Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 9 айда 681 млн. сомду түздү


30-ноябрда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку технологиялар паркынын жаңы кеңсесинин ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Боронов өкмөттүн IT тармагын колдоого алганы натыйжалуу болуп жатканын белгиледи.

- 2019-жылдын үч кварталында Жогорку технологиялар паркынын 77 резидентинин кирешеси 681 млн. сомду түздү. Бул жерде 700дөн ашык киши иштейт. Ресурстардын биригиши – бул жөн гана тренд эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана санариптик өзгөрүү үчүн натыйжалуу инструмент, – деди Боронов.

Вице-премьер-министрдин айтымында, өкмөтүнүн жаңы расмий сайты Жогорку технологиялар паркынын программисттери тарабынан иштелип чыккан.

Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Жогорку технологиялар паркы салыктан жана камсыздандыруу төлөмүнөн 15 жылга бошотулган. Кыргызстан программисттер ассоциациясынын демилгеси менен 2011-жылы өлкөдө Жогорку технологиялар паркы ачылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG