Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:43

Жеңил өнөр жайынын түйшүгү жеңил эмес


Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы текстил ишканасы менен таанышкан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен жеңил өнөр жай товарларын экспорттоонун көлөмү тең жарымына азайды. Былтыр бул аралыкта 155 миллион долларлык товар чет жакка сатылса, быйыл ал көрсөткүч 82 миллион долларды гана түздү.

Акыркы жылдары бул тармактагы экспорттун өсүшү байкалып, өндүрүш да көбөйө баштаган. Көрсөткүчтөрдүн артка кеткени чек ара жана каржы барьерлери менен байланыштырылууда.

«Элдик экономика» түрмөгүнүн бул чыгарылышы ушул темага арналды.

Цехтер көбөйдү

Бишкектин чоң көчөлөрүнүн биринин боюнда жайгашкан кийим тигүүчү жайга кирип барганыбызда иш кызуу жүрүп жаткан экен. Жумуштун көптүгүнөн мындагы тикмечилер бизге маани деле берген жок, шарактатып жабдуусун иштетип жатышты.

Четтеги эжеден акырын сурап, төр жактагы администратордун бөлмөсүнө баш бактык. Аны өздөрү технолог деп атап коюшат экен.

Ошентип цехтин технологу Гүлзар Султангазиева бизге өз иши жөнүндө кеп салды:

- Биздин иш - сезондук иш, кышкысын кышкы кийимдерди, жайкысын жайкы кийимдерди тигебиз. Баары буюртмага жараша болот. Негизинен аялдардын кийимдерин, анын ичинде көйнөк-шым, спорттук кийимдерин, ич кийимдерин жана башкаларын тигебиз. Жалпысынан 30дай адам иштейбиз. Тигүүчү, бычмачы, үтүкчү жана башкалар бар.

Гүлзар Султангазиеванын чеберканасы.
Гүлзар Султангазиеванын чеберканасы.

Султангазиеванын айтымында, алардын цехи жөн эле даяр материалды тигип койбостон ага сүрөт тартып, жазуу түшүрүп, шуру чаптоо менен да алектенет. Соңунда гана кийим тигилет.

- Көбүнчө эки катмарлуу (двухнитка) кездемелерден тигебиз. Ал материалдарды пахта кагаздан (хб - хлопчатобумажный) деп коюшат. Материал эгер таза пахта болсо сапаты анча болбой калат да, ошого аралашма материал алабыз. Сапаттуусун тандап дегендей. Кездемени кооздоп, шелкография жасайбыз, таштарды, шуруларды кадайбыз. Ар кандай моделдерге өтүп турабыз, анткени мода өзгөрүп турат. Мунун баарын биз өзүбүз колго жасайбыз.

Цехтин менежери белгилегендей, алардын кызматкерлери жайчылык мезгилде айына 15-20 миң сомдон, сезон кызуу маалында 30 миң сомго чейин акы алышат экен. Иштегендер арасында атайын тигүүчүлүк окуусун бүткөндөр да бар, өз алдынча үйрөнгөндөрү да бар.

Бишкектеги цехтердин бири.
Бишкектеги цехтердин бири.

Бул тармакта көп жылдан бери иштеген тикмечилердин бири Гүлүмбү Жээналиева да кепке кошулду:

- Мен өзүм мектепти бүткөндөн баштап эле ушул тигүүчүлүк тармагында иштейм. Окуу жайында, техникумда да ушул багытта билим алгам. Ошондон бери эле ушунда иштеп, бала-чаканы багып келе жатабыз. Азыр 59 жаштамын. Бул кесипте дайыма жумуш табабыз. Жылуу жерде, үстүбүздө суу өтпөгөн, астыбыздан сыз өтпөгөн жерде иштейбиз. Акчабызды убагында беришет, он күндө бир маянабызды алып турабыз. Сапаттуу тиккенди билсең эле талапка ылайык жумушчу болосуң. Иштеп жаткан кыздардын арасында окугандар да бар, бирок жөн эле келип иштеп жүрүп кийин үйрөнүп алгандар да бар.

Биз кеп кылып жаткан цехтин атайын аталышы деле жок. Анткени ал патент менен иштеген ишкердики. Салыгы жана башка эсеп-кысабы да ошол жол менен жүргүзүлөт. Ээси Чолпон Өмүркулова жалпылап айтып берди:

- Адатта цех иштеткендер бирөөнүн буюртмасы менен гана иштетишет эмеспи. Мен болсо кардарды алыстан таап, өзүм товарды Орусияга жөнөтөм. Өзүбүздүн кардарларыбыз бар, бизнес каналды жолго коюп алганбыз. Бул тармакта иштегениме он жылча болуп калды. Кездемелерди Түркиядан алып келебиз, кыздарга беребиз, бүт бардыгын тигип, даярдап коюшат. Бүткөндө дароо жөнөтүп коём. Сапатты аябай жакшы карайбыз. «Кыргызстанда жасалган» же «Made in Kyrgyzstan» деген бренд менен кетет.

Чолпон Өмүркулованын өндүргөн товары.
Чолпон Өмүркулованын өндүргөн товары.

Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда тигүүчүлүк менен алектенген ишкерлердин дээрлик көпчүлүгү өз алдынча патент менен иштейт. Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда андай ишкерлердин саны учурда 8 миңге жетет. Кезинде бул сан эки миңдей гана болчу жана береги көрсөткүч соңку беш-он жылда тигүүчүлүк тармагында иш алып баргандардын саны төрт эсе көбөйдү дегенди түшүндүрөт.

Мамлекеттик комитеттин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулова сөз учугун улады:

- Жеңил өнөр жайы азыркы учурда приоритеттүү тармак болуп саналат. Анткени ал социалдык маселени чечет, массалык түрдө жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылат. Ошон үчүн бул тармакка өкмөт тараптан түрдүү колдоо бар. Силер жакшы билесиңер, 2005-жылдан тартып текстил жана тигүү тармагы толугу менен патенттик негизде иштей баштаган. Башкача айтканда алар жеңилдетилген шартта салык төлөп иш алып бара баштаган. Ортодо бул тармак түрдүү мүшкүлдөргө туш болгону менен азыркы учурда кыйла өнүгүп калды. Бул тармактагы ишканалар негизинен Бишкек жана Чүй облусунда жайгашкан, анан азыраак Ош шаарында бар. Себеби алар негизинен экспортко багытталган, логистика менен тыгыз байланыштуу. Ошол себептүү борборлоштурулуп жайгашуу аларга ыңгайлуу. Кыргызстандагы тигүүчүлөрдүн товарларынын 95% чет жакка кетет, анын ичинде өзгөчө Орусия менен Казакстанга экспорттолот.

Орусияда сатылып жаткан Кыргызстандын товарлары.
Орусияда сатылып жаткан Кыргызстандын товарлары.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин эсебинде жеңил өнөр жай тармагындагы чакан жана орто ишканаларда, патент менен иштеген цехтерде түз жана кыйыр түрдө жалпы жонунан 150 миңдей киши эмгектенет.

Өндүрүш жана экспорт

Ошентип Кыргызстандагы жеңил өнөр жайы, тагыраагы анын ичиндеги тигүү тармагынын жалпы абалы жөнүндө учкай маалымат алып алгандай болдук. Эми алар чыгарып жаткан өнүмдүн көлөмүнө жана чет жакка сатылышына келели.

Колго тийген маалыматтарга таянсак, 2000-жылы өлкөдөгү жеңил өнөр жай ишканалары 2 млрд. 32 млн. сомдук, 2005-жылы 4 млрд. 641 млн. сомдук товар өндүрүшкөн. 2010-жылга келип бул көрсөткүч 6 млрд. 369 млн. сомго жетет. 2011-2012-жылдары аталган тармактагы өндүрүш кескин көтөрүлөт да, 9 жарым млрд. сомго чукулдайт.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген алгачкы жылдары көрсөткүч кайра эки эсе азайып, беш-алты миллиард сомду түзүп калат. Соңку эки жылда гана кайрадан өсүүгө бет алып, былтыркы жылдын эсеби менен 9 жарым миллиардга жакындады. Башкача айтканда өнөр жайчылар алты жылдык жетишкендикке кайра жеткени калышты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы.

Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында эле 5 426,4 млрд. сомдук товар өндүрүлүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,8% өскөн. Албетте, мунун ичинде кийим-кечек эле эмес, бут кийим өндүрүү жана кездеме өндүрүү да бар.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин бөлүм башчысы Фатима Садамкулованы кайра угалы.

- Ошол жылдары Орусияда кризис болуп, бизге буюртма азайып кеткени, биздин улуттук валютанын курсу түшүп кеткени Кыргызстандагы жеңил өнөр жайынын өндүрүшү түшүп кеткенине себеп болуп калган. Азыр эми бул тармак кайра оңолуп жатат, - деди маектешибиз.

Өнөр жайчылар өздөрү да ЕАЭБге кирген учурда өндүрүштүн азайып кетишин бул уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн кысымы менен эмес, жалпы дүйнөдөгү кризис менен да байланыштырат. «Жеңил өнөр жай» тигүүчүлөр бирикмесинин президенти Сапар Асанов буларга токтолду:

Сапар Асанов.
Сапар Асанов.

- Көбү «бул тармактагы өндүрүш ЕАЭБге киргенден кийин түшүп кетти» деп айтып калат. Жок, ага байланышы жок. Бул биримдикке 2015-жылы кирбедикпи. Тескерисинче бул уюмга киргенден кийин кайра жандануу башталды. Менимче бул ортолукта биз адаптациялык мезгилден өттүк окшойт. Себеби ошол рынокко ыңгайлашып, өткөн жана өтпөгөн товарларды аныктап, анан ишти жолго койдук. Өзгөрүүлөргө кайра туруштук берип, өсүүгө бет алдык. Бирок эми ушул потенциалды дагы сактап калып, жаңы тепкичтерге секиришибиз керек. Ишкерлер өзүбүз ирилешүү жагын жолго коюшубуз зарыл. Өкмөт 2005-жылдары патент системасын киргизип кандай колдоого алса, азыр да ошондой колдоого муктаж болуп турабыз. Өкмөт токтом кабыл алып, Жогорку Кеңешке жаңы мыйзам долбоорун жөнөткөн. Ошол мыйзам да кабыл алынып калса дагы өнүгүү болот деп ишенем.

Деген менен экспорттук көрсөткүчтөргө келгенде мындай ойдон оолактай баштайсың. Анткени башында жакшыраак сатылып жаткан өнүмдөр азыр артка кете баштады.

Башка жылдарды айтпаганда деле, быйыл жети айдын ичинде Кыргызстан чет жакка болгону 82 миллион долларлык жеңил өнөр жай товарларын сатты. Былтыркы жылдын жети айында ал көрсөткүч 155 миллион долларды түзгөн эле. Башкача айтканда өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу экспорт 46,9% азайып жатат. Мунун ичинен тагыраак айтсак, аталган аралыкта кийим сатуу 57,3% кемиди.

Орусия Кыргызстандын тигүү тармагынын негизги кардары экенин эске алганда, буга биринчи кезекте Москванын акча которууга койгон чектөөсү себеп болууда. Ошондой эле Казакстан менен чек ара бөгөттөрү да артка тартты.

Бишкектеги цехтердин бириндеги тикмечи кыздар.
Бишкектеги цехтердин бириндеги тикмечи кыздар.

Цех иштеткендердин бири Алтынбек Мамбеталиев мындай деди:

- Казакстан чек араны жаап, текшерүүнү улам күчөтүп жатканы ушунчалык көкөйгө тийди. Чек арадан товар ташуудан кадимкидей эле заарканып калдык. Бул биринчи кедерги. Экинчи кезекте Орусия бир нече чет өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга акча которууга быйыл жыл башында киргизген чектөөсү бутту тушады. Бир адамга айына 100 миң сом эле которо ала тургандай кылып койду. А бизде бир-эки эле рулондук кийим-кечек 200 миң сом болуп кетет. Анан айла жок Орусиядан ар кайсы тааныштардан суранып котортобуз, кайра бияктан акчаны аз-аздан алып чогултмай. Ушунун өзү биздин сатыгыбызды кемитти, буюртмаларыбызды азайтты. Жеке менин сатыгым 50% азайды. Мисалы мурда айына 100дөй рулон алып тигип жатсак, азыр араң 30-40 рулонду тегеретип жатабыз.

Акча которууга киргизилген лимит жана чек арадагы барьерлер аталган тармактагы эле эмес, жалпы тармактардагы экспорттун көлөмүнө таасир этип жатканын өкмөт деле мойнуна алат. Ал тургай премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аз күн мурдараак Бишкекте өткөн бизнес-форумда да ушул маселени көтөрдү. Бирок ага азырынча жооп боло элек.

Тармакты караган тиешелүү органдар бул өкмөттүк деңгээлде чечиле турган маселе экенин айтуу менен чектелишүүдө.

- Акча которууга Орусия тараптан коюлган чектөөлөр боюнча биз өзүбүздүн анализибизди, сунуштарыбызды өкмөткө бергенбиз. Аны эми Евразия экономика комиссиясынын аянтчасында, Кыргызстандын өкмөтү менен Орусия Федерациясынын өкмөтү карап чыгып чечиши керек, - деди Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин бөлүм башчысы Фатима Садамкулова.

Кездеме токуу жана импорт

Баса, Кыргызстандагы тигүүчүлөр кездемени учурда негизинен чет өлкөдөн алып келишерин баяныбыздын башында кыскача белгилегендей болдук. Алардын баалары да сапатына жараша болот.

Статистикага ылайык, 2019-жылдын жети айында сырттан 473 миллион долларлык жеңил өнөр жай буюмдары ташылып келсе, анын ичинен 176 миллион долларына жалаң кездеме келген. Былтыр болсо жалпы жыл ичинде 380 миллион долларлык кездеме Кыргызстанга сырттан ташылып келген.

Бул боюнча сөздү Бишкектеги «Мадина» базарынын сатуучусу Динар Мокенова улантты:

Динар Мокенова.
Динар Мокенова.

- Кездемелер бизге көбүнчө Кытайдан, Түркиядан жана Түштүк Кореядан келет. Индиядан, Индонезиядан, Тайвандан, Таиланддан да алып келгендер бар. Кытайдан эки сапатта келет, бири аябай сапаттуу, экинчиси сапаты начарлары бар. Тигүүчүлөр ошонун каалаганын алып кетишет. Эң жогорку сапаттагы кездемелер Дубайдан келет. Күндөлүк керектелчү кийимдерден баштап, эмеректин сыртын, тойго алып бара турган нерселерди тиге турган материалдар бар. Тандагыдай нерсе өтө көп. Бизден дүңүнөн да алып кетишет, метрлеп да алышат.

«Мадина» базары. Бишкек.
«Мадина» базары. Бишкек.

Бул жердеги сатуучуларда Кыргызстанда өндүрүлгөн кездемелер жокко эсе экен. Мунун себебин соодагер мындай түшүндүрдү:

- СССР учурунда Кыргызстандын аймагында, Бишкекте жана Ошто жайгашкан текстил менен кездеме өндүрүүчү (ХБК) ишканаларды толугу менен менчиктештирип, жоюп жиберишти. Бирин да сактап калышкан жок, президент Аскар Акаевдин убагында алардын станокторун металлга тапшырып жиберишти. Азыр эми кездеме токуучу бир-эки ишкана ачышыптыр, эми-эми ирдене башташыптыр. Бирок алардыкын барып көрсөк аябай кымбат экен, биздин алармандар аны көтөрө алышкан жок. Алар өздөрүнүн каналдары аркылуу, балким чет жакка гана жөнөтүп жатышат окшойт. Айрым кыргызстандык ишкерлер кездемени боёгон ишканаларды иштетишүүдө. Сырттан жарым-жартылай иштетилген кездемени алып келип ошол жерден боёп анан саткандар бар.

«Мадина» базары. Бишкек.
«Мадина» базары. Бишкек.

Бирин-экин ишкана демекчи, учурда Бишкек эркин экономикалык аймагындагы «Фая текстил» (Кытайлык инвесторлорго караштуу) жана Токмок шаарындагы «Текстил Транс» ишканасы гана кездеме токуп жатат. Алар 2019-жылдын сегиз айында пахтадан 22,1 млн. чарчы метр кездеме чыгарышты.

Башка бир жагдай акыркы жылдары жергиликтүү инвесторлор Ош шаарында «Кыргыз текстил» аттуу ишкана ачууга аракет кылып жатат. Бишкекте Военно-Антоновка айылынын аймагында да 41 гектар жер бөлүнүп, ал жерге да текстил заводу түшөт деген кабарлар бар.

Борбордогу ишкананы «Жеңил өнөр жай» тигүүчүлөр бирикмеси инвесторлордун жардамы менен курганы жатат. Уюмдун президенти Сапар Асанов ал тууралуу өз оюн айтты:

- Эгер биз ал тилкеде өндүрүштү куруп алсак, атаандашууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Себеби жеңил өнөр жайы боюнча Кыргызстандын азыр өзүнүн жолу, каналы бар да. Маселен Түркиядан кездеме бажы төлөмү, башка төлөмдөр менен келет да. Бизде болсо электр энергиясы арзан, газ арзан, ошо менен өндүрсөк аларга туруштук бере алабыз. «Бишкек» эркин экономикалык аймагынан жана Токмоктогу ишканалар чыгарып жаткан кездемелер абдан аз, керек болсо биздин өзүбүздүн муктаждыкты жаба алышпайт. Болгону 5% эле жабышат экен. Биз азыр Түркиянын элчилиги аркылуу түрк инвесторлору менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Эгер максатыбыз ишке ашып, бизде өндүрүш жолго коюлуп калса, кездемелерди Кыргызстанда өзүбүз иштетсек болот. Орусияга, Казакстанга жана Европа мамлекеттерине да сата баштайбыз.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы кездеме чыгаруучу завод.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы кездеме чыгаруучу завод.

Бирок кеп болуп жаткан ишканалар качан курулуп, качан ишке кирери белгисиз. Алар иштеген күндө да чет элдик өндүрүүчүлөр менен атаандашып, соода-сатыкта күч алып кетиши суроо жаратат. Адистер болсо тигүү тармагын жакшы көтөрөбүз десек аны менен кошо кездеме өндүрүү тармагын да сөзсүз жолго коюш керек экенин эскертишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (20)

XS
SM
MD
LG