтурууга ашыкпайт. Анын пайдасы ишкерлер үчүн иштейт”.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 250 миңге жакын салык төлөөчү бар. Анын ичинен 2000ден ашыгы чоң бизнес. Ал эми эки миңдейи орто болсо, 250 миңге жакын кичи бизнеске туура келет. Бюджеттин 78 пайызын ири бизнестен түшкөн салык толтурат. Ошол эле кезде 242 миң кичи бизнес төлөгөн салык болгону алты пайыз. Буга патент, салык келишими менен иштеген кафе-ресторандар, соода түйүндөрү жана жеке ишкерлик менен алектенгендер кирет. Бирок ошол эле убакта өткөн жылы патентти жоюу маселеси көтөрүлүп, учурда мыйзам долбоору даярдалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев Экономика министрлигинин ишин сындады:

Кыргызстандык ишкерлер менен президенттин Ала-Арча резиденциясында өткөн жолугушуусу. 12-февраль,
Кыргызстандык ишкерлер менен президенттин Ала-Арча резиденциясында өткөн жолугушуусу. 12-февраль,


“Мурда ишкерлер Экономика министрлигин өздөрүнүн адвокаты катары көрүшчү. Азыр бул министрлик өзүнүн миссиясын аткарбай жатат. Мисалы, салык мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча көптөгөн ишкерлер нааразылык билдирип жатышат. Алар патентти жоюп, НДСти 1 млн. сомго түшүрүү боюнча каршы пикирин айтышты. Мына ушундай нерсени Экономика министрлиги башында эле чыгарбай коюш керек эле да”.

Жыйынга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо жана мамлекеттик текшерүүчү органдар тарабынан жасалган басымдын азайбаганын, коррупция менен күрөшүүнү шылтоо кылып, укук коргоо органдары аша чаап, бизнестин иштөөсүнө негизсиз тоскоолдуктарды жаратып жатканын моюнга алды. Айрым учурда негизсиз оор чараларды колдонуп, ишкерлерди камакка алып жатканы тууралуу кооптонуулар, кайрылуулар президентке түшүп жатканын да белгилей кетти.

«Ишкерлер менен текшерүүчү органдардын ортосунда фильтр болуп, прокуратура органдары негизсиз текшерүүлөргө жол бербөөсү талап кылынат. Сот системасында каралып жаткан инвестициялык чыр-чатактарды жөнгө салуу механизмдерин жакшыртууну талап кылат. Соттук реформанын алкагында адистештирилген соттордун жана сотко чейинки өндүрүш практикасын киргизүүгө мезгил жетти. Соттордун адилет чечим чыгаруусун камсыздоо жана айрым экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу абзел», - деди Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков курулуш тармагындагы тоскоолдуктар бизнести өнүктүрбөй жатканына да токтолду. Маселен, 100 батирлүү үйдү салыш үчүн курулуш компаниясы орто эсеп менен 50гө жакын макулдашууларды өткөрүү керек.

Ушул көрүнүштөрдөн улам курулушка уруксат алуу боюнча "Doing business" рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга башкача айтканда, 70 позицияга ылдыйлап кеткен.

Буга нааразы болгон президент өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге сөөмөй кезеди:

“Өзүңөрдүн чөнтөгүңөрдү толтуруу маселесин чечип отурасыңар. Ошон үчүн иш артка кетип жатат. Мына сен (ред.Абдиев) 2017-жылы кызматка келгенден бери эмне иш кылдың? Колуңдан келбесе кызматтан кет да. Элди, ишкерлерди кыйнап отурасың”, - деди Жээнбеков.

Иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков Укук коргоо жана сот органдары менен бизнестин ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн чечкиндүү кадамдарга барышы керектигин белгиледи.

Мындан тышкары узак жана татаал макулдашуу процедуралары, ишкерлерди жана инвесторлорду кошумча чыгашаларга учуратып жатканы айтылды. Ушундан улам Башкы прокуратурага тиешелүү мыйзамды өзгөртүп, кылмыштуулуктун алдын алуу механизмдерин өнүктүрүү зарылчыгы бар.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитети бизнес-коомчулуктун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн. Ал өлкөнүн инвестициялык дараметин жогорулатуу үчүн ылайыктуу шарттарды камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты көздөйт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG