Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

«Кыргыз-түрк достук ооруканасынын» маселеси Жогорку Кеңеште каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» ачуу маселесин талкуулайт.

Аталган комитет Бишкек мамлекеттик «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, кыргыз жарандарынын медицина жаатында Түркияда билим алышы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууга киргизүү маселесин карайт. Ага былтыр 1-сентябрда, Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосунда Бишкек шаарында кол коюлган.

Аталган мыйзам долбоору эки жума мурда парламенттин жалпы отурумунда биринчи окууда каралган.

Буга чейин Бишкек шаарында курулган «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» Кыргызстан менен Түркия үч жыл чогуу башкара турганы айтылган.

Оорукана 2016-жылдын июнь айында курула баштаган. Ал 2017-жылы иштей баштамак, бирок ушул күнгө чейин ачылбай турганы нааразылык жаратып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG