Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 00:26

Көмүскө экономика өзүбүзгө зыян


Азамат Акенеев.

“Азаттык”, Kloop, Жемкорлукту жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун (OCCRP) соңку иликтөөсү Кыргызстандын бажысында тамыр жайган коррупциялык схемаларды гана ачпастан, өлкөдөгү көмүскө экономиканын реалдуу масштабы кандай экенин ачык көрсөттү.

Ортодо айланган миллиондогон доллардын бир эле адам тарабынан чыгарылышы, өкмөт менен Улуттук банк ачыкка чыгарган 2018 жана 2019-жылдын биринчи жарымында атамекендик банктардын эсептеринен которулган болжолдуу 140 миллиард доллар жөнүндөгү маалымат Кыргызстандын бейформал секторундагы болжолдуу көлөмгө башкача кароону талап кылат.

Улуттук статистика комитетинин баасына караганда, көмүскө экономика болжол менен ИДП көлөмүнүн 24% түзөрүн, эл аралык уюмдардын иликтөөсү андан кыйла көптү – көмүскө экономика ИДПнын 40% жакынын ээлерин көрсөткөнүн эске сала кетейин. Анткен менен мына ушул айырмалуу эки көрсөткүч деле кыйла азайтылып берилгенин баамдайсың.

Акыркы кездеги социалдык желеде жайнаган көз караштарга баам таштаган адам аткезчилик менен эсептен тыш калган акча агымынын көптүгүнөн чочулаштын кажети жок дегенге барып такалат.

Булардын жардамы менен эл сатып ала турган товарлардын баасы арзандайт, жумушчу орундар түзүлөт, соодада, ташып жеткирүүдө, логистикада иштеген оголе көп адамдардын жакшы акча табышына жол ачылат, ошондой эле өлкөнүн КМШнын башка мамлекеттерине кайталап экспорттоочу товар агымынын атаандаштыкка туруштук беришине шарт түзүлөт.

Айрымдардын айтканын угуп отурсаң, бажы жемкорлору азыркы замандын "Робин Гуддары" экен, себеп дегенде, алар Кыргызстан аркылуу күргүштөгөн аткезчилик агымын ачып, бай коңшулардын сапырылган акчасын бул жакка алып келип, анысы менен кыргыз экономикасын көтөрүп жатат. Алар тийиштүү салыгын өлкө бюджетине төлөбөй жатканынын деле эч кандай эрөөн-терөөнү жок экен, ансыз деле өлкөнү ким көрүнгөнү уурдап жатпайбы.

Чын-чынына келгенде, өлкө өнүгүүсүнүн алдагыдай модели, кайталап экспорттоо менен аткезчиликке негизделген жолунун пайдасына караганда зыяны көбүрөөк. Кандай пайда алып келгенин, чынын айтсам, мен көрбөй турам.

Мүмкүн Кыргызстандын өнүгүүсүнүн кайсы бир этабында аткезчилик ишкерлердин кайсы бир катмарына пайдасын тийгизип, бутуна турушуна шарт түзүп бергендир, чөлкөмдөр ортосундагы соода-сатыктын маанилүү бөлүгү катары өлкөнүн ордун аныктоого жарагандыр.

Кандайынан келгенде да, ал өзү утурумдук көрүнүш экенин эстен чыгарбашыбыз зарыл. Анткени дүйнөдө жалаң аткезчиликтин арты менен ийгиликтүү өнүгүп, жыргап-куунап жашаган бир да өлкө жок. Андайга эч ким такай жол бербейт, дегеле опуртал жолдун келечеги жок.

Сенден эч ким биринчи миллионуңду кантип тапканыңды такып сурабайт, бирок кийинки миллиондорду ошондой опуртал жол менен табууну көздөгөндөрдүн тагдыр жолу татаалдашып кетет, же темир тор артына тыгылат, же өмүрү кыйылат.

Биздин опуртал жолду тандап алганыбызды көргөн коңшулар Кыргызстандан келчү товарларды көзөмөлдөөнү күчөтөт, толгон-токой тоскоолдуктарды орнотушат, андан биринчи иретте ишин мыйзамдуу жүргүзгөн таза ишкерлер жабыр тартат.

Анан биз эмнеге ЕАЭБге мүчө болуп кирсек, убада кылынган бирдиктүү базар менен товарлардын эркин жылышына жете албайбыз деп таң калабыз. Депутаттар нааразы, жарандар капа, коңшу өлкөлөрдүн базарларына ондогон миллиард доллардык товарды аткезчилик жол менен алып кирчү коррупциянын тамыры өлкөнү бекем чырмап, аны башкаларга да жайылтуу аракетин жасап атсак коңшулар чекебизден сылашы керек беле, эмнеге капа болобуз? Кайсы боорукер кошуна мындайда келегой деп чек арасын ачып берет? Биздин кайсы бир товарларыбызды өткөрүп жатканына коңшуларга ыраазы гана болушубуз керек. Минтип отурсак, эртеби-кечпи бизди эч жакка кошпой бөлүп салышы ыктымал.

Өлкөгө агылып кирип аткан импорттун эсепке алынбаган опол тоодой көлөмү мамлекеттин атамекендик өндүрүштү азыноолок өнүктүрүү аракетине эч кандай жол бербейт.


Өлкө экономикасынын учурдагы моделинин дагы кандай кемчиликтери бар? Сөз жок, мындан биринчи иретте бюджет зыян тартат. Мамлекет тарабынан көрсөтүлө турган кызматтар, биринчи иретте билим берүү менен саламаттык сактоо бөлүнчү каражаттын аздыгынан өлбө жаным өлбө болуп туру, өлкөнүн адам ресурсу кедеринен кеткен. Коомдук инфраструктура өнүкпөй турат, калктын социалдык корголушу жок дээрлик, жетиштүү коопсуздуктун жоктугу – мамлекеттин атаандаштыкка туруктуулугун жок кылып, тамырын кыркууда.

Өлкөгө агылып кирип аткан импорттун эсепке алынбаган көлөмү мамлекеттин атамекендик өндүрүштү азыноолок өнүктүрүү аракетине эч кандай жол бербейт. Кадам бастырбайт. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр салык төлөшү керек, эреже-тартипти сактап, сертификат алышы зарыл, ал эми эсепке кирбеген, аткезчилик жол менен сырттан ташылып келген товарлар мыйзамдуу жолду кыйгап өтүп түз эле соода түйүндөрүнө тарайт. Мындай шартта оголе чоң атаандаштыкка туруштук бере алчу айрым компаниялар гана иштей алышы мүмкүн.

Анан да мындан жалаң жергиликтүү компаниялар эле жабыр тартышпайт. Кыргызстанга келчү чет элдик инвесторлорду чочулата турган чоң факторлордун бири - бул жерде калыс атаандаштыктын жоктугу. Эгер кимдир-бирөөлөр каалаган товарын өлкөгө ээн-эркин алып кирип, эч кандай салык төлөбөй сатып жатса, бул жерге кайсы чет элдик инвестчи жаңы технологияны, ишти уюштуруунун заманбап системасын киргизсин!

Бечел калган экономика эч качан жетиштүү жумуш орундарын түзө албайт, андайда өлкөдөн иш издеп сыртка агылгандардын саны өсөт, ансыз да катары суйдаң адам капиталы чет өлкөгө чыгып кетет.

Көмүскө экономиканын коркунучу менен аткезчиликтин зыянын санап чыгуу кыйла убакты алаар эле. Анын бирөөсүнө эле токтоло кетейин. Бажыдагы олчойгон коррупциялык киреше саналуу эле кишилердин колуна тиет, алар ошол акчага башка мамлекеттик органдарды былгытат, биринчи иретте мыйзам сактоо кызматтарын колго алат.

Коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыяланганы жаңырыктап атканы менен кайсы бир бажычынын кармалганы тууралуу кабарды уга элексиз да. Же сиз уктуңузбу? Жемкорлуктун сазына жалгыз эле аткаминерлер эмес, саясатчылар, маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү белчесинен батып калган. Бул жүрө-жүрө өлкөдөгү болгон бийликтин баарын ээлеп алышы мүмкүн.

Ыкчам киришип бажы тармагын чырмап алган жемкорлуктун тизгинин тартып, биринчи иретте соода тармагындагы көмүскө экономиканы кыскартууга жетишсек, бул өз кезегинде баалардын кымбатташына, мүмкүн Кыргызстан аркылуу ташылып өтчү транзиттик товарлардын агымынын азайышына, аны жүргүзүп турган жумушчу орундардын кыскарышына алып келиши ыктымал. Антпесек, азыркы калтырак абалыбыздан кутула албайбыз, өнүгүүнүн жаңы этабына өтө албайбыз.

Коррупцияны жеңген өлкөлөр гүлдөп өнүгүүдө, жемкорлуктун сазына баткандар кедейликтин кучагынан бошоно албай келатышат, аны эл аралык тажрыйба, тарых эчак эле ырастап койгон. Биз баарыбыз мыйзам боюнча жашоого көнүшүбүз керек, мамлекеттик органдар, ишкерлер, катардагы жарандар – баарыбыз гүлдөп-өскөн Кыргызстанда жашагыбыз келсе, ошондой мамлекет кургубуз келсе, мыйзам менен жашоого өтүшүбүз керек.

Азамат Акенеев, Бизнес менен инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин эксперти

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG