Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

КЛДПнын саясий дымагы


Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) жыйыны.
Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) жыйыны.

2-февралда Бишкекте Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) тушоосу кесилди. Партия негизги ураанын «жаңылануу» деп атап, өлкөдөгү коррупцияга жана бийликке умтулган криминалдашкан олигархтарга каршы күрөшөрүн жарыялады.

Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев бардык бийлик бутактарын сындап, парламентке умтулган билимсиз саясатчы, паракор көпөстөргө каршы прогрессивдүү жаштардын башын бириктирип чоң жарышка аттанышканын жарыялады. Акаев өзү мүчө болгон партия алдыдагы жергиликтүү кеңешке жана парламенттик шайлоого катышып, андан кийин президенттик жарышка да талапкер көрсөтөрүн айтты:

- «Чөнтөгүмдө акчам кенен, парламентке өтүп келем» деп бизди көпөстөр, олигархтар үстүбүздөн карап, мыйыгынан күлүп турушат. «Акчасы жок балдар чыгып алып, Интернетте уу-дуу болуп атышат, көрөбүз» деп үйүндө чыйт түкүрүп жатышат. Ошолорго жооп бере турган учур келди. Эл кимден тажады? Билимсиз, жоопкерчиликсиз кадрлардан. Алдында жазылып турган эки сүйлөмдү окуй албагандардан тажады. Коррупциядан, үй-бүлөлүк, достук кландардан, криминалдан тажады.

Акаев партия дымактуу ойлорун ишке ашырууда коомчулуктун жардамына таянарын кошумчалады.

Саясий майданга жаңыдан кошулуп жаткан партиянын теңтөрагасы катары депутат Жанарбек Акаев, саясат талдоочу Сейтек Качкынбай жана экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров белгилүү. Үчөө тең партиянын артында таасирдүү саясатчылар жок экенин айтып жатышат. Алар азырынча сүйлөшүү жүрүп жатканын белгилеп, КЛДПнын катарына саясатчылардан же ишкерлерден дагы кимдер кошуларын ачык айтышкан жок.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров партиянын эшиги билимдүү жана таза адамдарга гана ачык экенин айтып, коомчулукту КЛДПны каржылык жактан да колдоого чакырды:

- Бизден сурап жатышат. «Силер кимсиңер, артыңарда ким турат, каражатты кайдан таптыңар?» - деп. Кечээ Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын банк эсебин ачтык. Мен бардык партиянын мүчөлөрүн, бизди колдогусу келгендерди, Кыргызстанда реалдуу өзгөрүүнү каалагандарды ушул эсеп аркылуу колдоого чакырам. «Элсом» да болот. Биз бардык акчага кубанычта болобуз. Мейли, 100 сом болсун, мейли, башка болсун. Бүгүн Кыргызстанда жаштардын саясий күчү жок. Биз аны түздүк, мен жаңы түзүлгөн жаштардын партиясына чогулуп, марафондо бирге чуркоого чакырам. Мисал келтирейин. 2010-жылы Кыргызстандын бюджети 58 млрд. сом болчу, 2020-жылы 150 млрд. сомдон ашты. Үч эсе көбөйдү десек болот. Бирок мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы үч эсе көтөрүлдүбү, жашообуз үч эсе оңолдубу? Демек, кемчилик болуп жатат. Муну өзгөртөлү.

Ошентип, КЛДП 2020-жылдагы жергиликтүү кеңешке жана парламенттик жарышка старт алган алгачкы партиялардын бири болуп калды окшойт. Партиянын бет ачарына парламент депутаттары Мирлан Жээнчороев, Марлен Маматалиев, Абдывахап Нурбаев, Эмил Токтошев, Алтынбек Жунус уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов, экс-депутат Лунара Мамытова жана ишкер Манас Саматов, укук коргоочу Динара Ошурахунова келишти.

Талдоочулар КЛДПнын узак мөөнөттүү тагдыры жакынкы шайлоолордон көз каранды экенин белгилеп жатышат. Жарандык активист Перизат Сайтбуркандын пикиринде, коомчулук бир лидердин кызыкчылыгына эмес, идея үчүн бириккен партияны колдоого даяр. Бирок ал кандай гана саясий күч болбосун азыркы бийликтин кемчиликтерин ачык сындай албаса коомчулуктун, айрыкча жаштардын колдоосун ала албай турганын эске салды:

- Азыркы айткан идеяларындай иштесе жарандык коом партияны колдойт. Бирок шайлоого жакындаган сайын партиядан жаңы сөздөрдү, радикалдуу сын пикирлерди күтөт. Жаштардын партиясы элдин талабындай болсо колдоо болот. Бирок азыр биз радикалдуу сынын, кадамдарын көрбөй жатабыз.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко шайлоодо жеңиш үчүн партиядагы билимдүү жаштар же идеалдуу жазылган программа аздык кылат деп эсептейт. Эл өкүлү соңку шайлоолордогу добуш сатуу, административдик ресурс сыяктуу саясий оюндарды эске салып, либерал-демократтар жаш партиянын жеңиши оңой эмес экенин түшүнүшү керек деген ойдо турат.

- Кыргыз либерал-демократиялык партиясы сыяктуу жаңы күчтөрдү, жаңы идеяларды, жаңыча чечимдерди азыр коомчулук күтүп жатат, - деди ал. - Алдыдагы шайлоодо коомчулук чын эле ушундай жаңыланууну каалап жатабы, ошонусу белгилүү болот. Эгерде ошондой болсо парламент олигархтардан эмес, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, жаңы жүздөрдөн куралат. Партиянын өкүлдөрү алдыдагы кооптуу жагдайларды белгилешти. Алдыдагы күрөш абдан татаал болот. Алар жаңы идеяны сунуш кылгандардын жеңиши кыйын экенин түшүнүшү керек.

Кыскасы, партиянын айланасындагы пикирлер бир кылка эмес. Саясат талдоочулар партиянын тагдырына көз ачыктык кылуу эрте деген ойдо турушат.

2020-жылы Кыргызстанда жазында жергиликтүү, күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Саясий айдыңда шайлоо жакындаган сайын жаңы партиялар түзүлүп, саясатчылар бириге баштады. Буга чейин Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар «Биримдик» аттуу партия менен шайлоого барары кабарланган. Бийлик кайсы партияны сүрөп чыгары азырынча белгисиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG