Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 08:04

Саясий шылуундарды элдин убалы уктатпасын


Студент кезибизде биз жашаган жатакана медициналык коллеждин жатаканасы менен коңшу эле. Кышында тумоолоп калган студенттер дарыгер жазып берген ийнени ушул коллежде окуган кыздарга барып сайдырып алышчу.

Бир күнү ушул коллежге ийне сайдырганы кеткен досум тез эле күлүмсүрөп кайтып келди. «Тиги кыз дароо эле сакайта койдубу?» деп тамаша суроо узаттым. Досум «мага ийне сая турган кыз акыркы сабагынан чыгып келе жатыптыр. Китеп тургай дептер батпаган баштык асынып алган экен. Мунун алган билими кайсы деп баса бердим...» деген эле...

Кийин бул коллежде окуган студенттердин биринин экзамен учурунда канча акча коротконун угуп таң калганым эсимде. Баарынан кызыгы, тиги студент семестр сайын итапкан акча коротулуп жатканына кейибейт деле экен. Пара берип, баа алганды кадыресе көндүм иш катары билерин айткан.

Медицина тармагы, адамдын өмүрү, этикалык, укуктук жоопкерчилик деген нерселерди айтып берсе деле түшүнбөгүдөй экенин байкап: «Эгер чындап окуп, кесиптин ээси болгуң келбесе, эмне үчүн мынча убактыңды жана акчаңды коротуп жатасың?» деп сурагам. «Мен бул окуу жайына кайра мугалим болуп келем. Ошондо үч жылда короткон акчамды бир эле семестрде эселеп чыгарып алам» деп айткан. Аны угуп туруп бул жакта менин бетим кызара түшкөн нерсени бети кызарбай эле «...тиги мугалимибиз бир семестрде тигиндей автоунаа алды, тигиниси эски мугалимибиз үйүн салып бүтөйүн деп калды...» деп сөзүн улап оозду ачырган эле...

Эми бул тогузунчу классты эптеп-септеп бүтүп келип медайым болгусу келген жаш кыздын «ой максаттары»... Канчалык «анын жашын, тажрыйбасын эске алып түшүнүп койсо болот» деген менен кечирүүгө мүмкүн болбогон чоң жаңылыштыктарга себеп болорун эске алганда ыйлай турган көрүнүш.

Жакында шайлоо

Парламенттик шайлоо жакындап келатат. Албетте, жакшы, элди ойлогон эл өкүлдөрү да жок эмес. Бирок жалпылап алганда акыркы бир канча чакырылыштын депутаттарына деги эле ыраазы боло албай койдук. Анткени элдин ишеними кетти. Тим эле эл өкүлү катары сыналгыга чыгып мыйзамдуулук, элдин кызыкчылыгы, өзгөчө жемкорлука каршы туруу сыяктуу темаларды майын чыгарып талкуулаганда карап отуруп ушунчалык ыраазы болуп кете жаздайбыз. Бирок ошол эле жемкорлукту жоготот деп ишенип биз төргө өткөргөн эл өкүлдөрү шайлоонун алдында уятты коюп эле добушту сатып алыш үчүн акча берип жатканы да чындык да. Тактап айтканда эл көшөгөнүн аркы тарабын да, берки тарабын да көргөн үчүн ишеним артпай калган.

Муну менен эмне демекчимин? «Бетке айткан сөздүн заары жок» демекчи, чындыгында жеке кызыкчылыгын, бизнесин коргоп, арттыруу максатында парламентке барган депутаттарыбыз да аз эмес. Элдин кызыкчылыгы, мыйзамдуулук, ак эмгек, ыйык жоопкерчилик деген баалуулуктарды жыйыштырып коюп, шайлоодо кеткен акчаны канча эселеп чыгарып алуу мүмкүн экенин эсептеп, ошого карап төлгө салып, анан шайлоого катышат окшойт, чамамда...

Депутаттардан бири: «Добушту миң, эки миң сомго сатпай, жок дегенде 10 миң же 20 миңге сатса, ошондо акча менен парламентке келгиси келген талапкерлер келбей, накта таза ниети менен кызмат кылам дегендер келет. Анткени добуштун баасын эселеп жогорулатып салганда тиги акчалууларга «пайдасыз» болуп калат» деп ачык эле ЖМКдан айтып койду жакында. Демек, шайлоого аттанган партияларды беш же он эсе акча коротушун талап кылганда чыгымды актабай калат экен да. Мындан, «шайлоодогу чыгымды беш жылда беш эсе болбосо да үч эсе актап койсо болот окшойт» деген тыянак чыккыдай экен...

Эл эмне кылсын?

Карап көрсөм шайлоонун логикасы жалпысынан жогоруда сөз болгон дипломго инвестиция кылгандай эле маңызда болуп бараткандай. Эми жанагы баштыгына дептер батпаган карындашымдан го качып кутулса болот экен. Бул жүрөгүнө элдин кызыкчылыгы батпаган депутаттарды кандай кылыш керек анда биле албадым.

Жанагы кыздын абалы бир топ эле жакшы экен. Эмнеси болсо да жаш кыз, тарбиялап окутуп алса болот. Анын үстүнө дептер батпаган баштыгы ачык-айкын көрүнүп турат. Булардын жүрөгүнүн түсү акпы же карабы, ичине эмне батат, эмне батпайт - көрүнбөгөн жери да кызык экен. Анан эл эмне кылмак эле?

Келиштирип сүйлөп, аларды алдап, колуна бир аз «чай пул» бергенди шайлап берет да... Албетте, бул жерде элди айыптагандан алысмын. Белгилүү ислам аалымы Али Шерияти «Ачка адамга, курсакты тойгузуудан мурда «Намаз оку!» деп айтуу - бул күнөө!» деп айткандай эле, суукта катуу үшүп бараткан жолоочунун жолунан чыккан алгачкы кийимди тандабастан дароо алып кийип алышы табигый көрүнүш. Бул жерде үшүп бараткан жолоочунун таап алган кийиминин түсү, фасону, сапаты, кимдер тарабынан өндүрүлгөндүгү, балким ал кийимдин башка бирөөгө таандык экени же жугуштуу ооруулардын вирусу жугуп калуу коркунучу сыяктуу көрсөткүчтөрдүн негизги маанини туюндурбай калышы табигый көрүнүш.

Азыркы тапта элдин абалы так ушул үшүп, жолдо бараткан жолоочунун абалына окшоп тургансыйт. Анткени экономикалык абал начар, алыска койгон пландардын артынан жашаганга күчү, эртеңки күнү жей турган нан менен чайынын дайыны жок... Андыктан шайлоого аттанган тараптардын программасы менен таанышып, талкуулап, алымча-кошумча кылып, кайсынысынын реалдуу максаттары бар экенин аныктап, аларга ишеним көрсөтүп «Ак үйгө» жөнөтүп коюп мөмөсүн күтүп отура бергидей курсактары ток эмес.

Купуя диалог

Менимче, элдин курсагы тойбой, аргасыздан добушун сата турган абалга түшүп калышынын негизги «каармандары» - эл өкүлдөрү. Анткени биз парламенттик башкаруудагы өлкөбүз. Өкмөткө багыт берип, аларды калыс көзөмөлдөп, катасын түзөтүп, ишти көзөмөлдөй турган күч - мына ошол эл өкүлдөрү. Өкмөт жакшы иштебегендиктен экономикалык абал өнүкпөсө, элдин жашоо-шарты жакшырбаса - алгач ошол эл өкүлдөрү өзүн өзү жок эле дегенде моралдык жактан жоопко тартышы керек го деп ойлойм!

Шайлоочуга акча сунуш кылган тарап менен шайлоочунун ортосунда төмөндөгүдөй айтылбаган, купуя диалог бардай:

Талапкер: «Сиздин жакыр жашап жатышыңызга биздин да чоң тиешебиз бар. Бирок буга сиздин башыңыз балким жетпейт. Ошондуктан шайлоо жакындаганда сизге бир аз акча берип койсок эле добушуңузду кайра эле кош колдоп бересиз. Бул чындыгында жарыбаган акча! Бирок ошол жарыбаган акчага да кашайып муктаж болуп турганыңыздан пайдаланып добушуңузду сатып алып жатам. Ачыгын айтканда парламентке жемкорлук менен күрөшүү үчүн, эл үчүн иштейм деп деле кетип жаткан жерим жок, чоң-чоң иштерим бар, ал жакта бүтүрө турган... Кыскасы, акчаны алыңыз, добушту бериңиз, калганына кийлигишпеңиз...»

Шайлоочу: «Ооба, мен деле сиздин эки жүздүү экениңизди билем. Сиздердин элдин добушун алып, элдин күчүнө таянып, балким, элдин атынан карыз алып жеке ишиңерди жүргүзүп жатканыңарды да билем. Шайлоодон шайлоого ошол кирешелердин бир бурчунан бөлүшө салып кайрадан «Ак үйгө» жүз буруп, карапайым элге аркаңызды салып кетип калып жатканыңызды да билем. Бирок мага окшоп ойлонгондор өтө аз. Колубуздан көп нерсе келерин көпчүлүк түшүнбөйт да. Ошондуктан жарыбаган акчага келечек сатканга мажбур болуп отурабыз. Бийликтен так иштешин талап кылып, катуу туруп акыбызды алсак го болот деңизчи... Оой атаң көрү! «Насыя куйруктан нак өпкө» демекчи «бозоргон кагаздарыңдан» бер, шайлап чыгайын андан көрө...»

Менин оюм ушундай. Алдыбыздагы шайлоодо буга карабай дагы эле акча сунуштагысы келген тараптар болсо, аларга жол болсун; тозоктун жолу болсун, элдин убалы уктатпасын!

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG