Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 04:32

Экономиканы өргө чыгарбаган жагдайлар


Кыргызстандагы кийим тиккен цехтердин бири. (Архивдик сүрөт)

Узап бараткан жылда Кыргызстандын экономикасында кандай тенденциялар байкалды?

Жыл ичинде келечекке үмүт арттыра турган ири долбоорлор, өндүрүштөр болдубу? Аймактарды өнүктүрүү программасынын үзүрү сезилдиби? Өлкө экономикасын илгерилетүүнүн кандай жолдору бар?

«Арай көз чарай» талкуусуна өкмөттүн аппаратынын аймактык өнүктүрүү секторунун эксперти Мирбек Калмырзаев, экономика боюнча эксперттер Кайрат Итибаев жана Эркин Абдразаков катышты.

«Азаттык»: - Мирбек мырза, 2019-жылды жыйынтыктап, баам салганда Кыргызстандын экономикасында эмне өзгөрүү болду, кайсы бир тенденцияларды бөлүп көрсөтө алабызбы?

Мирбек Калмурзаев
Мирбек Калмурзаев

Мирбек Калмырзаев: - Президент 2018-2019-жылдарды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жөн жеринен атаган жок. Андагы максат - аймактардын экономикалык потенциалын көтөрүү. Өкмөт Аймактарды өнүктүрүүнүн концепциясын да иштеп чыккан.

Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү болсо, алардын 82 пайызы ачык айтканда дотацияда отурат, башкача айтканда, мамлекеттин колдоосуна муктаж. Дотациядан чыгаруу үчүн өкмөт бир топ жумуштарды жасады. Мисалы, быйыл айыл өкмөттөрдөгү киреше салыгынын 70 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу, 30 пайызын республикалык бюджетке чегерүү чечилди. Бул чечим аймактарды өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт десек болот.

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгарсак, жергиликтүү бюджеттерге 5 миллиард сомдон ашык киреше топтолду. Бул цифра 2018-жылга салыштырганда 1,5 миллиард сомго көп.

«Азаттык»: - Эркин мырза, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып, "инвестициялык долбоолорго, өндүрүштөрдү ачууга, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө көңүл бурулат" деп айтылган. Элеттин экономикасына өбөлгө боло турган иштер болдубу?

Экономикага барандуу салым кошо турган ири инвестициялык долбоорлор болгон жок. Бул жагынан жергиликтүү бийликтер, алар менен тыгыз иштеше турган министрликтер да чабалдык кылып жатышат.
Эркин Абдразаков.


Эркин Абдразаков: - Аймактардын экономикасын көтөрүүдө эки тараптан иштер болду. Биринчиси - четтен келген гранттар болсо, башка жардамдар аркылуу, экинчиси - айыл өкмөттөрдүн өздөрүнүн аракеттери менен жасалган жумуштар.

Жеке жана мамлекеттик өнөктөштүк долбоорлору менен бир топ иштерди бүткөрүүгө аракеттер жүрдү. Аймактарда 3 километрден жол оңдолуп, майда ишканалар ачылды, бир топ айылдарда таза суу чыкты.

Бирок экономикага барандуу салым кошо турган ири инвестициялык долбоорлор болгон жок. Бул жагынан жергиликтүү бийликтер, алар менен тыгыз иштеше турган министрликтер да чабалдык кылып жатышат.

Жалпы экономиканын абалын айтсак, сырткы товар жүгүртүүнүн көлөмү 4,6 пайызга кыскарды. Евразия Экономикалык Биримдигинен ала турган үлүшүбүз да төмөндөп кетти. Бюджетибиз болсо жыл сайын таңкыстык менен кабыл алынууда.

«Азаттык»: - Кайрат мырза, экономиканын негизги көрсөткүчүн өндүрүш түзөт эмеспи. 2019-жылы Кыргызстандын экономикасына барандуу салым кошо ала турган ири өндүрүш ишканаларын түзө алдыкпы?

Кайрат Итибаев
Кайрат Итибаев

Кайрат Итибаев: - Менин баамымда, 2018-жылга салыштырганда Кыргызстанда экономиканын темпи 2019-жылы жайлады. Анткени капиталдын чыгашасы көп, кирешеси аз болууда.

Кыргызстандан жылдык бюджети 8 миллиард доллардын тегерегинде. Бул сумма Германиядагы орто компаниянын бюджети. Эгер биздин өлкөнүн экономикасы өссүн десек кескин реформаларга барышыбыз керек. Аймактардын өнүктүрөлү десек кирешелерди фискалдаштырышыбыз керек.

Биздин экономика өткөн кылымдын оорулары менен алышып келе жатат. Биздеги ишканалардын көбү 20 жылдан бери патент менен эле иштеп келе жатат. Орто жана чакан бизнестин көбү салыкты толук төлөбөйт. Биздин өкмөт салыкты чогултканды үйрөнүш керек. Курулуш, ресторан бизнеси (тойканаларды), сауналарды ж.б. тейлөө тармактарын салык жагынан тизгиндегенге убакыт келди.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG