Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Шайлоого даярдалган «төө басты»


Токмок шаарындагы калкты тейлөө борборунун астында кезек күтүп турган жарандар. 5-февраль, 2020-жыл.
Токмок шаарындагы калкты тейлөө борборунун астында кезек күтүп турган жарандар. 5-февраль, 2020-жыл.

Токмок шаарына бир айдын ичинде эле 3 миң киши каттоого турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Бул апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу партиялардын добуш алуу аракети экени айтылууда.

Тааныштарын шайлоо өтө турган шаарга шашылыш каттаткан учурлар апрелде шайлоо өткөнү жаткан Ошто, Караколдо да кездешкени кабарланууда. Бул аракеттер өз кезегинде шайлоонун мыйзамдуулугу тууралуу суроо жаратууда.

Токмок шаарындагы калкты тейлөө борборунда кезек күткөндөр акыркы күндөрү кескин көбөйдү. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын Токмок шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Исманалиева жарандарды каттоо мыйзам чегинде болуп жатканын «Азаттыкка» билдирди:

Айнура Исманалиева.
Айнура Исманалиева.

«Мурда Токмок шаарына каттоого тургандар азыраак болчу. Азыр чындап көбөйүп жатат. Чүйдүн ар кайсы айылдарынан, райондорунан келип «Токмок шаарына каттоого турабыз» дегендер көп. Биз эч нерсе кыла албайбыз. Анткени каттоого турчу үйдүн ээси жана катталуучу чогуу келип, каттоого туруп жатышат. Биз аны каттоого алганга милдеттүүбүз».

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону апрелдеги жергиликтүү кеңештерге өтө турган шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатат деп эсептейт. Ал Токмок шаарына калкты каттоо бөлүмүнө мониторинг жүргүзүп келип, ушундай жагдайга күбө болгон.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

«"Шайлоого карата ар кандай даярдык болуп жатат" дегенинен мониторинг жүргүзөйүн деп келгем, - деди ал. - Байкагандай эле бул жерде улуураак эжелерди, кыз-келиндерди спорттук кийимчен балдар ээрчитип алып кирип жатышат. Алар жарандарды каттоо бөлүмүнө кирип, эки эженин паспортун алып, каттоого тургузуп жатканына өзүм күбө болдум. Анан аларды кайра машинеге чейин узатып чыгып жатышат. Мен аларга суроо берейин десем качып кетишти. Мыйзам чегинде иш-аракет кылган адам качпайт болчу. Биз билебиз, шайлоодо ушундай терс көрүнүштөр бар. Эгер бул шайлоочуларды көбөйтүш үчүн жасалып жаткан болсо, анда бул мыйзам бузуу болуп саналат».

Токмок шаарында шайлоочулардын жалпы саны 28 499 кишини түзөт. 2016-жылы шаардын жергиликтүү кеңешине шайлоо өтүп, ага катышкан 11 партиянын төртөө жеңишке жеткен.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Урматбек Самаев болуп жаткан окуядан кабардар экенин айтып, буларга токтолду.

Урматбек Самаев.
Урматбек Самаев.

«Ушундай каттоо жүрүп жатканын угуп жатам. Массалык түрдө каттоо жүрүп жатыптыр. Өткөндө барсам аябай киши көп болчу. Карап кеткем. Кара-Балтадан бери келип Токмокко каттоого туруп жатышыптыр. Токмоктун кайсы партиясы күчтүү, кандай киши мэр болот, кайсы киши депутат болот? Албетте, туугандары, тааныштары, көп кишилер эле өтүп кетип жатпайбы. Башка облустардан бери алып келип каттатып жатышат. Негизи «Кыргызстан» партиясы бул шайлоого катышат. Андан башка дагы 6-7 партия шайлоого катышабыз деп жатышат».

Каттоого турууну каалагандар чукул көбөйгөн көрүнүш учурда Каракол жана Ош шаарларында байкалып жатканын жергиликтүү тургундар буга чейин «Азаттыкка» билдиришкен. Бул шаарларда да жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

«Кечээ-бүгүн ар бир партиянын мүчөлөрү өз туугандарын айылдан алып келип, Каракол шаарына каттатып жатат, эл абдан көп. Бир күндө 100дөн ашык кишини каттоого тургуздук, бүгүн 100дөн көп адам болду. Мисалы, ноябрь, декабрь айларында адам мынча көп болгон эмес. Менимче, бул шайлоо алдындагы кадыресе көрүнүш. Ушул жума ичинде 300дөн ашык адамды каттоого тургуздук», - деди Каракол шаардык калкты каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Кубатали Мурзакулов.

Партиялардын добуш алуу үчүн мыйзамдагы боштукту колдонуп, кыйтыр кадамга барып жатканы сындалууда. «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Кыргызстанда добуш берүүнүн маданияты калыптана элек деп эсептейт.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Бүгүнкү күндө шайлоодо административдик ресурс бар, жердешчилик бар, добуштарды сатып алуу бар, - деди ал. - Негизгилери ушулар. Калгандары башка шарттарда кетет. Буларды жок кылыш өтө кыйын. Анткени бизде добуш берүү маданияты калыптанган эмес. Себеби жаран жердешинен күчтүү талапкерди көрүп турса да баары бир жердешине добуш берет. Мурда комиссиялар менен сүйлөшүп, добушту сатып алышчу. Азыр шайлоо участогунда эч кандай мыйзам бузуу жок, бирок сырттан сатып алынып жатат. Ошол шаарда жашабаган, башка райондордон келген адам шаардын кызыкчылыгын эч качан ойлобойт. Ал болгону бир талапкердин кызыкчылыгын ойлойт. Бул көрүнүш шаардын өнүгүшүнө терс таасир тийгизет. Аны шаардын көйгөйү кызыктырбайт. Ал өз талапкерине добуш берет да, кетип калат».

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо ушул жылдын 12-апрелине белгиленген. Бул күнү Токмок, Ош, Каракол жана Балыкчы шаарларында шайлоо өтөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG