Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Жамшитов: Бабановдун ишин УКМК тергеп жатат


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

«Республика - Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Өмүрбек Бабанов жакында эле Кыргызстанга кайтып келип, саясий жашоого аралашарын билдирген. Бирок 13-апрелде Москвадагы аэропорттон видео аркылуу кайрылып, келбей калганын билдирип, мындай чечимин «башаламандыктын алдын алуу» аракети менен түшүндүргөн.

УКМК маалыматына караганда, Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган. (BTo)

Башкы прокурор: ЖЭБ ишине сот баа берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00

XS
SM
MD
LG