Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 07:54

Бабановдун экинчи жолу чегиниши


Өмүрбек Бабанов Орусиядан кайтып келген учуру. 9-август, 2019-жыл.

Эки жыл мурда саясаттан кеткенин жарыялаган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов партия лидерлигин да расмий өткөрүп берди. Эми "Республика" партиясын депутат Мирлан Жээнчороев жетектеп калды.

Бабановдун бул аракетин айрымдар күрөштөн качуу, коркуу катары бааласа, башкалары аргасыздык катары мүнөздөштү. Мындай чегинүүгө саясатчы он жылдай мурдараак да барган.

Лидерликти өткөрүү

Кыргыз саясатындагы маанилүү фигуралардын бири саналган саясатчы Өмүрбек Бабанов өзүнүн чечимин "Республика" партиясынын кезексиз курултайында жарыялады. Ал эки жыл баштагы саясаттан кетүү чечимин дагы кайталап, бул жолу партия лидерлигин биротоло тапшырып берди.

Бабанов бул аракетин убакыт талабы менен түшүндүрүп, тарапташтарын туура кабыл алууга чакырды.

- Мен 2017-жылы саясаттан кеттим деп айткам. Бүгүн болсо ошол сөзүмдү бекемдеп жатам, башка айтканда бул юридикалык кетиш болду. Анан партиялаштарымдын да жолун ачып берейин дедим. Эми лидер болгондон кийин же партияны жетектеп саясий күрөшкө чыгыш керек. Саясий күрөшкө чыкпагандан кийин, убакыт келгенден кийин өз учурунда өткөрүп бериш керек. "Республика" бул бир эле Бабанов эмес. "Республика" партиясы он жылдан бери саясий айдыңда жүрөт, анын колдоочулары, тарапкерлери өтө көп. Мен экономика, инновация, билим берүү тармагында элиме кызмат кылам. Саясий иштер мен үчүн бүттү.

Натыйжада 20-декабрдагы жыйында "Республика" партиясынын лидери болуп Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев шайланды. Ал Бабановдун партиядан кетиши чоң жоготуу экенин белгилеп, бирок аны менен дайым акылдашып турушарын кошумчалады.

Өмүрбек Бабанов саясаттан кетерин соңку президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин, 2017-жылдын 30-декабрында билдирген. Мындай билдирүү ага эки кылмыш иши козголуп, иликтенип жаткан учурда жасалган. Натыйжада Бабанов мандатын тапшырып, Орусияга чыгып кеткен. Ал эки ирет кайтып келерин билдирип, кайра токтотуп жатып, быйыл августта гана учуп келген.

Бишкекке келгенден кийин Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) бир нече жолу сурак берип чыкты. Ал журналисттерге маек берип жатып, азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан. Соңку чечими мына ушунун фонунда кабыл алынды.

"Республика-Ата Журт" партиясынын депутаты Максат Сабиров буларга токтолду.

Максат Сабиров.
Максат Сабиров.

- Муну эми ар ким ар кандай баалайт. Бири коркоктук десе, бири үчүн бул эрдик. Анткени саясаттан кетүү да оңой эмес. Мен ага мурдатан эле “саясаттан кетип эле, ишиңди кылып жүрө бербейсиңби” деп сунуштагам. Ошонтуктан анын бул чечимин кубаттадым. Жаштарга орун бошотуп берүүнү да билиши керек. Биз деле өмүр бою депутат болуп жүрө бербейбиз да. Биз дагы жулунуп, жанталаша бербей, кези келгенде аракет кылып, жаштарга орун беришибиз керек деп ойлойм.

Президенттик шайлоодо жарым миллиондон ашык добуш алган Өмүрбек Бабановдун саясаттан кетүү тууралуу чечими эки жыл мурда да кескин сынга кабылган. Анда аны чечкинсиздикке, коркоктукка айыпташкандар болгон. Эми болсо анын партияны биротоло өткөрүп бериши да катуу талкууларга жем таштады. Көбү муну Бабановдун аргасыз чечими катары баалашса, кээлери саясий соодалашуунун жыйынтыгы катары мүнөздөшүүдө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече саясатчы камалып, топ кишиге иш козголгон чакта Бабанов да тайсалдады дешет айрымдар. Коомдук ишмер Жаныбек Түлкүновдун баасын угалы.

- Чоң саясатка аттангандан кийин түрдүү нерселерге даяр болуш керек. Саясий күрөштө түрдүү чабуулдар болушу ыктымал, камалышы да мүмкүн, ошого даяр болсо анан кириш керек. Феликс Кулов камалды, кийин чыкты. Атамбаевдин бийлигинин тушунда Текебаев баштаган канча саясатчылар камалды, алды чыгып калды. Азыр болсо Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков баштаган саясатчылар абакта олтурат. Алар да бир күн абактан чыгып, өздөрүн реабилитация кылышат, күрөшөт. Бабанов болсо коммерсант, кыргызча айтканда соодагер. Кайсы жак шар акса, ошол жакка өтүп кетет экен. Кезинде Бакиев чыгып калса ага өтүп кетти, Атамбаев чыкты эле ага өтүп кетти. Менимче Жээнбеков менен да ымалалашууга аракет кылып, акыры жыйынтыгы чыкпагандан кийин “кой, тынч эле оокатымды кылайын” деп калды окшойт. Жетекчилик кызматка отуруу бул саясатчы болуу деген эмес, саясатчы бул элди кайсы бир багытка жетелөө, аларга күч-дем болуп берүү. Эгер ушунчалык эле бийлик аны кысымга алып, камакка алса эл колдоп чыкмак, керек болсо сууруп кетмек. Бирок ал ал идея, күрөшкө караганда бизнесин кучактап, ошону маанилүү деп тапты.

“Кайтып келүү үчүн кетти”

Мындай караганда Өмүрбек Бабанов саясий айдыңдан биринчи жолу кеткен жери жок. Ал оппозициядагы КСДПнын катарында жүрүп, 2007-жылы бийликтин кысымына кабылганда саясаттан кетерин билдирип, депутаттык мандаттан баш тарткан.

2009-жылы кайра биринчи вице-премьерлик кызматка келип, 2010-жылкы төңкөрүштөн кийин да кайра ушул кызматка олтурган. Ушул эле жылы “Республика” партиясын түптөп, парламентке шайланып, 2011-жылы премьер-министр болуп дайындалган. Өкмөттү бир жылча башкарып, парламенттин кескин сынынан кийин иштен кеткен.

“Республика” партиясы Камчыбек Ташиев лидерлик кылган “Ата Журт” партиясы менен биригип, "Республика-Ата Журт" деген ат менен 2015-жылкы шайлоого катышкан. Ташиев парламентке өтпөй калып, эки жылдан соң Бабанов президентке шайлоого ат салышкан. Анын жыйынтыгында экинчи болуп келген Өмүрбек Бабанов саясаттан экинчи жолу кеткен. Ошол себептүү айрымдар ал кайрадан кайтып келиши мүмкүндүгүн деле жокко чыгарышпайт.

Саясий серепчи Аида Алымбаева мындай деди.

Аида Алымбаева.
Аида Алымбаева.

- Биздин өлкөдө бизнестин өкүлдөрү аялуу келишет. Парламенттеги бизнесмен депутататтардын ичинде оппозициялык саясатчылар жокко эсе. Бул алардын колу байлануу экенин түшүндүрөт. Бийлик каалаган кезде аларга каалагандай кылмыш ишин козгоп коюшу мүмкүн, бизнестерин тартып алышы ыктымал. Анткени бизде сот бийлиги, мыйзамдар акыйкат иштебейт. Бабановдун окуясы да мына ушуга айкын мисал болуп жатат. Менин оюмча Бабанов бизнеси үчүн саясаттан чыга турууну туура көрдү. Эгер саясий кырдаал жакшы жакка өзгөрсө, Бабановдун саясий аренага кайтып келерин четке кага албайбыз.

Деген менен эксперт келерки парламенттик шайлоодо деле бийлик каалаган партиялар парламентке келиши мүмкүндүгүн боолгойт.

- Мен азыр өлкөдө толугу менен авторитардык система орноп калды деп айтпайм, бирок басма сөз каражаттарына, саясий атаандаштарга кысым болуп жатат деп айта алам. Ошол эле Равшан Жээнбековдун камакка алынышы да буга мисал. Ошондуктан боло турган парламенттик шайлоодо эч бир партия бийликке оппозиция боло албайт. Кандайдыр бир сындар айтылып турушу мүмкүн бирок, көп каршылык болбойт. Биз келерки парламенттик шайлоодон өтө көп нерсени күтүп жатабыз, бирок менин оюмча шайлоо атаандашсыз өтөт. “Ата Мекен” партиясы же жаштар түзгөн айрым партиялар анча-мынча сын менен чыгышы мүмкүн. Жалпы жонунан бийликчил партия гана көпчүлүк орунду алат, - деди Аида Алымбаева.

Шайлоого бир жыл калганына карабай партиялар арасындагы даярдыктар кызуу жүрүп жатканы байкалууда. Сентябрда “Кыргызстан” партиясы лидер катары Канатбек Исаевди кайра шайлап, жарышка старт алганын жарыяласа, "Республика" партиясы 2020-жылкы шайлоого өз алдынча бара турганын билдирүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (41)

XS
SM
MD
LG