Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 19:40

Өкмөт патентти жойгусу келет


Коллаж.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салык төлөөчүлөргө болгон теңсиз мамиледен улам мамлекеттик казына толбой жатканын белгилеп, патент системасын жоюуну сунуш кылды.

Учурда ресторандар менен кафелер, соода түйүндөрү салыкты патент жана салык келишими менен төлөйт. Экономика министрлиги көмүскө экономиканын басымдүү бөлүгү дал ушул система менен иштегендерге туура келет деген жүйө келтирет. Бирок ошол эле кезде патент жоюлса мамлекеттик бюджет жылына 15 миллиард сомдон 20 миллиард сомго чейин жоготушу мүмкүн деген адистер бар.

Быйылкы жылдын биринчи кварталында салык пландалгандан 1,5 миллиард сомго аз жыйналды. Бул 38 миллиард 238 миллион сомду түзөт. Өкмөт салыктын аз түшүп жатышынын бирден-бир себебин салык саясатындагы теңсиздиктен көрөт.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 247 миң салык төлөөчү бар. Анын ичинен 2145и чоң бизнес, 2323ү орто жана 242 миңи кичи бизнеске туура келет. Бюджеттин 78 пайызын ири бизнестен түшкөн салык толтурат. Ал эми 242 миң кичи бизнес төлөгөн салык болгону алты пайыз. Буга патент, салык келишими менен иштеген кафе-ресторандар, соода түйүндөрү жана жеке ишкерлик менен алектенгендер кирет.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев чакан ишкердик жүргүзгөндөр тапкан кирешесине жараша салык төлөбөй жатканын айтып, анын себебин патент системасына такады:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Ишканалар «биз чийки затты иштетебиз, жумуш орундарын түзөбүз, салыкты ачык төлөйбүз» деп отуруп өндүрүшкө күч келип атат. Азыр кээ бир ресторандардын тапкан кирешеси ишканалардыкынан да көп. Алар бир эле патентти алат же салыктык келишим менен иштейт. "10 миң сом төлөп коюп, 10 миллион сом пайда көрө бер" деген болбойт. Негизи патент салык төлөөчүлөрдү тартипке салыш үчүн гана киргизилген. Ошондон бери 20 жыл болду. Бирок патенттен кете албай жатабыз. Салыктын жүгүн 2145 ишканага артып коюп, 242 миңи алты пайыз төлөп жүрө бергени болбойт. Эгерде 2000 ишкананын 1000и жабылып калса салык чогултуу оор болуп калат».

Патент системасы 1998-жылдан бери өкүм сүрөт. Ал Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) сунушу менен салык төлөөчүлөрдү жөнгө салуу максатында кыска мөөнөткө гана ишке киргизилген.

Патент маселеси өкмөттүн жакында эле болгон жыйынында да көтөрүлгөн. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев тиешелүү мыйзам долбоорлору өкмөткө жана парламентке сунушталарын билдирди.

Экономика министри Санжар Муканбетов «Азаттыкка» берген комментарийинде мындай система салыктык жоготуулардан тышкары көмүскө экономикага да жол ачып жатканын билдирди:

Санжар Муканбетов.
Санжар Муканбетов.

«Патент менен ишкерлик субъектилеринин үчтөн экисинен көп бөлүгү иштейт. Алар: чоң-чоң кафе-ресторандар, мейманканалар жана соода борборлору. Биздин эсеп боюнча патент менен иштегендердин басымдуу бөлүгү көмүскө экономикада отурат. Башкача айтканда 23-24 пайызга жакыны».

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү 23,6 пайызды түзөт. Ал эми эркин экономисттердин эсебинде, анын үлүшү 30-40 пайызга чейин жетет.

Өкмөт патент системасын жоюп салгандан кийин бюджетке канча каражат түшөрүн азырынча эсептеп чыга элек.

Айрым адистер патентти жоюу өлкө экономикасына кедергисин тийгизиши мүмкүн экенин эскертип жатышат. Маселен, экономист Искендер Шаршеев патент жокко чыгарылса өлкө бюджети жылына 15 миллиард сомдон 20 миллиард сомго чейин жоготушу мүмкүн экенин айтты:

Искендер Шаршеев.
Искендер Шаршеев.

«Кыргызстанда 18ге чейин салыктын ар кандай түрлөрү бар. Алардын түрүн азайтып, бир гана салыкты калтырыш керек. Ошондо гана патент системасынан баш тартса болот. Ага чейин патент кээ бир ишкерлерге мыйзамдуу иштөөгө шарт түзүүдө. Эгерде патент жоюлса жалпысынан 2 миллионго жакын ишкерлер жана жеке адамдар салык төлөбөй коюшу мүмкүн. Анткени алар патент менен гана салык төлөп келатышат».

Мындай жагдайда Мамлекеттик салык кызматы быйылкы планды аткара алабы же жокпу деп күмөн санагандар бар. Быйыл жалпысынан 89 миллиард 52 миллион сом чогултуу планы бекиген. Бюджеттин киреше бөлүгү 151 миллиард 762,4 миллион сом, чыгашасы 161 миллиард 913 миллион сомго барабар болот деп бекитилген.

1-июлга карата салыктын карызы 4 миллиард 483,6 миллион сомго чыгып кетти. Анын ичинен 2 миллиард 871,9 миллион сому - өндүрүлбөй турган салык карызы.

Мамлекеттик салык кызматы буга карабай быйылкыга алган милдетин аткарарын, июль айында салык чогултууну 102,2 пайызга ашыгы менен аткарганын жарыялады.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Зиядин Жамалдинов Салык кызматынын ишин сындады:

Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

«Аткаминерлердин, депутаттардын чоң-чоң ишканалары бар. Ошолор төлөбөй жаткан салыкты текшериш керек да. Салык кызматы болсо өз ыктыяры менен салык төлөгөндөрдү эле карап отурат. Бизде салык төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар, бирок аны аткарбай жаткандар көп. Төлөнбөй жаткан салыктар жана салык чогултуунун башка да жолдору боюнча талдоо жок. Ошонун кесепетинен пландары толбой жатат. Журналисттер деле «бул ишкер ушунча салык төлөбөй жатат. Тигил адам салыктан качыптыр» деп иликтөөлөрдү жасап жатышат. Салык кызматы ушуга да көңүл буруш керек».

Мамлекеттик салык кызматынын жыйынында өкмөт башчы чек арадагы аткезчиликке учкай токтолуп, салыктан качкандарга катуу чара көрүүнү тапшырды.

«Силердин, укук коргоо органдары менен Финансы полициясынын катышуусу болбосо аткезчилик кыла алышпайт. Чек арадан өтүп жатканда ал жакта кимдер иштей турганын көрүп жатабыз. Мына ушуларды карап чыкпасаңар Мамлекеттик салык кызматынын мыйзамда каралган социалдык жана финансылык милдеттерин аткарышы күмөн», - деди Абылгазиев.

22-июлда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абдыжапаров кызматтан бошотулуп, анын ордуна Кабыл Абдалиев дайындалган.

Ал арада 5-августта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна ушул эле мекеменин жетекчисинин орун басары болуп келген Алтынбек Торутаев дайындалды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG