Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Депутаттар Бабановдун ишине кызыкты


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Жогорку Кеңеш “Республика - Ата Журт” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштерин 13-декабрда талкуулай турган болду.

Аталган фракциянын депутаты Максат Сабиров УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн маалымат алууну сунуш кылды.

Ушул жуманын башында экс-президент Алмазбек Атамбаев Бабановго козголгон кылмыш иштеринин айрым жагдайларын ачыкка чыгарган жана аларды кыскартуу керек экенин айткан.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров аталган фракциянын мурдагы лидери, соңку президенттик шайлоодо экинчи орун алган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштерине саясий баа берилиши керек деп эсептейт.

Анын пикиринде, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соңку билдирүүсүнөн кийин бул маселе парламентте сөзсүз каралышы абзел:

Максат Сабиров.
Максат Сабиров.

- Бул жерде "саясий куугунтук" деп ачык айтылып жатат. Ошондуктан биз муну, Башкы прокуратура, УКМК козгогон кылмыш иштерин Жогорку Кеңештен карап коюшубуз керек. Ал көчөдө жүргөн бала эмес. Эмнеси болсо да президенттик шайлоодо 500 миңден ашык добуш алган, экинчи болуп келген. Шайлоочулардын 33 пайыз добушун алуу абдан чоң ийгилик. Парламенттин ушундай нерселерди карабай койгону туура эмес деп ойлойм. Ушундай сөздөр айтылбай калса бир жөн, азыр экс-президент өзү мойнуна алып жатат. Бабановго кылмыш иши саясий өңүттө ачылган. Биз ушул иштердин аягына чыгышыбыз зарыл. "Кандайча, эмне себептен козголгон, саясий куугунтук" деген сөздөрдү айтышыбыз керек. Ал шайлоонун жыйынтыгын тааныды, элдин тынчтыгы үчүн депутаттык мандатын тапшырып кетти. Көбү ал "коркуп качып кетти" дегендей сөздөрдү айтып жатат. Бул андай эмес, бул анын адамдык касиети. Эгер жаман ою болсо, бир жыл ичинде ызы-чуу чыгармак да. Андай кадамга барбай, баарына чыдап келе жатпайбы. Ушундай мамилеси үчүн деле ага Кыргызстанга келгенге, элине кызмат кылганга, жардамын көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк берилиши керек.

Максат Сабировдун айтымында, ал Өмүрбек Бабановдун өзү менен азырынча кабарлаша элек, ал эми Кыргызстанга эртеби-кечпи кайтып келет жана муну өзү чечет.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишине байланыштуу айрым жагдайларды ачыкка чыгарган. Ага ылайык, ошол кездеги эски-жаңы бийлик Бабановдун иштерин жабуу тууралуу макулдашканын ырастаган:

- Жаңы президент Сооронбай Жээнбековго "Бабанов мына мындай кадамдарга барып жатат, депутаттыктан кетти. Экспертизалар бар. Бул ишти жабыш керек" деп айткам. Анан ал киши да макул болгон. Президент болбосом да бир-эки ай өткөндөн кийин февралда ошол кездеги башкы прокурорду, УКМКнын төрагасы Сегизбаевди чакырып: "Ушундай сөз болбоду беле? Бабановдун иши жабылыш керек эле го, эмне болуп атат?" деп сурагам. Бирок буйруктарды башка президент берип калган да. Мартта Руслан Казакбаев келген. Ал "Экспертизалардын жыйынтыгы чыкты. Канатбек Исаев боюнча иште Бабановдун тиешеси жок, бул кандай?" деп сурады. Анан Казакбаевдин көзүнчө Абдил Сегизбаевге телефон чалдым. Ага: "Сөз болбоду беле? Экспертизалар деле чыгыптыр, Бабановдун тиешеси жок экен. Иш жабылышы керек эле да?" деп айттым. Ал киши? «Байке, кичине созулуп атат», деди. Анан мен жок дегенде Русланды кабыл алышын сурандым. Чындыгында Бабановдун иштери жабылышы керек. Чынында Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуш үчүн бир аракет кылдыбы? Менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип, алданып калды, ачыгын айтканда. Ошондуктан мен да өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам.

Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер болгон кезинде өзбек улутундагы жарандар жыш жашаган Он-Адыр айылында шайлоочулар менен жолугушууда “тизелеп жашаганча тике туруп өлгөн артык”, “эч кимден коркпогула” деген мазмундагы сөздөрдү айткан.

Буга байланыштуу былтыр жыл этегинде Башкы прокуратура "конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакырган", "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Бабанов жыл жаңырар алдында саясаттан биротоло кеткенин күтүүсүз жарыялап, депутаттык мандатын тапшырып чет өлкөгө чыгып кеткен жана бул кадамын "мындай кырдаалдагы жападан-жалгыз туура чечим" деп атаган.

Быйыл март айында УКМК Өмүрбек Бабановго "бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген берене менен козголгон экинчи кылмыш ишин тергеп жатканы белгилүү болгон.

Бабановдун үгүт маалындагы сөзүн талдаш үчүн эксперттик топ түзүлгөн. Бул топ "Бабанов улут аралык кастыкка чакырган эмес” деген корутунду чыгарган. Кийинчерээк эксперттер тобунун айрым мүчөлөрүн УКМК суракка алганы ачыкка чыккан.

Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, "саясий өңүттө козголду" деген бардык кылмыш иштери боюнча атайын кызмат менен прокуратура органдарынын аркетине укуктук баа берилиши керек.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Мен башында эле "Оштогу Он-Адырда сүйлөгөн сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу жок" деп айткам. Булар бурмалап туруп бир экспертиза өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгына макул болбогон экспертизанын жетекчисин кызматтан бошотуп, жасалма экспертиза жасалган. Бул катардагы саясий буюртма болгон. Ошондуктан азыр эми "Атамбаев айтты" дебей эле калыстык менен кайра каралып чыгышы керек. Бул жерде Атамбаевдин аралашканынын белгиси чыгып жатат. Бабановдун келер-келбеси өз ыктыяры, аны эч ким "кет" деп кыстаган эмес. Өзү "саясаттан биротоло кетем, бизнес кылам" деп айткан. Мына, Өмүрбек Текебаев эч кайда качкан жок, Садыр Жапаров кайра келди. Бул убагында жаман нерсенин белгиси болгон. Ошол кездеги президенттин, бийликтин, УКМКнын жана Башкы прокуратуранын ишине баа берсе болот. Жалаң эле Бабанов боюнча эмес, канчалаган кылмыш иши козголсо, ошонун баарына баа берилиши керек. Ошондуктан Бабанов же Текебаев деп эле айтканыбыз туура эмес, - деди Исхак Масалиев.

КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев Өмүрбек Бабановго байланыштуу бардык чечимдер мыйзам чегинде кабыл алынышы керек экенин айтты:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

- Соңку президенттик шайлоодон бери бир жыл, эки ай убакыт өттү. Ошол кезде козголгон кылмыш иштери бүгүнкү күнгө чейин тергелип жатат. Биз укуктук өлкөбүз. Мунун баары мыйзам чегинде каралышы, мыйзам чегинде чечим кабыл алынышы керек. Эгер ага кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз болсо, анда ошол кылмыш иштерин козгогондор жооп бериши абзел. Эгер негиздүү кылмыш иши козголсо, анда буга адилеттүү чечимди сот гана чыгара алат.

Ушул тушта чет өлкөдө жүргөн Өмүрбек Бабанов буга чейин кайсы бир саясий-коомдук окуяларга байланыштуу пикирин социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу билдирип келген. Өзүнүн айланасындагы соңку жагдай тууралуу азырынча үн ката элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG