Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Ташиев «Республикага» таарынды


«Республика – Ата Журт» партиясынын 2014-жылы өткөн жыйыны. Солдон оңго карай Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов.
«Республика – Ата Журт» партиясынын 2014-жылы өткөн жыйыны. Солдон оңго карай Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов.

«Республика - Ата Журт» фракциясы азыркы курам менен шайлоого катышпай турган болду.

Жаңы саясий сезондун башталышы менен партиялар 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык көрө башташты.

2014-жылы парламенттик шайлоо алдында бириккен «Республика - Ата Журт» фракциясы VI чакырылышта депутаттык мандат алуу жагынан экинчи орунду ээлеген. Бирок 2020-жылы өтө турган шайлоого партиялар өз-өзүнчө барууну чечти.

«Азаттык» радиосуна Камчыбек Ташиев «Ата Журт» шайлоого өз алдынча бара турганын ырастады. «Республика» кийинки шайлоого Өмүрбек Бабанов катышабы же жокпу, партиянын лидери ким болот деген маанидеги суроолорго үн ката элек.

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «Азаттык» радиосуна бул кызматташтык майнап бербегенин маалымдады:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

- Биз, албетте, шайлоого даярданып жатабыз. Биз шайлоого биринчи жолу катышып жаткан жокпуз, качан даярдык көрүш керек экенин жакшы билебиз. Биз шайлоодо утабыз деп ойлоп жатам. «Ата Журт» бул жолу «Республикага» кошулбай, өзүнчө барат. Биз 2010-жылдагы ийгиликти кайталагыбыз келет. Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшкөн жокмун, көптөн бери көрө да элекмин. Ал шайлоого катышабы же жокпу, билбейм. «Республика» менен кызматташуу эч кандай жемишин берген жок. Партия лидери катары мен парламентке өтпөй калдым. Бул жыйынтыкты мен нөлгө теңейт элем.

Юридикалык жактан алганда Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев теңтөрага болгон «Республика - Ата Журт» жашап жатат. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Республика» жана «Ата Журт» партияларын такыр башка адамдар негиздеген. Ортодон пайда болгон «Республика - Ата Журт» биротоло жоюлабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Бирок парламенттеги «Республика – Ата Журттун» мүчөлөрү учурда партиялык ишмердүүлүк токтоп турганын белгилешет.

Депутаттар «Республика» келе жаткан шайлоого катышар-катышпасын да айта элек. Азырынча болгону «Ата Журт» менен мындан ары алянс болбой турганы гана белгилүү болду. Бул маалда парламентарийлер башка партиялардан сунуш түшүп жатканын жашырышкан жок.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

- «Ата Журттун» бардык мүчөлөрү аны менен каларын же «Республикада» башынан чогуу болгондор мындан аркы жолду бирге улантарын айтуу кыйын. Шайлоо алдында башка партияга кетүүнү пландап жаткан депутаттар да бар. Бул «Республика - Ата Журт» фракциясынын жарымы десек болот. Депутаттарга азыркы бийлик түзгөн, аты белгисиз партиядан чакыруу түшүп жатат. «Өнүгүү-Прогресстен», «Бир Болдон», «Ата Мекенден» да сунуштар болду. Бирок кайсы бир партияга биригүү мүдөөсүн азырынча эч ким расмий айта элек, - деди депутат Марлен Маматалиев.

Анын айтымында, «Республика» алдыдагы шайлоого катышарын жакынкы бир нече ай ичинде чечиши зарыл. Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов буга чейин шайлоого барбай турганын билдирген. Өмүрбек Бабанов шайлоого ат салышпагандан кийин партияны каржылабай турганын да кыйыткан.

Маматалиев азыр саясий кеңештин мүчөлөрүн алмаштырып, партиянын жаңы лидерин шайлоо зарыл экенин белгиледи:

- Түшүнүксүз кырдаал түзүлдү. Партияны ким жетектей турганы белгисиз. Лидердин алмашуусу менен партиянын толук курамы алмашып кетиши мүмкүн. Эгер жаңы лидер жакпаса, депутаттар кетет. Жалпылап айтканда, жаңы жылга чейин баары чечим чыгарат. Ошондо ким кайсы партия менен шайлоого бара турганы белгилүү болот.

Бабановду жандагандар бул маалыматты тактаган жок. Бирок алар саясатчы азыр маанилүү маселелерди чечип жатканын, парламенттик шайлоого катышуу ою жок экенин да четке кагыша элек.

«Республика – Ата Журттун» башка мүчөлөрү фракция жана партия лидерлеринин чечимин күтүп жатканын айтышты. Депутат Максат Сабиров адегенде «кылмыш иштерине» байланыштуу маселелерди чечүү маанилүү экенин белгиледи.

Белгилүү болгондой, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келгенден кийин УКМК менен Финполицияга сурак берген. Саясатчы буга чейин сегиз кылмыш ишине күбө катары чакырылганын айткан. Бирок УКМК да, Финпол да муну ырастай элек.

Расмий түрдө саясатчы эки гана ишке: «Кыргызстан» АКБга, экинчиси 2017-жылы президенттик шайлоо алдында Оштогу Амир-Темур кичирайонунда айткан сөзүнө байланыштуу күбө катары чакырылганы айтылган. Андан тышкары 2017-жылы бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык фактысы боюнча козголгон иш токтотулганы маалымдалган.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев Бабановдун аты кылмыш иштерине илешкенин анын саясий карьерасына чоң тоскоолдук катары эсептейт.

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

- Мындай кырдаалда саясатчы партиянын ишин уланткысы келбегени айдан ачык, - деди Жороев. - Ушул жерден «Республика» ким менен шайлоого барат деген суроо туулушу мүмкүн. Сооронбай Жээнбековдун бийликке келиши менен фракциянын башкаруучу коалицияга кошулганы - партия мындан ары оппозициялык позицияны карманбай турганын каңкуулайт. Ал бийликти колдой турганы билинип калды. Партиянын жаңы шайлана турган лидеринен да көп нерсе көз каранды. «Республикада» Бабановго жакын адамдар көп. Ошол элек маалда бийликке ыктагандар да бар. Айталы, азыркы лидер Жыргалбек Турускулов.

Эксперттер Кыргызстандагы саясий жыл жаңы гана башталганын, келечекте бардык партияларда өзгөрүүлөр болорун, айрым мүчөлөр орун которушу мүмкүн экенин белгилешет.

Мындай өзгөрүү 2010-жылы түзүлүп, Жогорку Кеңештин эки чакырылышына ийгиликтүү өткөн «Республиканы» да күтүп турат. Азырынча бул партия парламенттин жаңы курамына кошулар-кошулбасы, азыркы саясатчылар аны менен бирге болор-болбосу арсар.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG