Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Бабановду жетелеген үмүт


Саясатчы Өмүрбек Бабанов жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келе турганын билдирди. Бир жылдан бери сыртта жүргөн экс-депутат Бабанов НТС телеканалына интервью берип, президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен себебин, азыркы жана мурдагы бийликтегилерге болгон көз карашын айтып берди.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов буга чейинки жазуу түрүндөгү билдирүүлөрүндө бийликтин талабы менен Кыргызстандан чыгып кеткенин маалымдаган. Бул жолку теле маегинде ошол талаптарга кененирээк токтолду. Анын айтымында, Атамбаев башында турган бийлик үч шарт коюп, ошолор аткарылганда гана Бабановдун тарапташтарына куугунтукту токтотмок.

«“Саясаттан кет, мандат тапшыр, бир жыл Кыргызстанга келбе” деген шарт коюшту. Мен аябай ойлондум. Ал ортодо фракциядагы депутаттарыбызды Икрам Илмияновдун 7-кабаттагы кабинетине чакырып алышып, УКМК, Башкы прокуратуранын жетекчилери “Бабановду фракция жетекчилигинен кетиресиңер”, - деп мага каршы кол топтой башташты. Алар мага байланышка чыгышып, ал жакта болуп жаткан иштер боюнча айтып турушту. Мен муну ушул күнгө чейин эч кимге айткан эмесмин. Түштүк регионунда менин колдоочуларымды болбогон бир шылтоолор менен жумуштан кетирип, милицияга чакырышып, туугандарын иштен алган кыйноолор башталды. Ушундай иштер шайлоодон кийин болот деп мен эч качан күткөн эмесмин», – деди Бабанов.

Өмүрбекова: Бабанов сакайса келет
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:55 0:00

Бабанов өлкөдө шайлоодон кийинки стабилдүүлүктү сактоо үчүн бийликтин шартына макул болгонун, эми бийликтин талабын толук аткарып, жакынкы күндөрү мекенине кайтып келүү ниети бар экенин белгиледи. Саясатчы сыртта жүргөн учурда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен да, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен да сүйлөшүү жүргүзбөгөнүн айтууда. Бирок Кыргызстанга кайтып келген учурда ага карата куугунтуктоо болбойт деп ишенип турат. Ал эми саясатка аралашарын ачык айткан жок.

15-октябрь, 2017-жыл
15-октябрь, 2017-жыл

Бабанов камакта жактан саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровго козголгон иштер саясий негизде болгон деп эсептейт. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев өлкөдө көз карандысыз сот системасын түзө албаганын айтып, бул азыркы бийликтин негизи тапшырмасы экенин айтты.

Орусияда жүргөн “Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келери тууралуу жакындан бери көп айтыла баштады. Анткени акыркы айларда айрым телеканалдарда, социалдык тармактарда Бабановду колдогон маанайдагы ар кандай маалыматтар байма-бай берилип жатат. Ал эми Бабановго санаалаш саясатчылар анын кайтып келүүсү боюнча бийлик менен сүйлөшүү жүрүп жатканын ачык айтышкан.

Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев, 20-октябрь, 2014-жыл
Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев, 20-октябрь, 2014-жыл

9-апрелде Өмүрбек Бабановдун маегине чейин 2015-жылы шайлоого аны менен бирге аттанган саясатчы Камчыбек Ташиев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Бабанов менен эски тандемди кайра жандандырууга даяр экенин айткан.

«Бабановдун келүүгө толук укугу бар. Шайлоодо эмнелер гана айтылбаган. Бабанов президенттик шайлоодон кийин түзүлгөн саясий оор абалды көрүп, эл тынчтыгын кызматтан да өйдө коюп, өлкөдөн чыгып кеткенин баары билет. Анын келишине шарт түзүү керек, коюлган айыптар боюнча өз укугун коргоп, тергөөдө чындыгын далилдешине мүмкүнчүлүк берилиши керек».

Саясатчы Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп чыккан.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина саясатчылардын кырдаалга жараша саясаттан кетип, бирок кайра кайтып келишин мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалайт. Карамушкина Бабанов куугунтуктоолор тууралуу убагында ачык айтып чыкпаганын сындады.

«Артисттер деле дайыма акыркы гастролдорун өткөрүп, коштошуп коюп, кайтып келе беришет. Депутат, саясатчылар деле ошондой. Бул жерде корко турган эч нерсе жок. Ал эми Бабанов ошол кезде чоң фракциянын лидери болгон. Анда эмнеге унчуккан эмес? Депутаттарды Илмиянов чакырып жатса, айтып чыгышпайт беле. Эмнеге эркектер мынча коркок болушат?».

Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш болгон Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келиши саясий чөйрөдө ар кандай пикирлерге жем таштады. Айрымдары шайлоодо экинчи орунду алган саясатчы оппозицияга өтүп, саясий күрөштү улантышы керек эле деген пикирде. Ал эми Бабановдун кадамын колдогондор анын саясаттан убактылуу кетиши өлкөдөгү ар кандай башаламандыктарды алдын-алуу чарасы болгон дешет.

Турат Акимов
Турат Акимов

Саясат талдоочу Турат Акимовдун пикиринде Бабановдун “саясаттан кеттим” дегени менен кайра кайтып келээри айдан ачык болгон. Акимов анын себебин саясатчынын ири бизнестери менен байланыштырды.

- “Бекем туруш керек” деп коюп качып кетип калды. Эми болсо “келем, Кыргызстанды жыргатам” деп жатат. Эми буга анализ кылыш деле кыйын. Чынын айтканда Бабанов өзүнүн бизнес империясын сакташы керек. Эң негизи максаты, тилеги, санаасы ошол болуп турат. Эгер өзү келбесе бара-бара алар иштебей, рейдерликке кабылат деген белги болуп жатса керек. Ал эми саясатка бармайынча бизнесин коргой албайт.

Акимов Бабанов амалкөй саясатчы экенин белгилеп, бардык тобокелчиликтерди эске алып, бийлик менен кандайдыр бир сүйлөшүүгө барды деп эсептейт.

“Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулуп калган. Ошол эле жылы 4-ноябрда «үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган. Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG