Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Бабановдун келишинин табышмагы


Өмүрбек Бабанов "Манас" аба бекетине кайтып келген учур.
Өмүрбек Бабанов "Манас" аба бекетине кайтып келген учур.

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Москвадан Бишкекке 9-августта учуп келди. Аны аэропорттон жүздөгөн тарапкери тосуп алды. УКМК саясатчыга козголгон эки кылмыш иши бар экенин эскерткен.

Бишкектеги "Манас" аба бекетинде өз тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөгөн кыска сөзүндө ал баарына ыраазычылык билдирди, Кыргызстанга тынчтык керек экенин айтты.

- Мени эч ким тосуп текшерген жок. Мен дайыма мыйзам жолунда жүргөм, - деген Бабанов Бишкекке жөнөп кетти.

Бабановдун келиши Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүрүп, ал колго түшкөн учурда болду.

Кечээ, 8-августта «Республика» партиясы билдирүү таратып, президент Сооронбай Жээнбековду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди маселени тынчтык жана мыйзам жолу менен диалог аркылуу чечүүгө чакырган.

«Абалдын курчушун бирге токтотуп, бардык кыймылдарды укук менен мыйзам талаасына бура алабыз деп ишенебиз», деп айтылган ал билдирүүдө.​

Саясатчы Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жеңилип калгандан кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Москва жүргөн. Ал бийликтин талапкери, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Бул шайлоодо мурдагы президент, 26-августка чейин камакка алынган Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду сүрөгөн.

2017-жылы Коомдук биринчи каналдагы теледебат учурунда Бабанов менен Жээнбеков эл алдында кайым айтышып, Жээнбеков Бабановго «президент болсом коррупция менен күрөштү сенден баштайм» деп айтканы коомчулукта катуу талкуу жараткан. Кийин Бабановдун үгүт өнөктүгү учурундагы иш-аракеттерине байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Өмүрбек Бабанов Москвадан учуп келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкекке камалбасына көзү жетип келди деп эсептейт. Сооронкулованын пикиринде, Бабанов бийлик менен сүйлөшкөндү билет, андыктан бир келишимге келишет. Себеби саясий атаандаштыкты күчөтүү бийликке упай алып келбейт.

- Бабановду кармашса анын тарапкерлери чыкмак, саясий кырдаал кайра курчумак. Бийлик араң-араң түзөп келаткан аброю түшүп кетмек. Ал кырдаалды сезип, камалбасын билип туруп келди. Азыр камалбайт го, - деди ал.

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга эчак эле кайтып келиши керек болчу деп эсептейт. Депутаттын пикиринде, Бабановго карата кылмыш иши негизсиз козголгондуктан ал айыбы жок экенин далилдеши зарыл.

- Өзбек улутундагылардын алдында сүйлөгөн сөзү боюнча менин пикирим башынан эле башкача, - деди ал. - Ал жерде эч кандай чакырык болгон эмес. Эми тийиштүү органдар чакырса суракка барып, түшүндүрмө бериш керек. Эгер жаш саясатчы элди башкарам деген аракети болсо, саясатка аралашам десе эл менен болгону туура. Эчак эле келиши керек болчу.

49 жаштагы Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири катары белгилүү.​ ​Талдоочу Турат Акимов «Республика» партиясынын лидери Кыргызстанга өз бизнесин коргоп калыш үчүн гана кайтып келди деп эсептейт. Мындай пикирин ал «Азаттыкка» билдирди:

- Бир эле ой-максат менен келди – өзүнүн бизнесин сактап калуу. Анткени бизнес-империясы көзөмөлсүз кала берсе, бара-бара банкротко учурайт. «Эл үчүн, жерим үчүн» деп айта берет, албетте, себеби ал коммерсант киши. Шайлоодо каршы чыгып, саясий оппонент катары күрөшкөн эмес. Жөн эле качып кетип калган. Албетте, Сооронбай Жээнбековдон эл «сен ушундан баштайм дегенсиң» деп сурайт. Бирок анын баарын келишим түрүндө бүтүрүп койсо болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен. Мындай билдирүүнү атайын кызмат 9-августка караган түнү тараткан.

УКМКнын маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG