Линктер

жума, 26-апрель, 2019 Бишкек убактысы 00:44

Саясатчыны жолдон калтырган жагдайлар


2017-жыл, сентябрь. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү маалында тартылган сүрөт.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга келбей калды. Бабанов мындай чечимин "башаламандыкты алдын алуу" аракети менен түшүндүрдү.

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Москвадагы аэропорттон видеокайрылуу жасап, "аны колдоп чыккан тарапташтары башка күчтөргө курал болуп калбашы үчүн Кыргызстанга кайтпай турганын" билдирди. Бирок Бабанов үчүнчү күчтөр ким экенин жана эми качан кайтып келээрин ачык айткан жок.

Менин тилегим - мекениме кайтып барып, силер менен чогуу сүйлөшүп, пикир алышып отургум келет. Бирок силерди үчүнчү күчтөр колдонуп кетүүсүн каалабайм. Ага эч качан жол да бербейм. Ошондуктан, мен сиздерден бүгүнкү өтө турган тынчтык митингдерди токтотууну суранам. Мен тынчтык жолу менен келүүнү чечтим. Кудай буйруса, жакынкы күндөрү мен сөзсүз келем”, - деди Бабанов.

Ошондой эле Бабанов шайлоочуларынан кечирим сурап, элдин тынчтыгы үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болуп жатканын белгиледи. Ал тарапташтарын Бишкекте жана аймактарда белгиленген акцияга чыкпоого чакырды. Ошентип, аны тосуп алууга пландалган акция өткөн жок.

Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш болгон жана парламентте көп мандаттуу партиялардын бири болгон “Республика - Ата Журттун" башчысы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайта албай жатканы өлкө саясатында негизги темага айланды.

Бабанов буга чейин ага карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөөчүлөргө жооп берүүгө, Кыргызстанга келгенден кийин мекенине инвестиция тартуу ишине салым кошууга даяр экенин билдирген.

Анын мындай билдирүүсүнө таянып, 13-апрелде Кыргызстанга келет деп ишенген саясатчылар, серепчилер Бабановдун бүгүнкү кадамын ар түрдүү баалап жатышат.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси, депутат Алмамбет Шыкмаматов Бабанов "мекенге кайтып келем" деп миңдеген шайлоочуларын ишендирип коюп, келбей койгону аны саясий банкроттукка жеткирди деп эсептейт:

Өмүрбек Бабанов эгер жүзү жарык болсо, мыйзам алдында күнөөсүз болсо, Өмүрбек Текебаевдей болуп Кыргызстанга келип, камалганына да кайыл болуп, камакта болсо да сот, адвокаттар аркылуу, ага ишенип жаткан 600 миң адамдын колдоосу аркылуу өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдесе болмок. Бабанов бул мүмкүнчүлүгүн колунан чыгарды. Ал өзүнүн коркоктугун, чечкинсиздигин көрсөтүү менен бийликке чоң упай алып берди, бийликтин чоң утушуна алып келди. Бабанов - саясий банкрот”.

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев "Фейсбуктагы" баракчасына “саясат - балапандар үчүн эмес” деп жазып, видео кайрылуусун чыгарды.

Саясатчы катары сөз бердиби, демек аны аткарышы керек болчу. Мындай болгондон кийин сөз бербеш керек эле. Азыр келгенде ал номур биринчи болмок. Эл өзгөрүүнү күтүп жатат. Алар өзгөрүүнү Бабановдон күтүп жаткан. Ал адам катары туура кылса керек. Бирок саясатчы катары туура эмес кылды”.

Өмүрбек Бабановдун бул кадамын колдогондор да аз эмес. Алардын жүйөсүндө саясатчы өзүнүн кадыр-баркына кайыл болуп, бирок өлкөдө ар түрдүү чагымдарга, башаламандыктарга жол берген жок. Жогорку Кеңеште "Республика" партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев Өмүрбек Бабанов үчүн тынчтык маанилүү экенин "Азаттыкка" билдирди:

"2017-жылы шайлоо бүткөндө эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турган бизди, тарапташтарын өзүнүн беделине шек келсе да, тынчтык үчүн деп, нааразылык акцияларына чыгарбай токтотуп койгон. "Кандай жол менен болсо да шайланды, бийлик эми иштесин" деп токтотуп койгон. Бул жолу да ошондой болду. Демек, ал мамлекеттин туруктуулугун биринчи орунга койгон инсан экенин далилдеди".

Кенжебек Бокоев "бийлик Бабановдун келишинен коркуп, аны тосуп алууга тынч митингдерге уруксат бербей койгону менен утулганын көрсөттү" деп эсептейт.

Сурамжылоо: Бабановду күттүңүзбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

Өмүрбек Бабановдун өлкөсүнө кайтып келишин утурлай социалдык тармактарда, айрым медиаларда аны колдогон ар кандай акциялар уюштурулуп, саясатчыны тосуп алуу үчүн айрым аймактарда эл чогулары айтылган.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын баамында, саясатчылар элди колдонуп, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылып жатышат. Сооронкулова шайлоочулар ушундай окуялардан сабак алышы керек экенин белгиледи:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Биз саясатчыларды күнөөлөрдөн мурда адегенде өзүбүздү да бир карап алсак. 500-1000 сомго сатылып жаткан соң, ар бир бай адам элди оңой эле сатып алам деп ойлойт. Эми өз максатына жетүү үчүн социалдык тармактар аркылуу элди колдонууга аракет кылып жатышат. Ошондуктан эл саясатчылардын куралы болбоого тийиш. Бул өзүнүн шайлоочусун, элин сыйлабагандык. Бир күнү туруп бирди айтат, эртеси башкасын айтат. Соцтармактан байкап отурсаң, ошол калпка ишенгендери да көп экен. Эл өзү ойлонуп, өзү жыйынтык чыгарууга тийиш".

Айрым саясат талдоочулар Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтпаганына бийлик менен тил табыша албай калганы себеп болду дешет. Саясий серепчи Акылбек Сариевдин пикиринде, Бабановдун мындан кийинки кадамдарын так айтуу кыйын. Саясатчы жакын арада келип калышы да мүмкүн.

Бийликтин реакциясын текшерип көрөйүн деген кадамы болду окшойт. Чындыгында келээри арсар болчу. "Саясаттан кетем" деп жарыя кылган. "Кыргызстанга келип, саясатка аралашам" деп деле ачык айткан эмес. Өзүбүз дүрбөдүк. Балким, эми 23-апрелдеги митингге келип, кошулуп калат. Азыр бийликтин да, элдин да реакциясын алдын ала билип алды”.

12-апрелде Бишкек, Талас, Каракол шаарларында жергиликтүү бийлик «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду тосуп алуу шаан-шөкөтүн негизги аянтта өткөрүүгө уруксат берген эмес. Партия өкүлдөрү бийликти «тоскоолдук кылды» деп айыпташкан. Аталган шаарлардын жетекчилиги болсо ошол күндөрү аянттар бош болбой турганын айтып, дооматтарды четке каккан.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Бабанов апта башында өзүнүн НТС телеканалындагы маегинде өлкөгө кайтып келээрин жарыя кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган. Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө «эл топтоп бийликке кысым көрсөтүү аркылуу маселе чечкиси келгендер жаңылышат» деп эскерткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG