Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 01:16

УКМК Бабанов Кыргызстанга келсе жоопко тартыларын эскертти


Өмүрбек Бабанов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. Мындай билдирүүнү атайын кызмат 9-августка караган түнү таратты.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалга байланыштуу Бишкекке учуп келүүнү чечкен.

8-августта партиянын атынан таратылган билдирүүдө президент Сооронбай Жээнбековго жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге маселени тынчтык жана мыйзам жолу менен диалог аркылуу чечүүгө чакырык ташталган.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда Москвада жүрөт.

Ал апрелде да Кыргызстанга кайтыш үчүн учакка билет алганын айтып, бирок келбей калган.

УКМКнын маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (54)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG