Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 17:00

Түрк инвестициясынын түмөн түйшүгү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүүнү көздөйт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-түрк ишкерлеринин Бишкек форумунда билдирди.

Форумда президент түркиялык инвесторлорду Кыргызстанга чакырып, алардын коопсуздугуна кепилдик берди. Айрым эксперттер инвесторлордун Кыргызстанга тартылбай жатышын эки өлкөнүн ортосундагы солгун мамиле менен байланыштырып келатышат.

24-сентябрдагы кыргыз-түрк бизнес форуму дүйнөдөгү эң ири мейманкана түйүнү болуп саналган «Sheraton» отелинин Бишкектеги ачылышына туш келди. Түркиялык «Бишкек парк» соода борборунун жанында жайгашкан ушул отелде уюштурулган форумга президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Президент форумдагы сөзүндө Түркия Кыргызстанга эгемендик жылдары 600 миллион доллардан ашык түз инвестиция тартканын белгилеп, «Кыргызстан - инвестиция салууга эң ыңгайлуу өлкө» деп билдирди:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Бизде бизнести каттоо өтө жөнөкөйлөштүрүлгөн, үч күндүн ичинде бизнес ачса болот. Жаңы түзүлгөн ишканалар үч жылга чейин текшерүүдөн бошотулду. Айрыкча быйыл бизнести негизсиз текшерүүнү кескин азайттык. Кыргызстанда инвестордун активдери жана менчиги кол тийгис. Кыргыз мамлекети буга толук кепилдик берет.

Түркия Кыргызстанга негизинен кен, курулуш, жол куруу, жеңил өнөр жай, билим берүү багытында инвестиция жумшап келе жатканы белгилүү. Маселен, Кыргызстанга сырттан ташылган кездеменин 20-25 пайызы Түркиядан келет.

«Легпром» тигүүчүлөр бирикмесинин президенти Сапар Асанов тигүү тармагында ири долбоорду ишке ашырыш үчүн түрк ишкерлерине кандай сунуштар киргизилип жатканын айтып берди:

Сапарбек Асанов.
Сапарбек Асанов.

- Мамлекет «Легпром» ассоциациясына ушул тармакты өнүктүрүү, кластердик өндүрүш аймагын куруу үчүн 41 гектар жер бөлүп берген. Биз Түркияга ушул долбоорду биргелешип ишке ашырууну сунуш кылып жатабыз. Биз Түркиядан алып келип жаткан кездеме, фурнитуранын баарын Кыргызстандан чыгарууну чогуу ишке ашырсак ал кластердик өндүрүш аймагына айланат. Өндүрүмдү Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөргө гана экспорттобостон, ВСП+ деген макамыбызды колдонуп, Европа мамлекеттерине да экспорттогонго жол ачылат деген үмүтүбүз бар. Эгер Түркиянын ишкерлери колдой турган болсо, эки тараптын тең кызыкчылыктарын толук камтый турган өндүрүш аймагын ишке ашырууга даярбыз.

Анткен менен мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин баамында инвестиция жаатында Кыргызстан өз мүмкүнчүлүктөрүн жетиштүү пайдалана албай жатат.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

- Биринчиден, Кыргызстанда инвесторлор үчүн жакшы мыйзамдар бар, - деди ал. - Бирок алар толук иштебейт. Экинчиден, биз инвесторлорду чакырып жатабыз, бирок алардын укуктарын толук камсыз кылып берген жокпуз. Көп учурда инвестор акчасын салып, завод-фабрикаларды кура баштаганда жергиликтүү бийлик менен, жергиликтүү эл менен талаш-тартыштар чыгып жатат. Ошол учурда өкмөт, мамлекет жардам бербей, инвестор жергиликтүү эл менен жалгыз калып калууда. Андай болбойт. Анткени инвестор мыйзам чегинде иштеш үчүн келсе баары мыйзам менен чечилиши керек.

«Бийлик түрк ишкерлерин инвестиция салууга чакырып, ошол эле кезде аларга шарт түзө албай жатат» деп эсептегендер бир катар мисалдарды келтирип жатышат. Алардын катарында түркиялык алтын кен иштетүүчү «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясы бар. 2015-жылы Жалал-Абад облусунун Терек-Сай аймагынан алтын казууга лицензия алып иштетип келаткан бул компания менен жергиликтүү тургундар тил табыша албай келет.

Ал эми КАЙНАК ишканасы Жогорку соттун быйыл мартта чыккан чечими менен Түркияга өткөрүлүп берилген. «Аруу жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коому же «Вефа» деген ат менен таанымал соода борбору боюнча да соттук териштирүү болуп жатканы белгилүү.

Ошол эле мезгилде Түркиянын каражатына салынганы сөз болгон Бишкектеги Кыргыз-түрк достук ооруканасы ачылбай турат. Тараптар ушул убакка чейин оорукананы иштетүүнүн шарттары боюнча бир пикирге келе элек экенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Оорукана 2017-жылы эле иштей баштамак.

Жергиликтүү эксперттер түркиялык инвесторлордун Кыргызстанга агылып келбей жатышын ушундай көрүнүштөр менен да байланыштырып жатышат.

Иштин илгерилебей жатышынын себебин саясий маселелер менен түшүндүргөндөр да бар. Расмий Анкара кыргыз тарапты «гүленчи» деп эсептеген «Сапат» мекемелерин жабууга, бул маселени эртелеп чечүүгө чакырып келет. Бирок азыркы кыргыз бийлиги бул маселе боюнча кескин пикирин билдирген эмес. Коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев бул боюнча мындай деди:

Кубан Мамбеталиев.
Кубан Мамбеталиев.

- Бизде Түркиядан келген ишкерлер көп. Ошол эле «Вефа» түрк ишкерлериники, азыр «Sheraton» мейманканасы ачылды. Мунун баарын бөлүп-жарууга болбойт. Алар Гүлен же Эрдоган тараптан эмес, Түркиянын жарандары.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков Кыргызстандагы түрк ишкерлерине карата бийликтин мамилеси боюнча буларга токтолду:

- Гүленди колдогон КАЙНАКтын ээлери деле, Эрдоганды колдогон ишкерлер деле Түркиянын ишкерлери. Анан бирөөнө көз жуумп коюп, экинчисине «Кыргызстанга келгиле. Биз силердин укукту коргойбуз» дегени калыстык эмес. Акча, инвестиция тынчтыкты жакшы көрөт. Кыргызстанда өзүбүздүн инвесторлор качып жатса сырттан инвестор келеби?

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү 400 миллион долларды түзөт. Былтыр бул өлкөдөн 93 миллион доллар инвестиция келген. Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн экономикалык алакасын жакшыртыш үчүн кыргыз-түрк бизнес форумун тез-тез өткөрүп турууну сунуш кылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG