Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 11:47

Шайлоо босогосунун талашы бүтө элек


Шайлоодон кийин. Бишкек. 2017-жыл. (Архивдик сүрөт).

Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылы шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн айрым ченемдери 1-январдан тарта күчүнө киргенин жарыялады.

Анда парламенттик шайлоого катышкан партиялардын шайлоо босогосун тогуз пайызга көтөрүү жана партиялык тизме боюнча мандаттарды бөлүштүрүүдөгү гендердик тең салмактуулукту сактоого байланыштуу ченемдер каралган.

Бирок учурда парламентте жана саясий чөйрөдө шайлоо босогосун ылдыйлатып, күрөөнүн өлчөмүн төмөн түшүрүү боюнча демилгелер көтөрүлүүдө.

Жогорку Кеңеш 2017-жылы 31-майда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамды андан ары өркүндөтүү деген максатта ага бир катар өзгөртүүлөрдү киргизген.

Ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Күчүнө кирген эки ченем

Аталган мыйзамдагы партиялардын шайлоо босогосун жети пайыздан тогуз пайызга көтөрүү жана партиялык тизме боюнча мандаттарды бөлүштүрүүдө гендердик балансты сактоого байланыштуу киргизилген укуктук ченемдер 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турганы көрсөтүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзамдагы мына ошол күчүнө кирген эки укуктук ченемдин эрежелерин чечмелеп берди:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

- Мына ошол ченемдерге ылайык мындан ары парламенттеги кайсы бир фракциядагы эркек депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда аяктаса, анын ордуна тизмедеги эркек талапкер депутат болуп келет. Ал эми аял депутат ыйгарым укугун токтотсо, анда анын ордуна кийинки тизмедеги аял талапкерге депутаттык мандат берилет. Ошондой эле жаңы эле күчүнө кирген жана өзгөртүлө элек укуктук ченем боюнча кийинки парламенттик шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу тогуз пайыз болуп эсептелинет.

"Түбөлүк бийликте калгысы келгендердин планы"

Мындан сырткары аталган шайлоо мыйзамдарында шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү президенттикке талапкерлер үчүн 100 миңден 1 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн. Ал эми парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялар үчүн шайлоо күрөөсү 1 миллион сомдон 5 миллион сомго чейин жогорулатылган.

Жарандык активист Каныбек Мырзаканов 2017-жылы күрөөнүн өлчөмүн жана шайлоо босогосун жогорулатуунун максаты бийлик партиясынын жана анын жандоочторунун гана кызыкчылыгын көздөгөн деп эсептейт:

Шайлоо босогосу менен күрөөнүн өлчөмү канчалык жогору болсо, шайлоонун баасы дагы кымбат болот. Байлар менен колунда бийлиги барлар гана парламентти ээлеп, элдин башка катмарынын үнү угулбай кала берет.
Каныбек Мырзаканов.


- "КСДП түбөлүк бийликтен кетпеш керек" деген ниетте 2017-жылы мына ошондой өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Анан дагы ал бийлик партиясынын жандоочтору катары олигарх-бизнесмендерден турган "Кыргызстан" жана "Республика Ата-Журт" партияларын гана парламентте кармап калуу үчүн мына ошол шайлоо босогосу менен күрөөнү көтөрүп салышкан. Бул деген башкаларга парламентке келүүгө жол жок дегенди түшүндүрөт. Тогуз пайыз босого деген жарабайт. Анткени мындай боло турган болсо, парламентке жаңы күчтөр кире алышпайт. Шайлоо босогосу менен күрөөнүн өлчөмү канчалык жогору болсо, шайлоонун баасы дагы кымбат болот. Байлар менен колунда бийлиги барлар гана парламентти ээлеп, элдин башка катмарынын үнү угулбай кала берет. Ошондуктан булар бийликти түбөлүк кармап турабыз деген максатта мына ушинтип өзгөртүү киргизишкен. Бирок чындык башкача. Түбөлүк бийликте калам дегендер бүгүн эмне болду?

Тогуз пайызды "тооруган" бийлик

Анткен менен азыркы бийлик деле шайлоо босогосун ылдыйлатууга кызыкдар эместей. Анткени саясат талдоочулар бул жагдай бийликти колдогон олигархтык топторду эки-үч партия аркылуу көзөмөлдөп, парламентке алып келүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимде.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо партиялар үчүн шайлоо босогосу 5% болсо, 2015-жылы 7% пайызга көтөрүлүп, 2017-жылы кабыл алынып, 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген ченем боюнча анын чеги 9% жогорулай турганы бекитилген.

Жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы эле шайлоо босогосун 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүү демилгесин колдогон саясатчылар эми ага каршы чыгып жатканына таң калган болчу:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- "Шайлоо босогосу тогуз пайыздан жети пайызга, беш пайызга же үч пайызга чейин түшсүн" деген сунуштарды көрүп, окуп жатабыз. Таң калычтуу жагы мурда мына ошол "шайлоо босогосу тогуз пайыз болсун" деп өздөрү парламентте көтөрүп, аны мыйзам аркылуу өткөзүп алышып, эми кайра башкача сүйлөгөнүн байкап жатабыз. Эми бул маселе парламенттин өзүндө чечилет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо босогосун тогуз пайызга көтөрүү саясий партиялардын ирилешүүсүнө өбөлгө түзүү максатында мыйзамга киргизилгенин белгиледи.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 59 пайызы же 1 630 122 адам добуш берүүгө катышкан. Бул эсеп менен алып караганда, шайлоо босогосу үч пайыз болсо, анда партия 52 миң добуш алышы керек. Беш пайыз болсо 85 миң, жети пайызга 120 миң жана тогуз пайыз босого болсо 154 миңден кем эмес добуш топтошу зарыл.

Абдыжапар Бекматов көпчүлүк ири партиялар үчүн алдыдагы парламенттик шайлоодо тогуз пайыздык босогодон өтүү кыйынчылык жаратпайт деген ойдо:

Тогуз пайыздык босого ирилешкен жана күчтүү партиялардын парламентке келишине өбөлгө түзөт.
Абдыжапар Бекматов.


- 2015-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча жети пайыздык шайлоо босогосунан өткөн алты партиянын ортосунда депутаттык мандат бөлүштүрүлдү. Алардын арасынан мына ошол шайлоодо добуштардын көпчүлүгүн топтогон төрт партия тогуз пайыздык босогодон өткөн. Демек, бул жерде электорат менен иштей алган жана партиялык курулушу мыкты ири партиялар тогуз пайыздык босогодон эч кандай кыйынчылыксыз эле өтө ала турганы буга чейинки шайлоолордун жыйынтыгынан көрүнгөн. Мына ошол тажрыйбаны эске алганда бул тогуз пайыздык босого ирилешкен жана күчтүү партиялардын парламентке келишине өбөлгө түзөт. Себеби, буга чейин деле саясий партиялар ирилешип, өз ара биригип, парламенттик шайлоого чогуу барган учурлар болгон.

Шайлоо: 9% чектин тополоңу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

Парламенттин курамын жаңылоо

Анткен менен буга чейин саясий партиялардын форумунда бир катар саясий ишмерлер шайлоо босогосун тогуз пайыз өлчөмүндө калтыруу парламенттик шайлоодо коомдук-саясий абалды курчутуп жибериши мүмкүн экенин эскерткен.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев коомчулуктун нааразылыгын басаңдатып, парламенттин курамын өзгөртүү үчүн шайлоо босогосун төмөндөтүү зарыл экенин айткан:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

- Токсонунчу жылдары 150 сом айлык алган айылдык мугалим кантип депутат болуп келген болсо, бүгүнкү күндө дагы карапайым адамдар суурулуп чыгып, "депутат болуп келсек" дейт. Ошондо анан аны шайлаган адамдар бийликтин легитимдүүлүгүнө ишенет. Мына ошондой саясий системаны камсыздап берип, жаңы муундун өкүлдөрүнүн парламентке келүүсүнө шарт түзүү зарыл. Аны жаңыдан ойлоп табуунун кажети жок. Бүткүл дүйнө жүзүндө мына ошондой практика бар. Украин президенти Зеленский шайлоонун астында "жүз пайыз ачык-айкын пропорционалдык шайлоо системасын киргизем, анда шайлоочулар бир эле партияга гана эмес, тизмедеги талапкерлерге дагы добуш бере алат, шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрөбүз" деп убада берген. Жыйынтыгында көпчүлүгү орточо курагы 40-45 жаштагы талапкерлер парламентке депутат болуп шайланып келишти.

Былтыр парламентте депутаттардын элдик өкүлчүлүк милдетин кайра кайтарууга багытталган шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча үч мыйзам долбоору иштелип чыгып, бирок алардын бири дагы колдоо таппай калган.

Жакында депутат Бакыт Төрөбаев баштаган дагы бир депутаттык топ шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүү жана шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго ылдыйлатуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бирок ал мыйзам долбоору парламенттин кароосуна коюла элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (39)

XS
SM
MD
LG