Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Анкара КАЙНАКты кайтаргысы келет


КАЙНАК ишканасы.
КАЙНАК ишканасы.

Жогорку сот Түркиянын Мамлекеттик фондунун Кыргызстандагы түркиялык ишкерге карата берген доосун канааттандырды.

28-февралда Жогорку сот Түркиянын Мамлекеттик фондунун жана ага караштуу «Н-Т Китап Кыртасийе Бюро Малземелери Пазарлама Ве Туризм Тижарет Аноним Ширкети» компаниясынын түрк ишкери Эмин Кызылкаяга карата берген административдик доосу боюнча ишти карап, канааттандырды. Макалабыз түшүнүктүү болушу үчүн кеп башында ишканалардын тарыхы жөнүндө сөз кылалы.

2002-жылы «Н-Т Китап Кыртасийе Бюро Малземелери Пазарлама Ве Туризм Тижарет Аноним Ширкети» деп аталган түркиялык жеке компания Кыргызстанда KAYNAK (КАЙНАК) аттуу ишкана ачат. 2012-жылы ал ишканага түркиялык Кызылкая Эмин аттуу жаран жетекчи болуп шайланат. 2016-жылдын 30-ноябрь айында KAYNAK «Н-Т Китап» (аты кыскартылды - ред.) компаниясынан бөлүнүп Кызылкая Эминдин өзүнчө ишканасы болуп катталган.

​Ал эми Түркияда 2016-жылдын 15-июлундагы саясий окуядан кийин «Н-Т Китап» компаниясынын ишмердүүлүгү «Фетхуллах Гүлен жамаатына түздөн-түз тиешеси бар» деген жүйө менен мамлекеттештирилип, Түркиянын Мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилет. Ошондон кийин мамлекеттештирилген «Н-Т Китап» компаниясынын Кыргызстанда ачкан КАЙНАК ишканасын түрк өкмөтү өзүнө алууга аракет кыла баштаган. Ошентип үч жылдык соттошуудан кийин быйыл 28-февралында Жогорку сот буга чейинки инстациялардын «Юстиция министрлигинин 2016-жылдын 30-ноябрында КАЙНАК ишканасын өзүнчө компания кылып каттаган буйругу жокко чыгарылсын» деген чечимин күчүндө калтырды. Башкача айтканда, кыргыз судьялары КАЙНАК дагы эле түрк бийлиги тарабынан мамлекеттештирилген «Н-Т Китап» компаниясына таандык деп тапты десек болот.

Анткен менен адвокат Денис Диканский Жогорку соттун чечимине макул эмес экенин, түрк өкмөтү жеке ишкер Эмин Кызылкаянын бизнесин мыйзамсыз алууга аракет кылып жатканын айтып чыкты.

Денис Диканскийдин айтымында, Эмин Кызылкая 2015-жылы эле КАЙНАК ишканасын кайра каттатууга документ тапшырган. Ал ошондой эле 2015-жылдары эле КАЙНАК компаниясын Кыргызстанда өзүнчө каттатыш үчүн Түркиядагы «Н-Т Китап» ишканасынын жетекчилигинин бардык уруксаты алынганын айтууда. Ишкердин адвокаты Юстиция министрлигине бир жыл мурда тапшырган документтердин айрымдары туура эмес болгондуктан, аларды толуктап жатып ишкана 2016-жылы 30-ноябрда гана расмий каттоодон өткөнүн билдирди.

Адвокат Денис Диканский түрк өкмөтү ишкердин бизнесине азыр да ээлик кыла албайт деп ишенип турат.

- Бизде Юстиция министрлигине кайрылып, ишкананы Эмин Кызылкаянын наамына ээси катары кайра каттатуу укугубуз кала берди, - дейт ал. - Болгону 2016-жылдагы каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыкты. Сот менчикке ээ болуу боюнча чечим чыгарган жок. Сот «ишкананын түптөөчүсү «Н-Т Китеп» компаниясы эле боло алат» деген жок. Соттун чечиминде болгону «2016-жылы юстиция министри каттоодо бир нече каталарды кетирген» деп турат. «Эки жылдан бери үлүштөр Эмин Кызылкаянын наамына өткөн» деген келишимди эч ким талашкан жок. Эч ким «ал документ мыйзамсыз» деп айткан жок.

Жогорку соттун чечиминен кийин Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги «Фейсбуктагы» расмий баракчасына «бул соттук жараян үч жылдан бери жүрүп жаткан жана ФЕТО уюму сот алдында чет өлкөдө биринчи жолу утулду» деп жазды. Ал эми Түркиядагы жалпыга маалымдоо каражаттарында Бишкектеги сот жараяны боюнча кеңири маалымат берилип, серепчилер Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда саясий мамилелер жакшы нукта баратканын баса белгилеген маанайда кабар таратышты.

Кыргыз сотунун чечимине байланыштуу Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Киран «Твиттердеги» баракчасына «ФЕТО уюму менен бардык тармакта чечкиндүү күрөшүбүз улантылат» деп жазды. Макала даярдалып жаткан учурда түрк элчилигинен кеңири комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Кыргыз сотунун бул чечими, ага карата Түркиянын расмий өкүлдөрүнүн реакциясы коомчулукта ар кандай талкууларды жаратты. Түрк бийлигин сындап келген жергиликтүү активист Гүлжигит Исаков «расмий Анкарага жакпаган түрк ишкерлерине жана алардын чет өлкөдөгү компанияларына каршы чабуул күчөгөнүн» айтты:

- Батыштагы, Европадагы көп эле өлкөлөрдө ушундай аракеттер болуп жатат. Алар «сөзгө ишенбейбиз, так далил алып келгиле, далил менен иш алып барабыз» дешет. Ал эми Кыргызстанга келгенде тилекке каршы «адилеттикти» сатып алса болот. Ошондой жагдай бул жакта да орун алып жатат. Европадагыдай мыйзам үстөмдүгүн биринчи орунга койбосок Кыргызстанда жаман инвестициялык жагдай түзүп алган болобуз. Мындайда инвестордо «Кыргызстанда адилеттик сатылган өлкө экен» деген пикир калыптанат.

«Вефа» соода борбору.
«Вефа» соода борбору.

Ал ортодо үч жылдан бери «Аруу жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коому же «Вефа» деген ат менен таанымал соода борбору боюнча да ушул сыяктуу соттук териштирүү жүрүп жатканы белгилүү болду.

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиевдин баамында, негизинен эле экономикалык сот иштери өтө татаал болгондуктан кыргыз сотторунун чечимдери далилдерге негизделип чыгарылышы керек.

- Соттор мындай иштерге өтө кылдаттык менен мамиле кылышы зарыл, - деди ал. - Кайсы чет өлкөлүк компания болбосун, бизде катталып, анан өз мамлекети менен соттошуп жатканы татаал маселе. Мында кандай гана болбосун биздин мыйзамдардын бузулган-бузулбаганы так аныкталышы керек экенин маанилүү болуп калат. Албетте, соттук чечим саясий нукка бурулуп кетиши мүмкүн. Бул сапар соттор ушундай иштерди карап жатканын эсинен чыгарбашы керек.

Расмий Анкара «гүленчи» деп эсептеген агартуу мекемелерин жабууну, бул маселени эртелеп чечүүнү расмий Бишкекке сунуш кылып келет. Бирок азыркы кыргыз бийлиги бул маселе боюнча кескин пикирин билдирген эмес. Саясат талдоочулар бийликтин мындай позициясын колдоп, «эмне болгон күндө да бул Түркиянын ички иши, буга аралашпаш керек» деген кеңеш беришет.

Кошмо Штаттарда акыркы жыйырма жылга жакын убакыттан бери өз эрки менен бозгунда жашап келаткан Фетхуллах Гүленди расмий Анкара 2016-жылкы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан. Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТО деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган уюмду террористтик деп таанууга чакырган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG