Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Президент опузадан майнап чыкпасын эскертти


Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште сөз сүйлөдү.

Анда ал өлкөнүн ички-тышкы саясатына, социалдык-экономикалык жагдайга токтолду. «Эл топтоп бийликке кысым көрсөтүү аркылуу маселе чечкиси келгендер жаңылышат» деп эскертти Жээнбеков.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев апрель окуяларын эскерүү күнүндө эки айдан кийин бийликке каршы чоң митинг өткөрүүгө убада берген эле. Президент былтыр июнь айында парламентке алгач ирет кайрылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул жолу парламентте 45 мүнөт сүйлөдү. Негизинен ал былтыр июнь айында парламенттеги алгачкы билдирүүсүнөн кийин аткарылган иштерди тизмектеп, бир катар убадаларды берди:

«Ички саясаттын негизги багыты катары коомдун ынтымагын, элдин биримдигин сактоону көздөдүк. Ар кандай чагымчыл күчтөрдүн иш-аракеттерине чечкиндүү бөгөт коюп, элдин тынч жашоосун камсыз кылыш үчүн зарыл болгон иштерди тынымсыз жүргүздүк. Өлкөдөгү саясий туруктуулук, коомдун биримдиги, улут аралык ынтымак - биздин негизги байлыгыбыз. Ошондуктан коомдун ынтымагын чыӊдоо, коомдук тартипти сактоо маселеси дайыма менин көӊүлүмдүн борборунда болду».

Президент мындан ары алдыдагы иштерди илгерилетүү оңой-олтоң болбой турганын белгиледи. Ал мунун башкы себебин айрым саясий күчтөрдүн каршылыгынан көрөрүн билдирди:

«Эч бир кыйынчылыкка карабай иштей беребиз. Максаттарыбызга жетүү оңой болбойт. Тоскоолдуктар аз эмес. Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда. Уюшкан кылмыштуу кландык мафиянын коррупциялык иштери өлкөгө чоӊ залалын тийгизди, бул коомчулукка белгилүү болуп калды. Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашырыш үчүн актанууга өтүштү. Ар кандай калпты жарыялап, элдин оюн башкага бурушууда. Баары мыйзам алдында бирдей! Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт. «Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым көрсөтүү менен маселе чечем» дегендер жаңылышат. Маселенин баары мыйзам алкагында гана чечилет. «Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам» деп убада берген эмесмин. Мен «элдик президент болом» деп убада бергем. Эл арасынан чыктым, эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам».

Депутаттар президенттин сөзүн түрдүүчө талдап, баалап жатышат. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун пикиринде, президенттин митингдер тууралуу айткандарын саясий атаандаштарын коркутуу аракети катары баалоого болбойт.

«Президент бул сөздү саясий кырдаалга байланыштуу айтты окшойт, - деди Иса Өмүркулов. - Туура айтты, ал эч кимди коркуткан жок. Президент «бийликке басым кылууга жол бербейм» деп жатат. Ар кандай кызыкчылык менен ар кимибиз тоскоолдук кылып, бүлүк салып тескери үгүттөп жатсак, анда мамлекетте тынчтык, туруктуулук болобу? Баарыбыз эле ызылдасак мамлекеттин келечеги жакшы болбойт».

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев болсо коомчулук бул жолу мамлекет башчысынан башкача маани-мазмундагы, конкреттүү саясатчылардын аттары аталган сөздөрдү күткөнүн айтты:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Коомчулук бүгүнкү күндө ушунчалык саясатташып кеткен. Ошондуктан президенттен «муну камайм, тигини иш ордунан бошотом» деген сыяктуу кайраттуу кадамдарды күтүп жаткан. Коомчулук «президент Өмүрбек Бабановду, Алмазбек Атамбаевди айтат» деп күткөн. Менин жеке пикиримде, ал президенттин деңгээли эмес. Аны, мисалы, башкы прокурор айтышы керек. Бирок коомчулук, биз деле чечкиндүү, тарс-тарс айтыла турган сөздөрдү күткөнбүз».

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков президент өкмөт башчынын ордуна отчет берди деген ойдо болгонун билдирди:

«Азыркы саясий кырдаалга жараша мамлекеттин коопсуздугуна кандайдыр бир коркунучтар барбы, жокпу, анын алдын алуу боюнча аракеттер барбы? Ошолор тууралуу айтабы деп ойлогом. Элди ынтымакка чакыруу маанисиндеги сөздөрдү күткөм. Өлкө башчыбыз өкмөт башчынын ордуна отчет берип койгондой болду. Экс-президентке жана Өмүрбек Бабановго жооп бергендей эле болду. Мен андан башка жаңылыкты уга албадым».

Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештеги сөзүнөн ал өкмөттүн ишине жалпысынан ыраазы экени белгилүү болду. Парламентте кийинки убакта өкмөттү таратуу боюнча байма-бай демилге көтөрүлө баштаган эле.

Президент: Эч кимге карызым жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:55 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG