Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Шайлоого жакын каттоого тургандар көбөйдү


Каракол.
Каракол.

Акыркы эки күндүн ичинде эле Каракол шаардык паспорттук стол 300дөн ашуун жаранды каттоого тургузду. Бул Каракол шаарында апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу экени айтылды.

Шаардык кеңешке ат салышууну каалаган партиялардын айрым мүчөлөрү айылдардан туугандарын шаарга чукул каттатып жатканы маалым болууда.

Каракол шаардык паспорттук бөлүмдө алты адис тынымсыз иштеп жатканын анын жетекчиси Кубатали Мурзакулов айтты.

Себеби, Караколго каттоого турганы келгендердин саны акыркы күндөрү көбөйгөн.

Кубатали Мурзакулов
Кубатали Мурзакулов

«Кечээ-бүгүн ар бир партиянын мүчөлөрү өз туугандарын айылдан алып келип, Каракол шаарына каттатып жатат, эл абдан көп. Бир күндө 100дөн ашык кишини каттоого тургуздук, бүгүн 100дөн көп адам болду. Мисалы, ноябрь, декабрь айларында адам мынча көп болгон эмес. Менимче, бул шайлоо алдындагы кадыресе көрүнүш. Ушул жума ичинде 300дөн ашык адамды каттоого тургуздук».

Жергиликтүү кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов адамдарды шаарга жапырт каттоо көрүнүшү бар экенин айтып, айрым активисттер кайрылып жатканын белгиледи:

Эрлан Айсаракунов
Эрлан Айсаракунов

«Мен азыр паспорт столуна барайын деп жатам, чоо-жайын билиш керек. Айылдардан, райондордон жетекчилер келип, элди каттатып жатканын айтып жатышат. 2016-жылы өткөн шайлоодо 12 800 шайлоочу келген. Азыр бир жумадан бери элдин көбүн каттап жатышат, шайлоочулардын саны дагы көбөйөт. Бирок алар шаардын тургундары эмес, айылдан келгендер, алар шайлоодон кийин кайра чыгып кетиши мүмкүн».

Шаар тургундарынын айрымдары бул көрүнүштү шайлоочулардын укугун бузуу катары баалап жатышат. "Азаттыктын" кабарчысы айрым тургундарга микрофон сунду.

«Ар ким өз каалоосу менен шайлоого барышы керек. Айылдан бери элди алып келүү – бул паракорчулук, анда эч кандай өнүгүү болбойт».

«Мен сени каттоого тургуздум, демек сен мени шайланыш керек дегени - бул мажбурлоо. Шайлоо таза болбойт».

«Ушундай шайлоо менен оңолбойбуз. Калаада өтүп жаткан шайлоого шаардыктар өздөрү катышып, өздөрү чечсин. Анан айылдагыларды алып келип «мага добуш берип кой» деген болбогон иш. Айыл менен шаардын жашоосу асман менен жердей, туура эмес кылып жатышат».

«Бул жерде бийликтин буйрутмасы болсо керек. Кеңешке келгендер эл үчүн кызмат кылайын дебейт, ар бири өз кызыкчылыгын ойлошот. Ал эми атаандашып, чыныгы таймаш менен элге кызмат көрсөтүү үчүн келсе, анда элдин ишенимине кирип, таза шайлоо өткөрмөк да».


Быйыл апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоонун алдында шаардын жака белиндеги айылдардан адамдарды алып келип убактылуу каттоого тургузуу көрүнүшү башка облустарда да болуп жатканы кабарланууда. Укук коргоочу Динара Ошурахунова буларды айтты:

«Бул жерде партиялар өзүнө көп добуш топтоо үчүн шайлоочулардын санын арбын кылуу аракетин көрүп жатат. Башка жерге каттоого убактылуу туруп жаткандар туруктуу жашаган жеринен пенсия, жөлөкпул алат, дагы башка нерселерди алат. Каттоосун өзгөртүп жатса, ошонун баары көчүп, мурдагы жашаган жеринен кесилип жатабы же жокпу? Же добушту башка жерден берип, акчаны бул жактан алып жатабы?».

Каракол шаардык шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шаарда 79 700 адам жашаса, анын 36 461и шайлоого катышууга укуктуу.

Каракол шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоо 2016-жылдын апрель айында болгон. Анда 13 партия ат салышып, соңунда беш партия алдыга чыккан.

Ал эми быйыл апрелде күтүлүп жаткан жергиликтүү кеңешке шайлоого канча партия катышары азырынча белгисиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG