Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

«Республиканын» кыйчалыш тагдыры


Айрым ЖМКлар Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясынын лидерлигинен кетерин кабарлашууда.

Кийинки убакта жергиликтүү сайттарда Өмүрбек Бабанов өзү түзгөн, өлкөдөгү жигердүү партиялардын бири катары белгилүү болгон «Республиканын» лидери алмашары тууралуу маалыматтар пайда болду. Маселен, жакында эле Жогорку Кеңештеги өз булагына таянып «24.kg» маалымат агенттиги Бабанов өзүнө карата кылмыш иштери токтотулса «Республика - Ата Журт» партиясынын лидерлигин тапшырып берерин жазды. Анда Бабановдун ордуна парламент депутаттары Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров же Кенжебек Бокоев келери айтылган. Бул саясатчылар Бабанов менен жакын мамиледе экенин белгилүү.

Бирок «Республика – Ата Журт» парламентте гана фракция катары иш жүргүзгөнү болбосо, партия катары ишмердүүлүгүн токтоткон. Ошондуктан Өмүрбек Бабановдун бул партиянын тең төрагалыгынан кетиши саясатта анча деле маанилүү эмес.

«Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев партияда «Республиканын» лидери алмашары жөнүндө сөз болгонун тастыктады. Бирок ал жаңы лидерди тандоону партиянын мүчөлөрү чечерин жана Бабановдун пикири эске алынарын айтты:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Партия маселеси көтөрүлгөндө Бабанов кийинки шайлоого катышпай турганын билдирди. Ошондой эле жакын арада партиянын саясий кеңешинен баштап баары каралып чыгары боюнча маселе коюлган. Бирок бул бүгүн же эртең боло калчу иш эмес. Бабанов лидерликтен кетет. Ал киши каалоо-тилегин, кимге калтыргысы келерин айтса керек. Эми ал жерде партия өзү чечет».

Бирок «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев «Республика» партиясында лидер алмашыларын төгүндөп, бул сөздөрдү чагым катары баалады:

«Бул чагым го дейм. Чагымчыл тараптар айтып жатат. Бабановдун лидерликтен кетиши боюнча талкуу да, маселе да жок. Андай маселе сүйлөшүлгөн эмес».

Анткен менен ушул эле фракциянын дагы бир депутаты Кенжебек Бокоев бул маалыматтарды төгүндөгөн да, тастыктаган да жок. Бул боюнча кийинчерээк маалымат берерин билдирди. Бабанов болсо маселе тууралуу өзүнүн жеке пикирин коомчулукка айта элек.

Айрым серепчилер Бабанов бийликтин кысымынан улам партиясын өткөрүп бериши мүмкүн экенин божомолдошот. Бирок саясий соодалашуу менен партияга өз кишисин калтырат деген да пикирлер бар. Алардын бири политолог Марс Сариев мындай дейт:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

«Бийлик да түшүнүп турат, анын потенциалы бар. Салмагы, таасири болгондуктан аны саясатта көзөмөлдөй албай калышат. Азыр кылмыш иштерин казып атышат. Балким фактылар бар. Андыктан ушундай сүйлөшүүгө барышып, таптакыр саясаттан кетирүү аракети болуп атат окшойт».

Дегеле жакынкы келечекте «Республика» партиясынын да тагдыры кызык болуп турат. Cаясат талдоочу Орозбек Молдалиев акыркы жылдары «Республика» партия катары өзүнүн саясий салмагын бир топ жоготту деп эсептейт. Андыктан, анын пикиринде, партиянын тагдыры, кийинки шайлоого катышуусу жана ийгилиги Бабановдон көз каранды болбой калды.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Каржылык колдоо болсо партияда аттуу-баштуу саясатчылар бар, - деди талдоочу. - Алар алып кете алат. Бирок партия катары кандай болот? Эртең «Алты жыл бою кандай иш жасадыңар?» дешсе эмне дейт? Бардык партияларга эле кийинки шайлоодо келиш кыйын болуп турат».

«Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов менен «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев «Республика - Ата-Журт» деген аталыш менен 2014-жылы парламенттик шайлоо алдында Юстиция министрлигинде өзүнчө партия каттатып, ал ушундай эле аталыштагы фракция болуп парламентке келген. Анда Бабанов менен Ташиев партиянын тең төрөгалары болгон. Бирок кийин жергиликтүү шайлоолор алдында тандем күчүн жоготкону жарыяланган. Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата-Журт» деген аталыш менен иштеп жаткан фракцияда 28 депутат бар. Фракцияда Бабановдун саясатын колдогон жана ага каршы да депутаттар бар экени белгилүү.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Бирок быйыл 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

Өмүрбек Бабанов азыркы тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG