Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Өкмөттү түйшөлткөн көмүскө экономика


Кыргыз өкмөтү 2019-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 590 млрд. сомго жетип, реалдуу өсүш 4,5% чыкканын, 2020-жылы өсүштү 5% жеткирүүнү максат кылып жатканын билдирди.

Ошол эле учурда көмүскө экономиканын деңгээли жогору бойдон калууда. Расмий маалымат боюнча ал 130 млрд. сом же ички дүң өнүмгө карата 23,6% түзүүдө. Экономисттер өкмөттүн бул статистикалык маалыматтары реалдуулуктан алыс экенин, ички дүң өнүмдүн өсүшү төмөн, ал эми көмүскөдө айланган акчанын көлөмү алда канча көп экенин айтып жатышат.

27-январда өкмөттүн өткөн жылдын жыйынтыгы жана ушул жылга карата пландары боюнча кеңейтилген жыйыны болду. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев былтыр ички дүң өнүмдүн көлөмү (ИДӨ) 590 млрд. сомго жетип реалдуу өсүш 4,5% түзгөнүн, Кумтөрдү кошпогондо өсүш 3,8% жеткенин жарыялады.

Чакан жана орто ишкердиктин ички дүң өнүмдөгү үлүшү мурда 37% болсо, азыр 39,5% көбөйүп, ишканаларда 6449 жумуш орундары түзүлгөнү, чет элдик инвестициялардын келиши 67,3%, ошол эле кезде капиталдын чыгышы 56% жеткени кабарланды. Абылгазиев өкмөт быйыл ички дүң өнүмдүн өсүшүн 5% чейин жеткириши керек экенин айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Урматтуу кызматташтар, мен баарыңарды 2020-жылы ички дүң өнүмдүн өсүшүн болжолдогон 3,6% эмес, 5% деңгээлге чыгарыш үчүн болушунча күч-аракетиңерди жумшоого чакырам, - деди Абылгазиев.

Өкмөт быйыл Кыргызстанга 250 млрд. сомдон кем эмес инвестиция тартууну карап жатат. Абылгазиевдин сөзүнө караганда, жакынкы жылдары «Жерүй», «Этибакыр-Терексай», Оштогу «Кыргыз унаа курулуш» менен «Кыргыз текстил», Кайыңды «Металл кени» ишке кирет жана «Чаарат ЗААВ», «Жамгыр» алтын кендерин иштетүү пландалууда. Жалпы инвестициянын көлөмү 400 млн. долларга чыгат деп эсептелген.

Өкмөт экономиканын Кумтөр кенинен көз карандылыгын азайтууну да көздөп жатат. Кумтөрдөн көз карандылыкты 2020-жылы 10%, 2023-жылга 25% чейин азайтуу каралган. Премьер-министр бул максатка жетиш реалдуу деп эсептейт.

Аткаруу бийлиги өлкө экономикасы өскөнү боюнча бир катар статистикаларды келтиргени менен экономисттер бул сандарга ишене бербейт. Эркин экономист Мейманбек Абдылдаев ички дүң өнүмдүн көлөмү боюнча өкмөттүн маалыматы тууралуу мындай комментарий берди:

Мейманбек Абдылдаев.
Мейманбек Абдылдаев.

- Кыргызстанда 1992-1993-жылдан бери экономика өскөн жок. Бирок калк көбөйүп жатат. Ал эми ички дүң өнүмдүн көлөмү 4,5% көбөйдү деген сомдун девальвация болгону үчүн инфляциянын өскөнүнө гана байланыштуу. Мисалы, ал кезде бир доллар 3,5-4 сом болчу да. Азыр доллар 70 сомго чыкты. Ошондо инфляция 18 эсе көбөйүп жатат. Ошонун негизинде эле «ИДӨ өстү» деп жатышат. Ал эми калктын саны менен алганда, киши башына бөлгөндө ИДӨ тескерисинче ылдый түшүп жатат. Кумтөрдөн башка инвестиция да келген жок. Элдин жашоо шарты жакшырып, маяна да көбөйгөн жок. Мамлекет жарандарга көрсөткөн кызматтар, билим берүү, саламаттык сактоо начар. Бул экономиканын өспөгөнүнө байланыштуу.

Ал эми быйылкы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд. 710 млн. сом, чыгашалары 173 млрд. 663 млн. сом, таңсыктыгы 9 млрд. 953 млн. сом деп бекитилди.

Жыйында өкмөт башчы андан тышкары көмүскө экономика боюнча маселе көтөрдү. Расмий маалымат боюнча, учурда көмүскө экономиканын деңгээли болжол менен 130 млрд. сомду же ички дүң өнүмгө карата 23,6% түзүүдө. Премьер-министр Абылгазиев көмүскө экономика дагы деле жогору бойдон калып жатканын моюнга алды. Ал 13-январда салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча жыйында да эксперттер көмүскө экономиканын үлүшү 24-43% чейин жетерин айтып жатканын билдирген.

Эл аралык «Transparency International» уюмунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн жетекчиси Айгүл Акматжанова «Азаттыктагы» маегинде Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли расмий сандарга салыштырганда бир топ эле жогору экенин айткан.

- Эл аралык эсептерге караганда бизде бизнестин 40% көмүскөдө, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 60-70% компаниялар ачык-айкын иштешпейт. Мына ушул эки фактор биздин ишкерлик тармакка абдан кедергесин тийгизип жатат, - деди Акматжанова.

Аткаруу бийлиги көмүскө экономиканын маселесин салыктык иш-аракеттерди фискалдаштырып, бажы өткөрмө жайларына видео камераларды орнотуп чечерин, 2020-жылы бул боюнча иш алып барыларын убада кылып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өкмөт бул сөздөрдү кайталап эле келатканын, бирок жыйынтык жок экенин айтып, буларга токтолду:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

- Муну канча жылдан бери эле айтып келатышат, бирок көзгө көрүнөөрлүк жумуш жок. Көмүскө экономиканын деңгээлин түшүрүш үчүн биринчи фискалдаштыруу, санариптештирүү жана үчүнчүсү аткезчиликти токтотуу зарыл. Өкмөттүн фискалдаштыруу боюнча алдын-ала даярдалган планын көрдүм. Азыр алар кагазда эле турат. Эгерде ал ишке ашса, көмүскө экономиканы 10%га чейин азайтса болот. Бирок ошону өкмөт аткара алабы - бул чоң маселе.

Кыргызстанда салык жана бажы тармактарындагы ыраатсыздыктан улам коррупция күчөп, ишкер чөйрө көмүскөгө кетүүгө аргасыз экенин эксперттер айтып келишет. Ушундан улам өкмөт салык саясатын кайра карап чыгышы зарыл деген пикирлер көп.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (20)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG