Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Бабановго башкы аянттар берилбейт


Өмүрбек Бабанов шайлоочулар алдында. 2017-жыл.
Өмүрбек Бабанов шайлоочулар алдында. 2017-жыл.

Бишкек, Талас, Каракол шаарларында жергиликтүү бийлик «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду тосуп алуу шаан-шөкөтүн негизги аянтта өткөрүүгө уруксат берген жок.

Партия өкүлдөрү бийликти «тоскоолдук кылды» деп айыптап жатышат. Аталган шаарлардын жетекчилиги болсо ошол күндөрү аянттар бош болбой турганын айтып, дооматтарды четке кагууда.

Соңку президенттик шайлоодо талапкер болгон, марага экинчи болуп келген Өмүрбек Бабанов эки жылдан бери сыртта жүргөн жана ага эки кылмыш иши козголгон. Ал 13-апрелде кайтып келерин, аны тосуп алыш үчүн жер-жерлерде миңдеген адамдар топтолорун маалымдаган.

Аянт бош эмес, уруксат жок

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 12-апрелде шаар жетекчилигинин «Республика» партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду тосуп алуу иш-чарасын эски аянтта өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу арызын канааттандырды.

Мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев эски аянт менен борбордук аянт ошол күнү бош болбой турганын айтып, жолугушууну Максим Горький атындагы паркта өткөрүү сунушталганын билдирди:

«Бизге Саламаттык сактоо министрлиги 27-мартта эле кат менен кайрылып, 13-апрелде эски аянтта иш-чара өтөрүн кабарлаган. Биз эки иш-чараны бир жерге өткөрүүгө уруксат бере албайбыз. Ал эми борбордук аянтта 29-апрель - Шаар күнүнө карата ири репетиция болот. Орусиядан, Өзбекстандан ырчыларды чакырып, чоң майрам уюштурганы жатабыз. Ал жерде концертке даярдык болот. Ошондуктан борбордук аянтка да уруксат бере албайбыз. Биз аларга митингди аянттарга танапташ эле жайгашкан Горький гүлбагында өткөрүүнү сунуш кылдык. Бул жерге деле он миң киши батат. Мэрия эч кандай тоскоолдук кылган жок. Мыйзам боюнча тоскоолдук кыла да албайбыз. Он миң киши бата турган Бишкектин каалаган жеринде өткөрүп алсын».

«Республика» партиясынын өкүлү Канат Мидин уулу жолугушууну эски аянтта өткөрүүгө тыюу салган сот чечими боюнча жогорку инстанцияга кайрылганын маалымдады:

«Алар «Горький атындагы гүлбакта өткөргүлө» деп жатышат. Бирок биз апелляциялык арыз менен кайрылдык. Биз азыр мыйзамдуу жол менен бара жатабыз да. Биз баары бир жолугушууну өткөрөбүз».

Кыргыз өкмөтү 13-апрелде Ден соолуктун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата эски аянтта саат 11ден 5ке чейин спорттук иш-чаралар өтөрүн билдирди.

«Чакан шаарларда иш-чаралар өтөт»

Талас мэриясы да Бабановдун кайтып келгенине байланыштуу шаан-шөкөттү борбордук аянтта өткөрүүгө тыюу салды. Шаар жетекчилеринин «Республика» партиясынын катына берген жообунда аянттын жанында медициналык жана башка муниципалдык мекемелер, мектептер жайгашкандыктан Бабановду тосуп алуу иш-чараларын өткөрүүгө болбой турганы айтылган. Андан сырткары аянт ошол күнү бош болбой тургандыгы, жайыт пайдалануучуларга эл аралык уюмдар техника берүү үчүн чогулары кабарланган.

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев муну бийликтин кысымы катары баалады:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

«Алар «облустук администрациянын алдында мектеп, саламаттык сактоо мекемелери бар, ошондуктан өткөрүүгө болбойт» дешти. Экинчиден, ошол күнү АРИС жайыт комитеттерине эки мотоцикл тапшырат экен. Бул чынында күлкүлүү нерсе. Кыргызстандын эгемен тарыхында Талас шаарындагы кандай гана иш-чара, митингдер болбосун баары ушул аянтта өтүп келген. Андай иш-чаралар Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин тушунда да болуп келген. Эми эле ага тыюу салганы жатышат. Биздин митинг 13-апрелде түшкү саат экиде болот. Ал күнү мектептер жана башка мекемелер иштебейт. Мен муну бийликтин атайылап бут тосуусу катары баалайм. «Жолугушууну стадионго жылдырабыз» деп жатышат. Стадионго болсо эл батпайт, ал футбол ойной турган кичинекей эле стадион».

Каракол шаардык мэриясы да Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын борбордук аянтта чогулушуна уруксат берген жок. Мындан Нарын шаарынын бийлиги гана Бабановдун тарапкерлеринин өтүнүчүн канааттандырды.

Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, миңдеген адам чогулган иш-чаралардан кооптонууга негиз бар:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Тынч өтөрүнө эч ким кепилдик бере албай жатпайбы. «Эски аянтта он миң киши топтоонун максаты башкабы?» деген ой кетип жатат. Түмөндөгөн адамдарды ким башкара алат? Арасында чагымчылдар жок деп ким айта алат? Ошол жагынан да бийлик кооптонуп жатат окшойт. Бабанов келсе кандай болот, келбесе кандай болот? Азыр эми «келбей да калышы мүмкүн» деген сөздөр болуп жатат. Бирок кантсе да саясий чыңалуу болуп жатканы албетте, сезилип жатат».

Унутулган иштер «козголду»

Ал арада Өмүрбек Бабановдуку экени айтылып жүргөн «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болду. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 11-апрелде аталган банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, Бабановдун жакын тууганы Жаныбек Мырзабаевди бир канча саат суракка алган. Бабановдун тарапкерлери бул жагдайды «каралоо», алардын лидерин өлкөгө келтирбөө аракети катары баалашты.

Жаныбек Мырзабаев эки кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылганын айтуу менен гана чектелди:

«Мунун Өмүрбек Бабановго түздөн-түз тиешеси бар деп ойлойм. Жакын туугандарына бийлик тараптан кандайдыр бир кысым болуп жатат окшойт. Эки кылмыш иши козголгон экен, ошол иштердин алкагында мени күбө катары сурады. Менден кылмыш ишинин негиздерин ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкат алышты. Аки-чүкүсүн айта албайм. Тергөөчү 12-апрелде саат 3кө кайра суракка чакырды».

Бул макала жазылып жатканда Финансы полициясынан Жаныбек Мырзабаевдин суракка чакырылышы тууралуу комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Коомдук ишмер, саясатчы Эдил Байсалов Өмүрбек Бабановдун жолугушууларын аянтта өткөрүүгө уруксат берилбей жатканын айыптап жатат. Ал Бабановдуку деп айтылып жүргөн НТС телеканалынын, «Кыргызстан» коммерциялык банкынын айланасындагы соңку окуялар азыркы бийликке абийир алып келбей турганын эскертти:

«Өмүрбек Бабанов бирөөгө жагабы же жакпайбы, анын тарапташтары бар. Тарапташтары көп. Эмне себептен алар чогулуп, Бабановду тосуп албашы керек? Чектеп, «жыйындарды болтурбай коёбуз» дегендер терең жаңылышат. Ал жыйындар баары бир болот. Болгондо да «бийликтин уруксаты жок болду» деп өтөт. Мен эми аларды милиция күч менен кууп таратат дегенге ишенбейм. Бул президент Сооронбай Жээнбековдун эмес, анын тегерегиндегилердин кызыкчылыгындагы нерсе. Бабанов менен тирешүүнүн эмне кереги бар? Кимдин кызыкчылыгы бар? Уруна турган тоо жокпу? Бийликке душман жетпей жатабы? Коомдук пикирди да, оппозицияны да, баарын «Форумдун» тегерегине түртүп беришибиз керекпи? НТС телеканалын, «Кыргызстан» банкы боюнча жагдайды карап көргүлө. Шарипа Садыбакасова «Ак жол» партиясынан депутат болуп турганда аягына чыкпаган иш азыр чыгат бекен? Миң эсе аныкы туура болгон күндө да кылмыш иштеринин мөөнөтү деген бар да. Эгер ошондой иштер кайра ачыла турган болсо анда миңдеген иштерди кайра ачыш керек болот. Мунун кесепети, жаракаты, көөсү да азыркы бийликке тийип жатат. Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде өтө кыска ойго алдырган, тар кызыкчылыкты көздөгөн кээ бир адамдар жасап жатат. НТС менен «Кыргызстан» банкын козгоону ким ойлоп тапса да, ал кыргыздын душманы. 15 жылдан бери чечилбеген маселе 15 мүнөттө чечилет бекен? Алар бийликти жаманатты кылып жатышат».

Өмүрбек Бабанов соңку президенттик шайлоодо добуштардын саны боюнча экинчи орун алган. Ага эки кылмыш иши ачылган. Биринчиси талапкер кезинде үгүт маалында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу козголгон. Андан кийин УКМК Бабановго «бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн» деген берене менен козголгон экинчи кылмыш ишин тергеп жатканы белгилүү болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө «эл топтоп бийликке кысым көрсөтүү аркылуу маселе чечкиси келгендер жаңылышат» деп эскертти.

Президент: Эч кимге карызым жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:55 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG